Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

«Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды


1-орун «Бийлик жана ЖМК» деген карикатура үчүн Болат Рыскулбековго ыйгарылды.
1-орун «Бийлик жана ЖМК» деген карикатура үчүн Болат Рыскулбековго ыйгарылды.

«Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аттуу республикалык экинчи сынактын жыйынтыгы чыкты. Сынакты «Журналисттер» коомдук бирикмеси «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө арнап уюштурган.

Сынактын жыйынтыгында 1-орун «Бийлик жана ЖМК» деген карикатура үчүн Болат Рыскулбековго ыйгарылды. 2-орун «Бийликти бөлүштүрүү» үчүн Эрлан Сатыбековго жана 3-орун «Блогер» деген карикатура үчүн Нурбек Насыранбековго тийди.

Мындан тышкары беш адамга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Сынакка 128 эмгеги менен 53 автор катышты. Арасында кесипкөй сүрөтчүлөрдөн тышкары бул өнөргө кызыккандар да болду.

Калыстар тобу сынакка катышуучулардын кесипкөйлүк деңгээли жогорулай баштаганын белгилешти.

Сынактын максаты – өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына коомчулуктун назарын буруу, ал эми милдети - карикатура аркылуу бул чөйрөдөгү маселелерди көрсөтүү, карикатура өнөрүн өркүндөтүүгө салым кошуу экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG