Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

АКШ: Иран хуситтерге курал бергенин тана албайт


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 14-декабрь, 2017-жыл.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Вашингтондогу басма сөз жыйынында. 14-декабрь, 2017-жыл.

Иран АКШнын “айныксыз” деген далилдерин четке кагууда. "Жарандык согуш жүрүп жаткан Йемендеги шиит тайпасы болуп эсептелген хусит козголоңчуларын Тегеран курал менен жабдыганына далил" деген маалыматтарды Кошмо Штаттар кечээ жарыялады. АКШнын жарыясын Сауд Аравия менен Израиль колдоду.

Вашингтон аймагындагы аскердик кампада өткөрүлгөн атайын маалымат жыйынында Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли жана аскер өкүлдөрү журналисттерге "Иран Йемендеги хусит козголоңчуларына берген" деген ракеталардын сыныктарын көрсөтүштү.

- Бул кампада Иран куралды мыйзамсыз таратканы боюнча конкреттүү далилдер бар. Алар биздин аймактагы өнөктөштөрүбүзгө түздөн-түз аскердик кол салуунун натыйжасында чогултулган. Менин артымда ошондой кол салуунун бир үлгүсү турат. Бул Йемендеги хусит согушкерлери Сауд Аравияга аткан ракетанын калыбына келтирилген бөлүктөрү. Бул ракеталардын бутасы - Эр-Рияддын күн сайын түмөндөгөн киши өтүүчү жарандык аэропорту болгон, - деди Никки Хейли.

Пентагондун өкүлдөрүнүн айтымында, алар далил катары көргөзгөн курал сыныктарынын үлгүлөрүн АКШга Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары беришкен.

Cаудия билдиргендей, хуситтер анын аймагын карай баллистикалык ракетаны акыркы ирет 30-ноябрда, ага чейин Эр-Риядды карай кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны 4-ноябрда атышкан.

"Саудияны карай баллистикалык ракета атылды" деген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 5-ноябрь, 2017-жыл.
"Саудияны карай баллистикалык ракета атылды" деген учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 5-ноябрь, 2017-жыл.

​Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубеир өткөн айда Йеменде саудиттердин операциясы башталгандан бери хуситтер аларды карай баллистикалык ракеталарды “дээрлик 80 жолу атканына күбө болдук" деп айткан.

Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиден 250 чакырым аралыкта курулуп жаткан атомдук электр станциясын көздөй канаттуу ракета атышканын 3-декабрда хуситтер өздөрү да жарыялашкан. Бул ракеталардын баары бутага жеткирилбестен кулатылган.

Йемендеги үч жылга жакындап калган жарандык согушта Сауд Аравия баштаган коалиция эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет. Тегеран болсо Сауд Аравия менен АКШнын "Иран хуситтерди курал менен жабдыйт" деген дооматтарын четке кагып жүрөт.

Иран колдойт деген хусит согушкерлери Йемен борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча өнөктүк азырынча натыйжа бере элек, бирок өлкө гумнитардык кризиске кабылып, кагылыштардан кеминде 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Ирандын АКШ Йеменден Сауд Аравияга карай атылды деген "QIAM" баллистикалык ракетасынын бөлүгү. 15-декабрь, 2017-жыл.
Ирандын АКШ Йеменден Сауд Аравияга карай атылды деген "QIAM" баллистикалык ракетасынын бөлүгү. 15-декабрь, 2017-жыл.

Ирандын жообу

АКШнын соңку билдирүүсүн Иран тарап “жоопкерчиликсиз, чагымчыл, деструктивдүү” деп атады.

Ирандын Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө: “Бул дооматтар Йемендеги Саудиянын АКШ катышкан согуш кылмыштарын жаап-жашырууну, йемендиктерге каршы багытталган аскердик агрессиядан эл аралык коомчулуктун жана аймактагы өлкөлөрдүн көңүлүн алагды кылууну көздөйт", деп айтылат.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф болсо Твиттердеги баракчасында АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейлинин сөзүнөн улам мурдагы мамлекеттик катчы Коллин Пауэллдин 2003-жылы "бизде Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары боюнча ишенимдүү далилдер бар" деп айткандарын эске салды. Анткени АКШ Иракка басып киргенден кийин анда куралдар табылган эмес.

Сауд Аравия менен Израилдин Вашингтондогу элчиликтери АКШнын жарыясын кубатташты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00
Түз линк

БУУнун иликтөөсү

Йеменден Саудияга атылган ракеталар боюнча Улуттар Уюмунда эки эксперттик топ иликтөө жүргүзгөн, бирок алар бир жаңсыл бүтүмгө келе элек.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча ​2015-жылкы келишимге байланыштуу кабыл алынган БУУнун резолюциясына ылайык, Коопсуздук кеңеши жактырмайынча Тегерандын башка тарапка курал беришине жана сатышына тыюу салынган. БУУнун дагы бир резолюциясы Йемендеги хусит козголоңчуларына да курал берүүгө тыюу салат.

- Алдыдагы күндөрү бир катар өлкөлөр бул материалдарды көрүш үчүн өз делегацияларын жиберет. Айрымдары келип да кетти. Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин баарын, Конгресс мүчөлөрүн да чакырабыз. Бул далилдердин негизинде АКШнын чалгын жамааты бир добуштан "бул курал-жаракты Иран режими берген" деген бүтүмгө келген. Бул далилдер - ошонун бир бөлүгү. Бул далилдерди төгүндөш мүмкүн эмес, - деди АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

“Ассошейтед пресс” агенттигинин маалыматына караганда, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешине купуя баяндама жиберген. Анда Иран 2015-жылкы өзөктүк келишимдин шартын жалпысынан аткарып жатканы кабарланган. Бирок ошону менен катар Ирандын ракеталык ишмердиги ал келишимдин Тегеран үчүн милдеттүү болбогон жобосуна каршы келиши мүмкүн экени да жазылган.

Пентагон Ирандын Йеменден табылды деген "Toophan" танкка каршы ракетасынын бөлүгү. Вашингтон 15-декабрь, 2017-жыл.
Пентагон Ирандын Йеменден табылды деген "Toophan" танкка каршы ракетасынын бөлүгү. Вашингтон 15-декабрь, 2017-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын администрация мүчөлөрү "баллистикалык ракеталарды сыноо аркылуу ошол өзөктүк программа боюнча келишимдин маңызын бузууда" деп Иранды ​күнөөлөп жатышат.

Ушундан улам Трамп быйыл октябрда Конгресске маалымат берүүнүн мөөнөтү келгенде Иран өзөктүк программа боюнча келишимдин жол-жобосун аткарып жатканын ырастаган эмес.

Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге АКШдан тышкары Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия да катышкан. Анда Иран эл аралык санкциялардын жоюлушу үчүн өзөктүк программасын кыскартууга макул болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG