Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

«Окуучунун билими мугалиминен ашып кетпейт»


Билим берүү боюнча адис Маматкалил Разаев.
Билим берүү боюнча адис Маматкалил Разаев.

Эгемендик тушунда Кыргызстан жок дегенде чөлкөмдөгү коңшулары менен атаандашка жарай турган мектептик билим берүү системасын кура алган жок.

Айрым өкмөттүк эмес уюмдар 10-15 жылдан кийин билим берүү системасы кыйрап калышы мүмкүн экенин айтууга өтүштү. Эксперттер бул жагдайдан чыгуунун бир жолу катары мугалимдин социалдык абалын жогорулатууну сунуш кылышууда. Мугалими мыкты болсо окуучу жаңы нерсени билиш үчүн мектепке шашылат, андай болбогон жерде ата-энесинин урушунан корккон үчүн гана бала сабакка келишке мажбур болот.

Билим берүү боюнча эксперт Маматкалил Разаев «Азаттыкта» мугалимдин орду тууралу ой бөлүшүп, эмне үчүн тармакта ыкчам реформа жүрбөй атканын түшүндүрүп, чет элдик үлгүлөрдү жөн эле көчүрүп келүүнүн зыянын айтып берди.

«Азаттык»: - Сапаттуу билим бекер болушу мүмкүнбү?

Разаев: - Оболу жакшы билим деген эмне экенин аныктап алалы – мыкты билим, бекер билим дегенди чечмелей кетели.

Бишкектин көчөсүндө бараткан адамдарды токтотуп, «Жакшы билим деген эмне?» деген суроо узатсак, ага берилген жооптор ар кыл, карама-каршылыктуу чыгат. Менин түшүнүгүмдө мектеп балдарга коркунучу жок, кенен басып ойной турган кызыктуу жер болушу керек. Анан албетте, ал адамдын кийинки жашоосуна керектүү билим, адаттар менен баалуулуктарды бериши абзел.

Эми «бекерге» келели. Негизи бекер эч нерсе жок. Бекер деген нерсе сага асмандан түшүп келбейт, ал үчүн кимдир-бирөөлөр акча төлөйт. Анан мамлекет «бекер билим берем» деп атса - анда элдин мээнетинен жаралган кирешенин бир бөлүгүн билим берүүгө жумшайт экен деп түшүнүш керек. Башкача айтканда бул ишке баарыбыз акча төлөйбүз - салык аркылуу, курулбай калган жолдор аркылуу, дагы башка беренелер менен. Анан ошол үлөштүрүлүп аткан акча Кыргызстанда жакшы билим берүүгө жетеби? Мен аны жетишсиз деп эле айтар элем, жетпейт.

«Азаттык»: - Мамлекет жетекчилери «билим берүүгө бюджеттин чоң бөлүгү жумшалат» дегенди айтканды жакшы көрүшөт. Ал каражаттын негизгиси мугалимдердин айлык маянасына, калган азыраагы башка максаттарга жумшалат. Ушул жагдайды эске алган билим берүү министри жакында ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган буйругун чыгарды. Ошентип мектеп кошумча каражат табуу булагынан ажырады. Антип акча чогултуу менен ата-энелердин кошумчасы дегендин ортосунда ыктуу бир мунасага келчү нерсе барбы?

Разаев: - Өлкө жетекчилери «мамлекеттик бюджеттин кыйласы билим берүүгө жумшалат» дегени туура эле. Бул жагынан биз башкалардан өзгөчө деле эмеспиз, дүйнөдө өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн баарында тең бюджеттин кыйласы, ал түгүл көп бөлүгү билим берүүгө жумшалат. Биздикиндей билим берүүнүн мыкты салттары калыптанган, калкынын 100% жакыны билимдүү өлкөдө, социалдык мамлекет деп жамы дүйнөгө жар салган, милдеттүү түрдө негизги билимди бекер бере турганын ырастаган, жаңы мууну билимге умтулган мамлекетте, албетте, бул тармакка бөлүнчү каражаттар көп болушу абзел. А бирок бөлүнгөн каражатты окуучулардын санына эсептей келсек, маселен, канатташ турган Казакстанга салыштырмалуу көрсөткүч 5 эсе аз экенин, ушу тапта баарысы мактап аткан Финляндиянын көрсөткүчүнөн 30-40 эсе төмөн экенин көрөбүз. Ошол эле учурда бир компьютер же окуу китебинин баасы боюнча биздин глобалдашкан дүйнөдө жагдай жалпысынан бирдей экенин байкайбыз.

Туура баамдагансыз, билим берүүгө бөлүнгөн каражаттын 80% жакыны мугалимдердин айлык маянасына жумшалат, бирок ага карабай алардын маянасы аябай эле төмөн. Ушундай акчага мыкты мугалимдерди тартабыз, алар билим берүүгө өмүрүн арнайт, кесиптик чеберчилигин жогорулатып, мыкты билим берүүдөн башкага башын оорутпайт деп ойлош маңыроолук болор эле.

«Азаттык»: - Мындан келди, окуучулардын ата-энесинин каржылык колдоосу керек дегенди айткыңыз келип турат го?

Разаев: - Бул өзү чиелешкен маселе. Жалаң эле билим берүү тармагы эмес. Совет заманынан бери биз көп нерселерди боло турган нерсе катары кабыл алып калганбыз: бекер билим, милдеттүү чектирүү, акысыз «Тез жардам». Ошол кезде «Тез жардамдын» маалында келе албай калганын, бейтапканаларда керектүү дарылардын жоктугун, башка секторлордо деле ушундай абал түзүлгөнүн көрүп-билип отурабыз. Билим берүүдө деле ошондой. Мамлекет мугалимдерге жарыбаган маяна берип жатат, системанын башка муктаждыктарын эптеп жабууда. Айла жоктон ширетүүчүлөрдү - электроду, тракторчуларды - трактору, ал эми химия сабагын мектепти бүтөр-бүткөнчө бир да эксперименти жок бүткөрүп атабыз, окуу китептеринин үчтөн бири тытылып, жараксыз болуп калганын айтпай эле коёюн.

Анын үстүнө ушу тапта мектеп окуучулары көбөйүүдө, бизге көп мектептер салынышы керек. Бала бакчалар жетишпейт. Билим деңгээлин жакшыртыш, азыркы калыбында кармап туруш үчүн каражатты аянбай көп жумшашыбыз зарыл. Ансыз да арбын акчаны билим тармагына бөлүп аткан өкмөттүн дагы арбын каражат салууга чактысы жетеби? Кийинки жылдардагы экономикалык өсүштүн этият божомолдору айтылып жаткан чакта ушундай суроо коюлушу жөндүүбү? Арийне, өкмөт мындай учурда чыгымдарды азайтуунун жолун издери бышык.

Жетишпеген каражатты кайдан тапса болот? Ушул суроону ата-эне катары мага берсеңиз чыгымдардын бир бөлүгүн алууга даярмын деп айта алам. Анткени бул жерде менин балдарымдын келечеги тууралу кеп болуп атпайбы. Мектептин күндөлүк керектөөсүнө, кароолчуга, оңдоп-түзөөгө, пол жуугуч, бор, глобус, мүмкүн, кошумча окуу куралдарына, ийримдерге жана башкаларга акча чыгарууга даярмын. Мамлекет алдагыдай чыгымдарга каражат бөлө албаса жанымдан чыгарууга макулмун. Ошол эле кезде чогултулган акча эмнеге жумшалып атканы, кандай чыгымдалганы, анан ал акчаны кантип натыйжалуу пайдалануу, сарптоо боюнча ачык талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүм болсо дейм. Менимче, ата-энелердин көбү ушундай пикирде болсо керек. Тилекке каршы, ошондой болбой атпайбы. Иш жүзүндө бир жагында «бекер» деген пил жүгүн мойнуна жүктөп алган мамлекет турат, экинчи тарабында бардык беренелер боюнча чала-чарпыт каржыланган мектеп, кайсы жакка жумшалганы белгисиз, көпчүлүк ата-энелерге түшүнүксүз коомдук башталыштагы фонддор, ата-энелер чогулткан акча турат. Аларга тыюу салышкан, а бирок аларсыз мектептин жашоосу кыйын.

Ар кандай чогултмайга тыюу салып коюудан оңой нерсе жок. А бирок бөлүнгөн акча мектептин негизги муктаждыгына жетпесе, биз болсо балдарыбызга сапаттуу, мыкты билим беришин каалап жатсак, азыркыдан жакшыраак, татаалыраак чечимге келишибиз керек го. Мамлекет баланы тарбиялоодо кимдин ролу кандай экенин, билим берүү процессине акыл-эстүү катышуунун так, түшүнүктүү механизмдерин аныктап, ата-энелер менен ачык айкын бир келишимге келиши керек. Каржылык жагынан колдоо - бул иштин бир эле бөлүгү; эң маанилүү иш - ата-энелердин окуу программаларын талкуулоого, мектепти башкаруунун тигил же бул маселелерин чечүүгө, коопсуз жагдай, класстан сырткаркы иш-чараларга жана башка иштерге аралашып, баарын акылдашып турушуна жетишүү. Каржы ата-эне менен мектептин баланы тарбиялоодогу кызматташтыгынын айныксыз бир бөлүгү болушу абзел. Азыркы кездеги бүдөмүк жагдай, ортолук маселени жаап-жашырып коюу ортодо бири-бирине ишенбестикти, түшүнбөстүктү жаратып, системаны туңгуюкка түрткөндөн башкага жарабайт.

«Азаттык»: - Бардык жерде – айкындуулук…

Разаев: - Кайталап айтайын, акча чогултуу иши туура уюштурулса, эреже-шарты ачык болсо, анын эмнелерге жумшалары жашырылып-жабылбай эсеп-кысабы так болсо көпчүлүк ата-энелер жан деп мектепке жардам беришке даяр. Ошол эле кезде каржылык жагынан көмөк көрсөтүүгө чама-чаркы жетпеген үй-бүлөлөр да бар, мамлекет мына ошондой үй-бүлөлөрдүн керектөөсүн толук каржылоого көңүл бурса жакшы болмок.

«Азаттык»: - Сиз айткан фонддордун ишин жөнгө салууга мамлекеттин катышы зарылбы?

Разаев: - Албетте. Ата-энелердин өздөрү гана уюштуруп ишти башташын туура жол деп эсептебейм. Антип ич ара уюшуу бир жерде натыйжалуу, экинчи жерде начар болушу мүмкүн. Бул иштин багыттоочусу катары мамлекеттин эле болгону жакшы, оюн эрежесин аныктап, бирок «баарын өзүм жасайм» деп чыкпашы керек.

«Азаттык»: - Бизде ушу азыр деле академиялык баарын камтууга ыктаган билим берүүнүн советтик системасын баарынан жогору койгондор бар. Азыркы өнүгүп бараткан дүйнөдө ушундай системанын пайда-зыяны канчалык?

Разаев: - Биздин билим берүү аябай эле академиялык деген пикирге кошулбас элем. Окуучулардын билим деңгээлин текшерчү улуттук борбордун 2017-жылкы соңку изилдөөсү көрсөткөндөй, биздин сегизинчи класстын окуучуларынын теңинен көбү билимдин базалык деңгээлине жете алышпаганын аныктады. Окуган текстти түшүнүү, эсептеп чыгаруу, ошондой эле табигый-илимий предметтерди өздөштүрө электигин көрсөтүшкөн. Кана, академиялык билим? Кереги жок, тажатма маалыматтар толтура, буларды академиялык деп айтышка ооз барбайт.

Калыстык үчүн айтып коюш керек, биз - чоң дүйнөнүн бир бөлүгүбүз. Алдагыдай проблемага туш келген жападан-жалгыз өлкө да эмеспиз. Кийинки он жылдыктар аралыгында дүйнө билимге жетүүнүн айрым проблемаларын чече алды: балдардын 91% башталгыч билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Бул жакшы көрсөткүч. Ага улай окумуштуулар дагы бир проблеманын башын ачышты, аны «Learning Crisis» («Окутуу кризиси») деп коюшат: соңку жылдары окумуштуулар өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү мындай бир мыйзам ченемди - 5-6-класска чейин балдар кайсы бир жаңы ыкмада окушарын, ага карабай окуучулардын билим деңгээли жогорулагандан жогорулап баратканын байкашты. Анан өздөштүрүү жайыраак тартып, орто жана жогорку класстарда балдардын жаңы нерсени өздөштүрүшү мурдагыдай ыкчам жүрбөй калат. Албетте, бир өлкөнүн динамикасы экинчисинен өзгөчөлүү, а бирок жалпы жагдай негизинен бирдей. Ошондон улам окумуштуулар окуучуларга кайсы бир учурда окутулуп аткан сабактар кызыксыз болуп калат деген бүтүмгө келишкен.

Сиз айтып аткан академиялык билим - субъективдүү материя, акыркы акыйкат деген чындыктын өзгөрүлүп турушун эске албай, кайра-кайра кайталатып кандай да болсо мээге куюп коюу аракети гана. Мугалим келип окуучуларга бир нерселерди айтып, окуучуларга кайталатып, анан ошону билим деп атоо усулу эскирген. Азыркы мектеп менен мугалим окуучуну кызыктырууга багытталган, окуучуга болжолдуу траекторияларды берип, анын кызыктуусун аныктап алуу милдетин өзүнө коюшу маанилүү. Жаңы концепциялар пайда болууда. Мисалы геймифика (оюндар аркылуу окутуу), кубулушка негизделген окутуу бар. Кайсы бир нерсени «жаттагыла» деп тапшырма бермей жок, анын ордуна окуучунун чыгармачылык жөндөмүн ойготуу, проблеманы чечүүнүн, андан ырахат алышына, кандайдыр бир натыйжага жетишине шарт түзүү милдети коюлууда. Тилекке каршы, биздин мектеп азырынча булардан алыс.

«Азаттык»: - Бизде 20 жылдан бери эле орто билим берүүнү реформалоо тууралу кеп болуп келатат. Анын жыйынтыгы кандай болгону баарыбызга дайын. Ыкчам жана натыйжалуу реформа жүргүзүүнүн универсалдуу рецепти барбы?

Разаев: - Билим берүү системасында ыкчам чечимдер болбойт. Азыр эмне кылсак, анын жыйынтыгы кийинки 10-20 жылда барып билинет. Азыр биз, мисалы, мындан 20 жыл илгери кабыл алган чечимдердин натыйжасын көрүп жатабыз. Универсалдуу рецепттер жок. Андан да жаманы - кайсы бир жакшы көрүнүп калган моделди биздин кыртышка алып келүү аракетинен, фин же сингапур же корей үлгүсүн көчүрүп келүүдөн өткөн зыян жок. Алардын бири да иштебеси качан эле аныкталган. Ар ким жаңылып-жазып өзүнүн жолун табышы абзел, бирок бул башкаларда, дүйнөдө эмне болуп жатканын эсепке албаш керек деген кеп эмес.

Эмне кылыш керек? Системанын натыйжасын жогорулатып, мугалимдик кесипти көтөрмөлөө зарыл. Мугалим – бул негизгиси. Билим деңгээли эч качан мугалимдин деңгээлинен бийик болбойт. Мектепте акылдуу, жолдуу, кесипкөйлөр, өз ишин, балдарды жанындай жакшы көргөн адамдар иштеши керек. Алар дайым билимин жогорулатып турушу керек, алардын жакшы маянасы болсун, ичте катылган жөндөмүн өркүндөтүүгө, аны ишке салууга мүмкүнчүлүк тузүлсүн. Буга жетиш оор экенин билем, бирок башка жол жок.

«Азаттык»: - Бул эми жогорку билимдин маселеси го. Ал жерде педагогикалык факультеттер «запастык вариант» катары каралат. Ошондон ага кокус абитуриенттер көбүрөөк кирип калат…

Разаев: - Туура, бул эми айласыздан болуп аткан оокат. Базар баарын акырындап жөнгө салат. Бизде педфакультеттерге кимдер келишет? Көбүнесе бюджеттик негиздеги башка факультеттерге өтпөй калгандар. Эгер мугалимдин айлык маянасы жакшы болсо алар эмне кыларын, кызмат тепкичинен кантип көтөрүлөрүн, ал канча убакыт аларын билишсе, анан да бул кесип каржылык, моралдык канааттануу алып келсе эмне үчүн мугалимдикке барышпасын? Мугалимдик - мыкты, мээримдүү кесип! Ушундай болсо педагогикалык окуу жайларына кабыл алуунун сапаты көтөрүлмөк. Андай болбой жатпайбы.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG