14 кишинин эмгеги менен эфирге чыгып келген жеке менчик «Next TV» телеканалы коронавирус пандемиясынан улам өз кызматкерлерин маяна сакталбаган эмгек өргүүсүнө жиберүүгө мажбур болду.
Өзүн-өзү каржылаган телеканалдын жарнамадан түшүп турчу кирешеси токтоп, өндүрүшү да кыскарды жана пландалган жаңы долбоорлор ишке ашпай турат.
Башкы директор Таалай Дүйшөнбиев азыркы учурда телеканалда жалгыз эле техникалык кызматкер калганын айтты:
Жарнама 70% түшүп кетти.
«Телеканалда финансылык жактан көп кыйынчылыктар болуп жатат. Карантинге байланыштуу жарнама берүүчүлөр бизден кете баштады. Жарнама 70% түшүп кетти. Андан түшкөн акча күнүмдүк чыгымдарды жаап турчу. Экинчиден, толук иштей алган жокпуз. Себеби, комендатурага бир нече жолу кайрылганыбызга карабай, бизге аккредитация бербей койду».
Журналисттердин көз каранды эмес биримдиги өлкөдөгү эркин жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүү боюнча антикризистик план иштеп чыгып, президентке, өкмөткө жана парламентке жөнөттү. Анда эркин медиа каражаттарынын киреше салыгын чегербей туруу, жыл аягына чейин салык салбоо жана мекемелердин материалдарын мамлекеттик буюртма түрүндө жайгаштыруу, жеңилдетилген насыя сыяктуу сунуштар камтылган.
Аталган биримдиктин төрагасы Азамат Касыбеков бул жерде мамлекеттин маалыматтык коопсуздугу кризиске кептелиши мүмкүн экенин айтты:
«Альтернативдүү маалымат булактары азайып кала турган болсо, фейк маалыматтар көбөйөт. Жарандар туура эмес жаңылыктарга ишене баштайт. Азыркы абал өзгөрбөсө, бир нече жалпыга маалымдоо каражаты жабылып калышы толук мүмкүн. Пандемия бюджеттен жан баккан ЖМКларга көп таасир эткен жок, алар иштеп жатышат. Жарандар жалаң эле мамлекеттик ЖМКларды тиктеп отурбашы керек да».
Телекөрсөтүү жана радио жөнүндө мыйзамга ылайык, эфирге чыгып жаткан өндүрүмдүн 50% кем эмес бөлүгү мамлекеттик тилде жана жергиликтүү өндүрүшкө тиешелүү болууга тийиш.
Жеке менчик НТС телеканалынын директору Миржан Балыбаев билдиргендей, журналисттерге аккредитация берилбей жатышы жана редакциялардын финансылык абалы бул мыйзамдын аткарылышына тоскоол болуп жатыптыр.
«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жүздөгөн журналист жумушсуз калды, - деди ал. - Өкмөттүн азыркы абалын жакшы түшүнүп турабыз. Бизге жеңилдетилген насыя бере албайт. Ал эми салык, социалдык төлөмдөр боюнча түшүнүү менен мамиле кылышса жакшы болмок. Бул өкмөттүн колунан келе турган иш. Телеканалдар өзүнүн телесигналын аймактарга жеткириш үчүн Радиорелейлик магистралдардын телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинин (РПО РМТР) кызматын колдонот. Бир топ телеканалдардын жетекчилери «жарнамадан акча түшпөй калганына байланыштуу РПО РМТРге акча төлөй албай калабыз» деп өкмөткө кат жазганбыз. Азыр жообун күтүп жатабыз».
Журналисттердин кайрылуусунда ЖМКларга мамлекеттик буюртма берүү маселеси да көтөрүлгөн. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу маалымат жана коммуникация департаментинин директору Салкын Сарногоева эгемен тарыхта 2015-жылы эле 11 млн. сомдук мамлекеттик буюртма болгонун айтат.
Ал быйылкы жылдын эсебинен ЖМК өкүлдөрүнө 10 млн. сомго сериал тарттыруу аракети болгонун, акча бөлүнө турган болгондо пандемия башталып кеткенин кошумчалады:
Пандемия абалы Кыргызстанда даярдалган контент абдан аз экенин көрсөттү.
«Азыр мен сериал тартууга бөлүнө турган каражаттын тагдыры боюнча так айта албайм. 10 млн. сом көп деле акча эмес. Биз бөлдүрүп бергенге болгон аракетибизди жумшайбыз. Пандемия абалы Кыргызстанда даярдалган контент абдан аз экенин көрсөттү. Министрлик журналисттер коомчулугу менен жолугушуп, сунуштарын укканга даяр».
Журналист, медиа тармагындагы эксперт Шайырбек Маматокторов мамлекеттик буюртма келип түшкөн күндө деле жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттарынын шыбагасына эч нерсе тийбейт деген ойдо турат. Ал пандемия убагындагы экономикалык абал, жарнаманын Интернет тармагына ооп жатышы телеканал, редакцияларды бир адамга болгон көз карандуулукка алып барарын эске салды:
«Кыргызстандык телеканал автордук укукту сактай албай, пираттык жол менен кино, сериалдарды көрсөтүп жатып жабылып калат. Өтө акчалуу бир субъект, олигарх же бир араб сатып алат дагы, өз кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды тарата баштайт. Бирок андай нерсени обьективдүү же алтернативдүү маалымат деп караганга болбойт да».
Мурдагы журналист, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жеке менчик ЖМКга өкмөт салкын мамиле кылат деген пикирде. Ал өз алдынча өмүр сүргөн ЖМКлардын өнүгүп кетишине бийлик кызыкчылыгы жок деп эсептейт.
«Коомчулук мамлекеттик ЖМКга караганда жеке менчик ЖМКга ишенет, - деди ал. - Анткени алар чындыкка шайкеш келген маалыматты көбүрөөк берет. Ошондуктан өкмөт ар дайым жеке менчик ЖМКларга чочулоо менен мамиле кылып, аларды каржылык жактан камсыздап койгондон коркуп турат. Жеке менчик редакциянын кызыкчылыгы менен өкмөттүн кызыкчылыгы бир жерден чыкпайт».
Коронавирус пандемиясынан улам «Сорос-Кыргызстан» фонду кыргыз тилдүү басылмаларды финансылык жактан колдоону пландап жатат. Азыркы учурда жардамга муктаж ЖМКлардын тизмеси түзүлө баштаганы белгилүү болду.
Өзгөчө абалга байланыштуу бир катар мекеме-ишканалар менен катар журналисттердин да иши чектелген. Бишкек шаарынын комендатурасы жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрмө берүүдөн баш тартып, бул чечимин оорунун жайылышынын алдын-алуу аракети менен түшүндүргөн.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.