Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Эгемендик пайдубалын түптөгөн бабаларды унутпайбыз


Айрым эгеменчил бабаларыбыз 1991-жылы 30-августта "Ата-Бейит" эскерүү жайында кайрадан арууланып жерге берилген.
Айрым эгеменчил бабаларыбыз 1991-жылы 30-августта "Ата-Бейит" эскерүү жайында кайрадан арууланып жерге берилген.

Быйыл Кыргызстан Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын ар тараптуу белгилөөдө. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн заманбап баскычынын негизин түзгөн бабалар жөнүндөгү совет доорундагы түшүнүк XXI кылымдын башында түп-тамырынан өзгөрдү. Мурда ысымдары советтик цензуранын айынан бөөдө жерден табу болгон далай тарыхый инсандар жаатында эми ачык жана калыс сөз козголууда. Тарыхчынын блогу.

2024-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта биздин заманга чейинки I миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый башаттары жөнүндө да сөз болуп, албетте, көңүл чордонуна XX кылымдын башындагы орчун окуялар коюлган:

“...Мамлекеттик түзүлүш дайыма кыргыз элинин коргоочусу катары болгон. Мамлекеттүүлүктүн калыптанышында жана иштешинде мамлекеттин өзөгү болгон саясий элита маанилүү ролду ойногон. Тарыхтын ар бир этабында мамлекеттик түзүлүштүн түптөөчүлөрү болгон элдин лидерлери чыккан.

ХХ кылымдын башында 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш (Үркүн) учурунда айрым кыргыз лидерлери мамлекеттик түзүлүштү түптөө аракетин көрүшкөн, бирок күчтөр тең болбогондуктан, алар жеңилүүгө дуушар болгон. Үркүндөн кийинки окуялар: 1917-жылдагы Октябрь революциясы, СССРдин калыптанышы жана Борбордук Азияда улуттук бөлүнүү саясаты кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн жаңыча түшүнүүгө түрткү берди. Ушул учурда бул окуяларга күбө болгон жана заманбап мамлекеттик түзүлүш жөнүндө түшүнүгү бар улуттук интеллигенциянын жаңы мууну өсүп жетиле баштаган...”

Албетте, мекенчилдик үчүн маанилүү бул жарлыктын толук текстин блогубузда кайталап отурбайбыз.

Тек баса белгилээрибиз, бул жарлыкта айрым тарыхый инсандардын ысымдары калыс тизмеленип өткөн (алардын арасында жалаң гана кыргыздар эмес, теги татар, орус ж.б. саясатчылар да бар):

“Кыргыз эли үчүн татаал жол болгон жаңы мамлекеттүүлүктү калыптандырууга И.Айдарбеков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, И.Арабаев, Т.Токбаев, К.Тыныстанов, Т.Айтматов, Э.Эсенаманов, Т.Жанузаков, Б.Исакеев, Т.Жолдошев, Д.Зульфибаев, Д.Иманов, К.Тельтаев, Т.Худайбергенов, К.Шоруков, С.Чонбашев, М.Янгулатов, В.Н.Дублицкий, М.Ботбаев, Б.Данияров сыяктуу жана башка улуттук интеллигенциянын алдынкы бөлүгү, кыргыз элинин мыкты уулдары зор салым кошту...”

Мында эскерилген далай бабаларыбыздын ысымдарын 1930–1988-жылдар аралыгында советтик Кыргызстандагы саясий жана илимий адабияттан күндүз да чырак жандырып издеп таба алчу эмеспиз, анткени алардын басымдуу бөлүгү сталиндик репрессияга гана кабылбастан, алардын ысымдары атайылап саясий тарыхтан да өчүрүлүп келген.

Дал ошондуктан бул бабалардын ысымдарынын аттын кашкасындай даана жазылып эскерилгендиги – 1991-жылы жетишилген мамлекеттик эгемендигибиздин, постсоветтик демократиянын, идеологиялык көп түрдүүлүктүн нагыз мөмөсү.

Бул ысымдардын ичинен Төрөкул Жанузаков (1893–1921) өзгөчө сөз кылууга арзыган инсан. Ал жөнүндө жылуу жана калыс сөз постсоветтик кыргыз адабиятында XXI кылымдын башынан тартып гана айтыла баштагандыгын эске алуубуз зарыл.

Анын тагдырына кылчаюу советтик кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөш 1921-жылдан да мурдараак башталгандыгына ишаара кылып турат.

Кыргыз саясий элитасынын (каймагынын) бараандуу өкүлү Төрөкул Жанузаков 1920-жылы (ошол жылы күзүндө болшевиктер тарабынан камакка алынаарында басмачылар тарабына өтүп кеткенге чейин) Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин (б.а. советтик Түркстандын парламентинин) төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Демек, ал 1920-жылы эле кыргыз автономиясын куруу тууралуу сөз кылган эң жогорку деңгээлдеги кызматты ээлеген кыргыз саясатчысы болгон.

Ал эми тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиевдин маалымдашынча, 1920-жылдын башында Ысык-Көлдө жердеп калган келгин орустар кыргыз автономиясы идеясын көтөргөн ысык-көлдүк эки кыргызды Байсоорун жергесинде (мурдагы Сазановка, б.а. азыркы Ананьев кыштагынын жанында) өлтүрүп салышкан.

Бул маалыматты 1920-жылы май айында кыргыз агартуучулары биргелешип Владимир Ленинге жолдогон каттан учуратабыз: “...Кызыл Армиянын жетекчилери кыргыздардын эң акылдуу жана кадыр-барктуу кишилерин өлтүрүп жатышты... 1920-жылы Пржевальск үйөзүнүн Байсоорун деген жеринде эки кыргызды автономия алууну самап жатышат деп өлтүрүп салышкан”. (“...Главари Красной Армии убивали у киргиз самых умных и почетных людей... В 1920 году в местности Байсауруне Пржевальского уезда убили двух киргизов, говоря, что они желают получить автономию.”).

(В.Ленинге жана көчүрмөсү Г.Бройдого даректелген 1920-жылдагы бул катка даңазалуу агартуучу, мурдагы “алашчы” Эшенаалы Арабай уулу, жазгыч акын Ысак Шайбек уулу, ошондой эле Шабдан баатырдын уулу Исамүдүн, Атахан Тезекбаев, Дөөткул Шыгаев, Жунус Байжанов, Султангазы Исраилов (Сраилов), Кашымбек Түмөнбаев, Гайбылда Алматаев жана теги дунган Лагир Янсанчин – жалпысынан он киши кол койгон).

Владимир Шварц менен Асел Даниярова. 07.11.2014.
1916-жылкы эгеменчил көтөрүлүш тарыхын изилдөөчү жубайлар Владимир Шварц менен Асел Даниярова. 07.11.2014.

Мээнеткеч изилдөөчүлөр Асел Даниярова менен анын жаншериги Владимир Шварц бул каттын түп нускасын орусиялык архивден таап, 2017-жылы жарыялашты. (Булак: Орусия мамлекеттик коомдук-саясий тарых архиви / Российский государственный архив социально-политической истории, архивдик көрсөткүч: РГАСПИ Ф.2, Оп. 1 Д. 14 118, Л. 1–7).

Бул сыяктуу ар кыл далилдер кыргыздар мамлекеттүүлүк жана советтик автономия үчүн күрөштү 1921-жылга чейин эле жүргүзүп келишкендиктерин тастыктайт.

Коңшу Өзбекстанда азыркы тапта 1918–1942-жылдардагы эгеменчилер кыймылы (советтик адабияттагы "басмачылык кыймылы") жаңыча, ар тараптуу, калыс изилдене башталды. Кыргызстанда да бул жаатта саамалыктар жок эмес.

Албетте, президенттик жарлыкка баары-жоктун баары батышы эч мүмкүн эмес.

Байыркы доордо, орто кылымдарда, XVIII – XIX кылымдарда жашаган эгеменчил ата-бабаларыбыз, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында эгемен Кыргыз хандыгын калыбына келтирүү аракеттерин жасаган Канаат хан Ыбыке уулу сыяктуу бабаларыбыз дагы, ошондой эле 1917-жылдан тартып Түркстан автономиясын жана Алаш Ордо автономиясын түзүү аркылуу түрк элдеринин көп этностуу жана демократиялуу мамлекетин түзүү далаалаттарына катышкан кыргыз айдыңдары дагы, тээ 1970-жылдары эле “Кыргызстан – Советтер Биримдигининен ыктыярдуу чыгып кетүүгө конституциялык укугу бар жумурият”, деген илимий жобосу үчүн жазыксыз жерден куугунтукталган укук илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Нурбеков, өтмүштөгү эгемен доорлорду эстутумда сактоого чакырган Василий Бартольд, Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов, Александр Бернштам, Бегималы Жамгырчинов, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев, Анварбек Хасанов, Анвар Байтур, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Төлөгөн Касымбеков, Сабыр Аттокуров, көзү тирүү профессор Ю Тайшан сыяктуу айдыңдар, айтылуу КДКчылар сыяктуу кийинки аталарыбыз жана энелерибиз дагы заманбап эгемен мамлекетибиздин негизин түптөөгө жана, ошондой эле, эгемендик доорлорун улуттук эстутумга кайтарууга ар кыл салым кошкон тарыхый инсандар катары сый-урматка татышы керек.

Эми бул тарыхый инсандар жөнүндө жаш муундар татыктуу кабардар болуп, мекенчилдик жаатында терең билим алышы үчүн Кыргызстандын тарыхынын ар кыл өңүттөрүн бала бакчалардан, орто мектептерден тартып, университеттик керегелерге чейин заманбап мултимедиа ыкмаларын колдонуу аркылуу баяндоо жагын системалуу жүзөгө ашыруу абзел.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG