Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

"Индияга йога үчүн барган". Ээн мейманканада каза тапкан Айпери


Индия.
Индия.

Индияда каза болгон 32 жаштагы кыргызстандык келиндин жакындары бул өлүмдө сырдуу жагдайлар барын айтышууда. Жергиликтүү полиция саякаттап келген Айпери өз жанын кыйганын билдирген. 

Эки уулдун 32 жаштагы энеси Айперинин сөөгү Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманканалардын биринен 5-январда табылган. Полициянын маалыматында келин кондиционердин шнуруна муунуп алган. Бирок жакындары ал киши колдуу болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Айперинин жолдошу Саламат (аты өзгөртүлдү) "Азаттыкка" маркумда жанынан аша кечкенге себеп болбогонун айтууда.

"Айпери киши колдуу болду, ал өзүнө өзү кол салбайт болчу. Индияга кеткенден бери күн алыс телефон чалып, балдарга билдирүү жиберип, "Силерди сагындым, баарыңарга белек камдап койдум, жакында барам" деп айтчу. Айпери бул жолу жаңы жылды чет жерде тосту, мен балдарым менен Бишкекте калгам. Индияга барам дегенде каршы чыккан эмесмин, себеби ал медитацияга ыктап, сүрөт тартып, йоганы сүйүп жүргөн. Айперинин сөөгүн көргөн кайненем да "өз жанын кыйган эмес" деп жатат. Апамдын айтымында, асынып алган адамдын бети көгөрүп кетет экен, Айперинин колу-бутунда так, тытылган жерлер бар. Туугандар арасында бир да киши интернеттен ачып, Ришикеш деген кандай жер, коопсуз эмеспи деп карабаптырбыз. Азыр эми кайгырып, көп нерсеге өкүнүп калдык".

Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Айперинин сөөгүн Алматыга 7-январда жөнөтүп, 8-январга караган түнү Бишкекке жеткирилген.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Айперинин өлүмү боюнча полиция кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Элчилик аймакта орнотулган бардык көзөмөл камераларына жазылган видеолорду алуу өтүнүчү менен Индиянын укук коргоо органдарына расмий кайрылуу жиберген.

"Бизге иш козголгону тууралуу маалымат келди. Элчилик Ришикеш полициясына, Тышкы иштер министрлигине өз суроолорун жөнөттү, тергөө аяктагандан кийин анын жыйынтыгы менен тааныштыргыла деп жатабыз. Маселен, биздин жарандын бул өлкөдөгү өлүмү табышмактуу болууда. Андан тышкары, анын жанында болгон үч таанышы (кыздар) менен сүйлөштүк, туугандары менен байланыштырдык. 11-январда Айперинин жеке буюмдарын Кыргызстандагы жакындарына өткөрүп бердик. Окуяга көз салып турабыз. Экспертиза болгон, анын жыйынтыгын да күтүүдөбүз", - деди Аскар Бешимов.


Айперинин өлүмүнө байланыштуу жакындары Кыргызстандын Ички иштер министрлигине да арыз менен кайрылган. Алар маркумдун чөнтөк телефону жоголгонун айтышууда.

"11-январь күнү чемоданы келди. Табышмактуусу телефону жок экен. Денеси тытылган, көгала. Телефону жоголуп кеткени да биз үчүн табышмактуу болуп жатат. Балким жергиликтүүлөр кол салгандыр, буга Индиянын атайы органдары да кайдыгер карап койгону бизди таң калтырды. Ушундай окуя болуп кетет деп күткөн эмеспиз. Бул туристтик программа менен канча кыргызстандык Индияга барганын билбейм, бирок Айперинин жанында мекендештерибиз да болгон. Интернетте үй-бүлөлүк маселелери бар болчу, кайгырып жүргөн деп ар кандай жаңылыш маалыматтар тарап жатат. Чынында андай эмес, катардагы үй-бүлөлөрдөй эле бизде да пикир келишпестиктер, майда-барат нааразылыктар болуп турчу. Бирок айла таппай калгыдай жагдай жаралган эмес", - деди келиндин күйөөсү.

"Индияга медитация, йога үчүн барган"

Ришикеш Индиянын борбору Делиден 350 чакырым алыстыкта жайгашкан. Йоганын чордону аталган жерге баргандар индуизмдеги рухий өнүгүүнүн төрт баскычынын бири болгон Ашрам мектебинде эки жума таалим алып, андан кийин өзү тандаган мейманканага чыгып кетет.

Медитация, йога жана сүрөт тартууну сүйгөн 32 жаштагы Айпери 12-декабрда Индияга турист катары барган. Айпери Кыргызстанга 5-январда учуп келмек, ал үчүн учакка билет да алынып, даярдалган.

Саламаттын айтымында, келинчеги эки апталык медитация аяктап калганда байланышка чыкпай калган.


"1-январда телефон чалышып, сүйлөшкөнбүз, балдар менен да баарлашкан, маанайы жакшы болчу. Андан кийин эле байланыша албай калдык. Балким медитация кылып жатат же учакка түшүп, убактысы туура келбей калды деп боолгодум, жаман ойлогон жокмун. Бирок 5-январда туугандарыбыз телефон чалып, Айпери каза болгонун угузушту".

Айперинин сөөгү өмүрүнүн соңку үч күнүн өткөргөн Holiday Home конок үйүнөн эмес, киши кабыл албай ээн калган Raj Resort мейманканасынын кампасынан табылган. Бул жагдай да жакындарын түйшөлтүүдө.


"Ришикеш шаарына барганда ал эки жума алдын ала сүйлөшүлгөн мейманканада болгон. Медитация бүткөндөн кийин экинчи мейманканада үч күн жашаган, кийим-кечеси ошо жерде болгон. Суроо жараткан жагдай - Айперинин кондиционердин шнуруна асылган денеси 5-январда такыр башка мейманканадан табылыптыр. Ал жер ээн экен, кызматкерлерден башка киши кабыл албаганын айтышты. Айпери ал жакка кандайча барып калганы таңкалычтуу. Ошондуктан укук коргоо органдары дыкат иликтеп чыгат деген үмүт бар. Тегерек-четтеги байкоо камераларынын видеосун бергиле деп консулдуктан суранып жатабыз. Биз баарын териштиришибиз керек".

"Айперинин артында эки уулу калды"

Айпери Бишкекте жеке ишкерлик менен алектенген. Анын артында алты жана тогуз жаштагы эки уулу калды.

Келинди жакындан тааныган Вероника курбусу жашоону сүйгөнүн эскерип отурду.

"Индияга барары тууралуу сүйлөшкөнбүз, ошол учурда абдан бактылуу болчу. Жаркырап жүрүп, жашоону өзгөчө сүйчү. Элден айырмаланып жашаган, чынчыл, мээримдүү жана камкор адам эле. Ал өзүн өзү өлтүрмөк эмес, мен муну жакын адамы катары так билем".

Учурда Айперинин өлүмү боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да териштирүү жүргүзүп жатат.

Бул кыргызстандык кыз-келиндер Индияда табышмактуу жагдайда каза болгон биринчи окуя эмес. 2021-жылы 21-сентябрда Нью-Дели шаарындагы Калькаджи районунда 27 жаштагы кыргызстандык Мыскал Жумабаеванын жана анын уулунун сөөгү табылган. Маркум каза болгонго чейин курбусунун үйүнө барган. Полиция окуя боюнча маркумдун күйөөсүн, курбусун жана анын жигитин суракка алганын билдирген. Келиндин жакындары кылмышка шектүүлөрдү табууга жана аларды жазага тартууга көмөктөшүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG