Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

«Сорос Кыргызстан» фондун каралоо башталды


Пандемия курчуп турганда «Сорос Кыргызстан»  фонду 1 миллион доллардык грант өлкөгө тарткан
Пандемия курчуп турганда «Сорос Кыргызстан»  фонду 1 миллион доллардык грант өлкөгө тарткан

Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барган «Сорос Кыргызстан» фондунун ишмердүүлүгүн «Антитеррор» коомдук уюму айыптап, фонд салык төлөбөй, гранттарды туура эмес таратып, өлкөнүн ички саясатына аралашып жатканын айтып чыгышты. Фонддун жетекчилиги коюлган айыптарды четке кагууда.

«Антитеррор» аттуу коомдук бирикменин мүчөлөрү Ильдар Биккенин, Роман Ремнев, Александр Толмачев 1-октябрда басма сөз жыйынын уюштуруп, «Сорос Кыргызстан» фондунун ишмердүүлүгүнө доомат коюшту.

Активисттер бийлик жана күч түзүмдөрүнөн эл аралык уюмдун ишмердүүлүгүн иликтөөнү талап кылышууда.

Алардын бири Ильдар Биккенин «Сорос» фондуна мынча көп багыттагы ишмердүүлүктүн эмне кереги бар деген пикирде.

«Улам эле жаңы багытта гранттарды бере бергендиктен, албетте мыйзам ченемдүү суроо жаралат да. Ушундан улам бул фонд өлкөдө көпчүлүк ойлогондой кайрымдуулук иштерин бир топтон бери аткарбай, инвестициялык ишмердүүлүк менен алектенгенин көрүүгө болот. Кайсы тармакка каражат салып жатат? Коомдук-саясий түзүмдөрдү каржылап жатпайбы. Жылдан жылга фонд өлкөдөгү коомдук пикирге, маданиятка, укуктук тармак менен ал тургай саясатка таасир этип жатат».

Биккенин фонд айрым саясий күчтөрдү колдоп, парламенттик шайлоодо «Реформа» партиясын тикелей каржылап, салык төлөбөй жана каржылык отчетторун жашырып жатат деп айыптады.

Ишмердик ачык булактарда турат

Аталган фонддун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов коюлган дооматтардын баарын четке какты.

Анын айтымында, «Сорос Кыргызстан» фонду ачылгандан бери билим берүү, саламаттык сактоо, жарандык коом, адам укуктары, медиа сабаттуулук жаатында долбоорлорду колдоп, гранттарды берип келет.

Шамил Ибрагимов
Шамил Ибрагимов

Ибрагимов фонддун ишмердүүлүгү Интернетте ачык булактарда жайгаштырылып, аны эл аралык аудиттик компания жыл сайын текшерип турарын айтты:

«Биз азыр Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Сорос" фондун коомчулукка каралоо иштери активдүү жүрүп жатканына күбө болуудабыз. Жеке өзүмдү жана фонддун кызматкерлерин коррупцияга айыптап, элдин түшүнүгүн жаңылыш нукка буруу аракеттери болууда. Бул айыптоолорго эч кандай негиз жок. Биз ошондой эле бир да саясий партия менен байланышып, келишим түзбөйбүз, каражат бербейбиз» , - деген Ибраимов COVID-19 пандемиясы башталгандан бери эле Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 1 миллион доллардан ашуун грант тартылганын кошумчалады.


«Антитеррор» коомдук бирикмеси буга чейин борбор калаанын парктарындагы мыйзамсыз көрүнүштөр, ЛГБТ уюмунун ишмердүүлүгү, Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга каршы акцияларга чыгып жүргөн.

«Шаардагы парктар» муниципиалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева "Антитеррор" бирикмеси жалаң кутумчулардан турганын айтып, тескерисинче алардын ишмердигин териштирүү керек деген пикирде:

«Алар мени канча жолу каралашты? Ошолордун арызынын айынан эки ирет прокуратура чакырып, суракка алды. Муниципиалдык кызматкерминби же жокпу деп териштирип, болбогон бир айыптарды коюшту. Үстүмөн ылайды куюп бардык жакка жазып турушту. Азыр мен аларды сотко берип, адилеттик издесем деле болот. Бирок, убактымды короткум келбейт, андан көрө бак тиккеним жакшы эмеспи. Менимче "Сорос" фонду Башкы прокуратурага арыз жазып, ушул үч кишинин ким экенин, кайдан каржы аларын талап кылып, элге туура эмес маалымат жайылтканы үчүн жоопко тартыш керек».

Коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектөө мыйзамын утурлай...

Ал арада 6-чакырылыштын депутаты Дастан Бекешев бейөкмөт уюмдар, эл аралык фонддордун айланасында чыгып жаткан каралоолор жана медиа каражаттарындагы айрым макалалар тууралуу өз оюн билдирди.

Депутат бул кырдаал жаңы келчү 7-чакырылыштагы парламентте коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөчү мыйзамды тез арада кабыл алуу үчүн атайын уюштурулган болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Буга чейин фонд кимге, кайсы уюмга кантип грант берип жатканына кызыкпай деле келишкен. "Сорос Кыргызстан" эми саясатка эмес, билим берүү, маданият, ден соолукка көңүл буруп жатпайбы. Азыр эле аларды талдап, айыптап калышты. Менимче мунун артында башка нерсе бар. Бизде азыр үчүнчү окууда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзам каралып жатат. Шайлоодон кийин 7-чакырылыштын депутаттары тез арада бул мыйзамды кабыл алып, президентке жибериши мүмкүн».


Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев эл аралык уюмдардын Кыргызстандын ички саясатына аралашканы туура эмес деп эсептейт.

«Жеке эле "Сорос Кыргызстан" фонду эмес, биздеги бардык эле бейөкмөт уюмдар башынан эле мамлекеттик структурабыздын алсыздыгын, жалпы бир максатты көздөй албаганыбызды жакшы билип алгандан кийин өз кызыкчылыктарын ээн-эркин эле өткөрүп калышкан. Негизи бейөкмөт уюмдар болобу же эл аралыкпы, айтор баары башында абдан жакшы максаттар, багыттар менен келет. Биз аларга өзүбүз ушундай шарт түзүп жатпайбызбы. Аскар Акаевден бери келе жаткан расмий бийлик өлкөнүн багытын жоготуп койгону үчүн ушундай чырларга себеп болуп жатат».

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

Ошол эле маалда "Сорос" фондунун ишмердүүлүгү тескерисинче Кыргызстандын эгемендүүлүгүн чыңдап, заманбап дүйнөгө чыгуусуна, жаңы билим, илим мүмкүнчүлүктөрүн ачууга шарттарды түздү деген эксперттер да арбын.

Алардын бири Бурул Макенбаева эки ирет "Соростун" байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. Коюлган дооматтар акылга сыйбай турганын белгиледи:

«Бул фонд жаңыдан эгемендик алган маалдан тартып, көз карандысыздыгыбызды бекемдөөгө абдан чоң салым кошту. Биринчиден, абдан көп илимпоздорду, таланттуу жаштарыбызды чет өлкөгө алып барып, заманбап билим алуусуна шарт түзүп берди. Агартуу жаатында абдан чоң программаларга каражат бөлдү. Мен кесибим боюнча дарыгермин. Ушул фонддун программаларынын аркасы менен чет жактан билим алып, кесиптик деңгээлимди көтөрдүм. Эки жолу байкоочу кеңешке мүчө болуп, бир да коррупциялык иштерди көргөн жокмун. Кыргызстандын дүйнөгө аралашуусуна "Сорос Кыргызстан" фондунун салымы чоң деп эсептейм».

«Сорос Кыргызстан» фонду жети тематикалык тармакта гранттарды берип келет. Алар - коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.

1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG