Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:58

Бишкек менен Ошто психологиялык жардам көрсөтүүчү түз байланыш номуру иштей баштады


Психологдор жана алардын телефон номурлары. (Сүрөт «Сорос-Кыргызстан» фондуна таандык).
Психологдор жана алардын телефон номурлары. (Сүрөт «Сорос-Кыргызстан» фондуна таандык).

Психологиялык жардам көрсөтүүчү түз байланыштагы телефон номурларды «Үй-бүлө жана ден соолук» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен ишке киргизди.

8-июлдан тартып Бишкек жана Ош шаарларында иштей баштаган бул долбоор COVID-19 эпидемиясынан улам түзүлгөн кырдаалда элге онлайн түрүндө психологиялык жардам көрсөтүүчү клиникалык долбоордун алкагында ишке ашууда.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы маалымдагандай, учурда психологиялык жардамга коронавируска чалдыккан гана адамдар эмес, алардын жакындары да муктаж болуп жатат.

Маалыматта «коронавирус жугуп, андан коомчулукта басынып аткандар гана эмес, алардын жакындары, обочолонуп жалгыз отургандар, көчөдө көп нерсеге тыюу салган күч кызматкерлеринен ыдык көргөндөр жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын баары психологиялык жардамга муктаж», деп жазылган.

Демилгечилер белгилегендей, коронавирус кризиси учурунда көрсөтүлгөн психологиялык жардам коргонуучу кийим жана каражаттар сыяктуу эле бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин да психикалык жана дене саламаттыгын сактоого өбөлгө боло алат.

Телефон аркылуу психологиялык жардам кызматы жекшембиден башка бардык күндөрү саат 8:00дөн 22:00гө чейин иштейт.

9-июлга карата Кыргызстанда коронавирус диагнозу дагы 361 адамга коюлду, дарыланып жаткан 70 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Жалпысынан 8847 адамдан табылды, алардын ичинен 116 бейтап кайтыш болду, 3053 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен 310 адам каза болду. Соңку бир суткада өпкөсүнөн кагынып, ооруканага жаткырылгандардын 134ү - Бишкекте.(ZKo)

XS
SM
MD
LG