Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Иранда илимпозго "жоолук" чулгашты


Түбү тегерандык Мариам Мирзахани Филдс сыйлыгын алганда Иран гезиттери анын сүрөтүн жоолук чаптап чыгарышты.
Түбү тегерандык Мариам Мирзахани Филдс сыйлыгын алганда Иран гезиттери анын сүрөтүн жоолук чаптап чыгарышты.

Өткөн жумада аялзатын куттуктоочу зор окуя болду. Математиктер дүйнөсүндө эң кадырлуу саналган сыйлык – Филдс медалы биринчи жолу аялга ыйгарылды.

Ал теги ирандык, 37 жаштагы Мариам Мирзахани. 1936-жылы негизделген сыйлыкты буга чейин 52 эркек алган. Филдс сыйлыгынын лауреатына таза алтындан жасалган медал жана 15 миң Канада доллары төрт жылда бир ирет үч же төрт математикке берилет. Анысына карабай, илимий чөйрөдө аны Нобел сыйлыгы менен салыштырышат.

Филдс медалы кээ бир саясий сыйлыктардай Мариам Мирзахани аял же Тегеранда туулганы үчүн эмес, анын формасыз мейкиндиктин аянтын же Риман бетин жана анын модулдарынын теориясын изилдөөдөгү (эсептөөдөгү) табылгалары үчүн берилгени менен өзгөчө.

Мирзахани чындап таланттуу окумуштуу болбосо, Принстон университети профессор наамын ыйгармак да, Кембриждеги (Массачусетс штаты, АКШ) Лэндон Клэй атындагы математикалык институтта иштемек да, атактуу Гарвард университетинде докторлук жактамак да эмес. Бул эл аралык өлчөмдөн алганда, өтө мыкты жана чагылгандай тез жетишилген ийгилик.

Мариам Тегеранда кыздар мектебинде окуп жүргөндө эки жолу Эл аралык математикалык олимпиадада: 1994-жылы Гонконгдо (мүмкүн болгон 42 баллдан 41 балл алган) жана 1995-жылы Торонтодо (42 баллды толук алган) алтын медал жеңген. Курбусу Рое Бехешти Гонконгдогу олимпиадада 35 балл алып, күмүш медал менен сыйланган. Рое айым азыр Сент-Луистеги Вашингтон университетинин профессору.

Математик Мариам Мирзахани Ирандан Батышка кеткен.
Математик Мариам Мирзахани Ирандан Батышка кеткен.

Бир мектепте окуган бул эки кыздын (азыр профессор) сөздөрү жана ийгилиги эгер мугалимдер ишине жан-оту менен берилген адамдар болсо, балдарга илимдин кызыктуу дүйнөсүнө жол ачарын күбөлөйт.

Профессор Мариамдын ийгилиги Иранга жана ал окуп бүткөн Тегерандын Шариф университетине чоң сыймык. Бирок өздөрүн өлкөнү бийлеп-тескеген консервативдүү диниятчыларга башына жоолук салынбаган илимпоздун сүрөтү жага бербеди. Ошон үчүн алардын көрсөтмөсүнө ылайык, маалымат каражаттары “адептүү” кылып көрсөтүү үчүн үй-бүлөлүү илимпоз келиндин сүрөтүн басканда, башына жоолук чулгап, көркөмдөп жатышты. Ырас, президент Хасан Роухани Твиттердеги микроблогунда математикти турмушта болгондой башында жоолугу жок сүрөтүн чыгарып, “ыйман сакчыларын” чууга салды.

Мындайда сакалдуу баштары менен өз букараларын алдаган молдокелерден “жарандын эркиндиги өйдөбү” же элди тескөө үчүн орнотулган адеп-ахлак нормаларыбы деген суроо жаралат. Мариам Мирзахани, Рое Бехешти “тигиндей баспа, мындай кийинбе” дегенден тажап, эркин жан көңүлүндөгүдөй жашоону тандап алышканы шексиз. Андай чектөөлөр болбосо, алардын эмгектери бүгүн өз мекенинде пайдаланылбайт беле дегенден башка эмне дейсиң?!

Мариам Мирзаханинин ийгилиги, албетте, аялдардын математикалык жөндөмү эркектерге караганда төмөн дегенди түшүндүрбөйт. Жөн гана аялдар башка кесиптерге артыкчылык бергенин көрсөткөн изилдөөлөр. Ошол эле кезде соңку изилдөөлөргө карасак, аялдарга илимге караганда саясатта карьера жасоо жеңил экен. Мисалы, 2014-жылы Швеция өкмөтүндөгү 24 министрдин жарымынан көбү аял болсо, Францияда 31 министрдин 40% көбү, Чилиде 23 министрдин жана Германияда 16 министрдин 40% жакыны, Руандада 31 министрдин жана Колумбияда 16 министрдин үчтөн бири, АКШда 23 министрдин, Британияда 34 министрдин жана Аргентинада 17 министрдин төрттөн бири, Индияда 45 министрдин 16% аял, Жапонияда 19 министрдин экөө аял экен. (Караңыз: The Economist. August 9th 2014).

Кыргызстандын мисалынан да эл аралык илимий чөйрө тааныган илимпоз же жазуучу болуу парламентке мүчө же министрликке жетүүдөн алда канча кыйын экенин көрөсүз. Ал эми Мариам Мирзаханин эл аралык Филдс сыйлыгын жеңүү шансы, теориялык жактан алганда, 2 250 000 000 000 000ге барабар болгон. Мындай аялга суктанып, алдында тизе бүгүп таазим этпегенде анан!

XS
SM
MD
LG