Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

"Алтын сертификат" же аймактагы билим берүүнүн абалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болду.

Алардын 35и Бишкек шаарынан, калган 22си алты облустан катышкан окуучулар. Алдыда бул көрсөткүчкө тестирлөөнүн үчүнчү айлампасынын жыйынтыгы да кошулат.

Жогорку балл алган окуучулар

Быйыл эң жогорку 235 упайды баш калаанын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алды. "Алтын сертификатка" ээ болгон 57 окуучунун арасында Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектептин окуучусу Адилет Адылов да бар.

Ал мектепти 2019-жылы бүтүп, ошол кездеги тестирлөөдө 216 упай алган, бирок бул ийгилигине канааттанбагандыктан, жогорку окуу жайына тапшырган эмес.

Адилет Адылов
Адилет Адылов

"Мурда тапшырганда 216 упай алгам. Ал кезде көп даярдангам. Бул тапшырганда жалпы республикалык тестирлөөгө көп даярданган жокмун. Биринчиден, убактым болбой калды. Экинчиден, Американын SAT деген тести бар, ЖРТнын алдында ошого көп даярдангам. Тапшырып, 221 упай алдым. Мурда тапшырганда ЖРТ татаал болчу. Бирок SAT деген тестке даярдангандан кийин ЖРТ жеңил болуп калды. Анткени ал жакта ЖРТдан оорураак. Негизи экөө окшош, SAT англис тилинде, ЖРТ орус тилинде".

Ал эми Алай районунун Корул айыл аймагындагы Ж.Алимов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Айсулуу Шарипова тестирлөөнүн жыйынтыгында 223 упай алган.

Айсулуунун атасы Жоодарбек Абдрахманов жубайы экөө тең турмуш-шартка байланыштуу жогорку билим албай калган. Эми кызына зор үмүт артып турат.

"Сүйүнүп атабыз, сүйүнүчтө чек жок. Кызым өзү жашынан олимпиадага өтө көп катышып жүргөн. Жалпы республикалык тестирлөөгө карап, IT-адиси болсом деп жүрөт. Мен окубай калдым, келинчегим окубай калды, ушуларды окутсам деген ниетим бар эле. Ошол мүдөөм орундалды".

Жалпы республикалык тестирлөөнүн май айында өткөн 1-2-айлампаларынын жыйынтыгы чыгып, аймактарга жөнөтүлдү. 221ден 235 упайга чейин топтогон 57 бүтүрүүчү "Алтын сертификат" алат.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мектептеринен 35 окуучу жогорку упайга ээ болду. Андан кийин Ош облусунан жети, Ысык-Көл облусунан беш, Чүй облусунан төрт, Баткен облусунан үч, Нарын облусунан эки жана Жалал-Абад облусунан бир окуучу жогорку упай алган. Талас облусунан быйыл бул тизмеге кирген окуучу болгон жок.

61-мектептин окуучулары алдыда

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүгө жооптуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынара Батракеева тестирлөөдө "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болгон окуучулар тууралуу буларды айтты.

Чынара Батракеева
Чынара Батракеева

"Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчтү берген 50 адам "Алтын сертификатка" татыктуу болот. "Алтын сертификат" атайын ал балдарга жогорку окуу жайга өтүп жатканда сынактан тышкары каалаган жогорку окуу жайын, каалаган адистигин тандоого укук берет. Быйыл эң жогорку көрсөткүч 235 упайды түздү. Аны Бишкек шаарынын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алыптыр. "Алтын сертификат" алгандардын ичинен эң төмөнкү көрсөткүч 221 упайды түздү. Бирок июнь айында Бишкек жана Ош шаарларында өткөн тесттин жыйынтыгы менен албетте, бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде алардын арасында 221 упайдан жогору алгандар болсо, алар дагы "Алтын сертификат" алгандардын тизмесине кирет".

"Алтын сертификатка" укук алган 57 окуучунун арасынан 20сын кыздар түзөт, бул 35% болот. Бишкек шаарындагы №61 мектеп-лицейдин 12 окуучусу "Алтын сертификатка" укук алып, мектептер арасында алдыга чыкты.

Бул республика боюнча 57 окуучунун 21% же Бишкек шаарындагы 35 окуучунун 34,29% түзөт. Элүү жети окуучунун тогузу же 15,79% катардагы орто мектептер болсо, калганы гимназиялардын же лицейлердин окуучулары.

Билимди баалоо жана окутуунун усулдары борборунун маалыматы боюнча, тестирлөөгө быйыл жалпысынан 50 миң беш бүтүрүүчү катышкан. Биринчи-экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча негизги тесттин орточо көрсөткүчү 119,8 упай болду. Бул көрсөткүчтөргө 24-25-июнда Бишкек жана Ош шаарларында өткөн үчүнчү айлампанын көрсөткүчү дагы кошулуп, жыйынтыгы өзгөрөт.

"Бир аз убакыт өткөндөн кийин биз министрликке жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен, мисалы 110бу же 105 упай болобу, ошондон канча адам жогору алганын анализдеп, тастыктап, маалымат беребиз. Анан алар жогорку окуу жайларга кабыл алуу үчүн босого ченди чыгарышат.

Бирок азыркы алдын ала маалыматтарды караганда 28 миңден ашууну 110 упайдан жогору алып жатат. Өтө төмөн түшүп кетти же башка деген пикирлерге кошула албайбыз. Негизги тесттин көрсөткүчү азырынча 119,8 упай болуп жатат. Мисалы, былтыркы орточо көрсөткүч 120,5 упай болгон", - деди Чынара Батракеева.

"ЖРТнын жыйынтыгы менен тыянак чыгарууга болбойт"

Учурда орточо упайдын аймактар боюнча көрсөткүчтөрү даяр боло элек, алар күзгө карай бардык маалыматты анализдегенден кийин жарыяланат. Облустар жана райондор боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөр, упайлардын орточо көрсөткүчү, тилдик, гендердик ж.б. категориялары тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз.

Билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков кийинки кездери бүтүрүүчүлөр арасында жалпы республикалык тестирлөөгө өзгөчө маани бербеген тенденция өсүп баратканын айтууда. Буга өз алдынча тил үйрөнүп, чет элдик окуу жайларга тапшырып кеткен окуучулардын көбөйүп жатканы себеп дейт.

Жооданбековдун пикиринде мектептердеги же аймактардагы билим берүүнүн сапатын эң жогорку упай алган окуучунун санына карап эмес, жалпы упайлардын орточо көрсөткүчүнө карап бааласа туура болот.

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

"Өзгөчө өлкөдөгү, аймактардагы чиновниктер, облустук, райондук деңгээлдеги айрым жетекчилер ЖРТнын жыйынтыгы менен тыянак чыгарып, кээ бир учурларда мектептин жетекчилерин, мугалимдерди ушуга карап баалаган учурлар бар. Бул жерде, албетте, мугалимдин дагы, балдардын дагы аракети маанилүү. Бирок бул жерде эң негизги нерсе – балдардын аракети маанилүү болуп калат. Мисалы, жалпы республикалык тестирлөөдө Талас облусунан бир эле бала албай калса, "Таластын баары начар" дегендик эмес. Ошол эле Талас облусунун, Нарын облусунун же Ош облусунун орточо көрсөткүчтөрүн алыш керек. Бир-эки балада сөзсүз түрдө ыктымалдуулуктар көп болот. Эгерде мектептердин, же аймактын орточо көрсөткүчү жогору болсо, бул аймактардагы жалпы билим берүү системасынын жакшырып жаткандыгынын өтө чоң көрсөткүчү болуп саналат".

2021-жылы эң жогорку көрсөткүч 232 упай болсо, 2020-жылы 229 упай болгон. 2021-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 58 окуучу "Алтын сертификат" алган. Упайлардын көрсөткүчү боюнча Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү 34, Ош облусу 4, Ысык-Көл, Талас жана Баткен облустары 3төн, Нарын, Жалал-Абад облустары 2ден жана Чүй облусу бир "Алтын сертификатка" ээ болушкан.

Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Тестирлөөнүн жыйынтыгына карап аларда жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот.

XS
SM
MD
LG