Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Грузияда аялдарды кошкон партия колдоо табат


Грузия парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе.
Грузия парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзе.

Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30% аялдарга берүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Бул тууралуу грузин парламентинин экс-төрайымы Нино Буржанадзе «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Грузия парламентинин экс-төрайымы Нино Буржанадзе (2001-2008-жж.) аялдардын жергиликтүү жана парламентте көп болушун колдой тургандыгын айтты. Бирок ал аялдарды тизмеге квотаны толтуруш үчүн эмес, саясий жана кесиптик тажрыйбасына карап кошуш керек деп эсептейт.

«Азаттык»: - Буржанадзе айым, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30 пайызын аялдарга берүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатат. Долбоор жакында парламенттин сессиясында каралат. Парламентаризм жолун тандаган мамлекет үчүн бул мыйзам канчалык маанилүү?

Нино Буржанадзе: - Мен парламентте аялдардын көп болушуна шарт түзгөн кандай гана кадам ташталбасын, аны колдойм. Анткен менен медалдын эки тарабы болорун унутпашыбыз керек.

Бир чети квотанын так, 30% деп аныкталганы аялдарга парламентте көп санда жана жигердүү болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, кээде бул талап да кыйынчылык жаратат. Себеби, партиялардын баары эле квотаны сакташ үчүн парламентке мүчө болгусу келген татыктуу аялдарды таба албайт.

Бул суроого аябай кылдат караш керек. Кандай гана болбосун партиянын тизмесин түзүп жатканда ал жакта аял болгону үчүн гана эмес, алардын саясий жана кесиптик тажрыйбасына, канчалык парламентаризмдин талаптарына шайкеш келерине карап киргизүү зарыл. Квота маселеси тескери жыйынтыкка алып келбеши үчүн бул абдан маанилүү деп эсептейм. Эгер аялдар парламенттин ишинде жандуу болушпаса, албетте, алардын отурганынын өзү сынга алынат. Бирок мен силердин өлкөдө парламентте өзүн мыкты көрсөтө алган билимдүү, жигердүү аялдар көп экенине ишенем жана аларга ийгилик каалайм.

«Азаттык»: - Грузия парламентинде да гендердик квота маселеси көтөрүлүп, айрымдар партия тизмесиндеги ар бир экинчи адам аял болушун талап кылып чыкканы белгилүү. Бул маселени грузиндер кандай чечишти?

Нино Буржанадзе: - Бизде бир аз башкача жолду тандап алышкан. Анткени бизде партиянын тизмесиндегилердин 30 пайызы аял болушу керек деген сыяктуу так аныктама жок, бирок каржылык колдоо сыяктуу норма бар.

Балким бул силердин өлкө үчүн ылайыктуу болоор. Бизде мыйзамдарга ылайык, эгер партия өз тизмесинин 30% аялдарга берсе, бюжеттен кошумча каражат алат. Бул эми партиянын лидеринен көз каранды. Эгер анын партиясында татыктуу аялдар көп болсо, албетте, аларды тизмеге кошуп, өкмөттөн каржылык колдоо алса болот. Бирок эми бардык жагынан тетик саясатчы каржылык бонус үчүн өз тизмесине эптеп эле аялдарды кошпойт. Ошол себептен ушул вариантты деле карап көрсө болот.

Аял депутаттарды колдойсузбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG