Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

Эл үнү: Дарыгерлерди ким коргойт?


Кыргызстандык дарыгер коронавируска анализ алып жатат.
Кыргызстандык дарыгер коронавируска анализ алып жатат.

«Эл үнү» программасына өзгөчө абалда ишсиз калып, жашоого каражат жок болгондуктан кандай жардам же жеңилдик берилет деген суроолор көп келет. Бишкектеги бейтапкананын коронавирус жуктурган медайымынын жакындарынын да кайрылуусун уктук.

Коронавирус жуктурган дарыгер

Руслан Акматов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Бишкектеги №3 бейтапканада эжем медайым болуп көп жылдан бери эмгектенет. Карантин маалында эс алуусуз, жумушуна жөө барып-келип иштегени аз келгенсип, коронавирус жуктуруп, азыр оор абалда жугуштуу илдеттер ооруканасында жатат. Эжемдин өзүнө гана эмес, күйөөсүнө, уулуна, кызына, неберелерине - беш кишиге жугуп, үч күндөн бери ооруканада жатышат. Эжем өзү оор абалда кычкылтек менен дем алып жатат. Бейтапкананын жетекчилиги басым көрсөтүп, «өзүңөр күнөөлүүсүңөр» деп жатат. Медайым, дарыгерлер ооруп, бейтапкана карантинге жабылды. Бул жетекчиликтин катасы болуп калгандай, медайымдар «ооруп жатабыз» дешсе, үйлөрүнө дарыланууга кетирип жиберишкен. Ошондо эле анализ алып, обсервацияга жаткырганда алардын үй-бүлөлөрүнө жукпайт эле.

Медиктерге «колдоо болот, айлыгына кошулат» деп чоңдорубуз айтканы менен айлыгына бир тыйын да кошулбаптыр. Арча-Бешиктен шаардын борборуна жөө барып иштегени аз келгенсип, мына эми үй-бүлөсү менен вирус жугуп, ооруканада жатат.

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы медайымы Зуура Өмүракунова мындай жооп узатты:

- Андай эмес. Ооруп калды. Ооруганда эле «жумушка келбе» деп, мобилдүү бригаданы жибердик. Мурун эле иштеп жатканда кичине-кичинеден жөтөлүп жүрүптүр. Анан дене табы көтөрүлүп калганда бизге телефон чалды. «Үйдө бол, температураң менен жумушка келбе» дедик. Анан мобилдик бригада барып, ПЦРге жана экспресс-тестке анализ алды. Аны дагы бир-эки күн күтүшү керек экен да. Медайымдын өзүнүн анализи таза, баласы менен күйөөсүнө жукканын көрсөттү. Эки күндөн кийин анализинин жыйынтыгы белгилүү болду. Анан дароо эле «Тез жардам» менен барып, алып келип жаткырдык. Кантип эле биз аны карабай коёлу?

«Азаттык»: Демек, жетекчилик тарабынан кенебестик болгон эмес?

- Жок, биз тескерисинче бирөөнүн кичине эле дене табы көтөрүлсө, мобилдик бригада барып, анализ алат. Дене табы көтөрүлгөндөрдү "такыр ишке келбе" дейбиз.

Алыскы айылда жөлөкпул алуу азабы

Өмүрбек Арыстанов, Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну:

- 1-топтогу майыпмын. Мен пенсияны Социалдык коргоодон алчумун. Почточу жеткирип берип турчу эле. «Эми карточкага өткөрүп жатабыз. Пенсия карточка аркылуу берилет» деп, карточкага өткөргөн экен. Эми биз бул пенсияны кантип алабыз? РСК банктын Кулунду айылында бөлүмү жок окшойт. Башка банктардан ала албасак. «Муну кандай кылабыз» деп сурасак, «ушуну силерге жеткирип бергиле дешти», – деп жооп кайтарышты. Эч ким эч нерсе түшүндүрбөй карточканы берип кетип калган. Биз кантип өз пенсиябызды алабыз? Бизде башка банктардын бөлүмдөрү бар экен. Ошолорго салсаңар болот дейт. Бирок анын кызматына төлөш керек экен. Өзгөчө кырдаал турганда дагы машакат кошулду. Эми пенсия алуу үчүн Исфанага РСК банкка барышыбыз керекпи?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын жообу:

- Лейлектин Кулунду айылынан кайрылган жарандын суроосу боюнча биз банктарга акчаны жеткирип берүү үчүн да өзүнчө келишим түзөбүз. Ар бир кардарга жеткирип берүү - банктын милдети. Жергиликтүү бийликке да министр атайын кат жолдогон. Ар бир айыл, райондо канча банкомат, кайсы банктарды бөлүмдөрү бардыгын тактаганбыз. Ошодой эле Улуттук банкка, биз менен иштешкен бардык банктардын төрагаларына кат жөнөтүлгөн. «Азыркы абалда акчаны ар бир жарандын үйүнө чейин жеткирип берүү камсыздалсын» деген кат жазганбыз. Себеби биз мамлекеттик бюджеттен буга кошумча акча төлөп жаткандан кийин банктар аны аткарышы керек.

Банк: Насыянын үстөгү менен мөөнөтү

Нурбек Карагулов, Ош облусунун Алай районунун тургуну:

- Банктан 250 миң сом алган элек. Ошонун негизги суммасынан 32 миң сом төгүш керек. Айына ушунчадан төлөш керек. Москвадагы иним карантинден улам иштебей калды. Акчаны алган элек. Мал жайлоого кетип калды. Базар жабык. 5-майда мөөнөт келип калды, кандай кылабыз?

Тоң районунун аты-жөнүн айтпаган тургуну:

- Насыя алдык эле. Анын төлөө мөөнөтүн эки айга узартсак, үстүнө айына 600 сомдон үстөк пайыз кылып кошуп салыптыр. Ушуну караштырып бере аласыздарбы.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелдеги брифингде төмөнкүчө жооп узатты:

- Улуттук банктын чечиминин негизинде бүгүнкү күндө банктардын баары насыя алуучулардын кайрылуусунун негизинде пайыздык ченемди жана негизги сумманы да жылдырып, узартып берип жатат. Маалымат боюнча бүгүнкү күндө 52 миңден ашуун насыя алуучу жалпысынан 46.5 миллиард сомго узартуу-жеңилдетүү алды. Азыр дагы түшкөн кайрылууларды банктар карап жатат.

Сүт арзан

Мээрим Жумабекова, Чүй облусундагы Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну:

- Айылда көптөр уй кармашат. Сүт өткөрүп, ошону менен оокат кылышат. Азыр тамак-аш кымбаттады, сүт болсо арзан, бир литри 15 сом эле, өткөн ишембиде 16 сомго чыкты. Ошол эле маалда картөшкөнүн бир килограммы 35 сом, майдын литри 100 сом. Кесме 76 сомдон, баары кымбат. Эмне үчүн сүттүн баасын көтөрүшпөйт? Кошуналарыбыз бир-эки уйдан кармап, ошонун сүтүн сатып, жумасына 1000 сомдон алып оокат кылышат. Ага эми ун ала албайбыз. Ар бир үйдө үч-төрттөн бала бар. Баарыбызыга кыйын. Сыртка чыгып иштеп келели десек карантин. Жок дегенде ушундай маалда сүттүн баасын көтөрүп, элди деле ойлоп коюшса болмок. Уйга жем-чөп алыш керек.

Монополияга каршы күрөш агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабировдун жообу мындай болду:

- Бул маселеге биз кийлигише албайбыз. Өткөн жылы, анан мурунку жылы Чүй облусунда бул маселе көтөрүлгөн. Бир кур аксакалдар президенттин атына арыз жазышкан. Майлуулугуна карайт, анан элден сатып алып заводго тапшыра турган ортомчулар да бар. Бул өзгөчө абал бүтсө, үч-төрт компания сүт өндүрүүчүлөргө барып, жеринен талкуулайбыз. Бирок биз аларга түзмө-түз баа жагынан көрсөтмө бере албайбыз. Социалдык маанилүү товарлардын баасын дүкөндөргө коюп бергенбиз, бирок ал сатылып алып жатканда биз «мынчадан аласың» деп эч кандай көрсөтмө бере албайбыз. Ал атаандаштык негизде гана аныкталат. Бирок мындай арыздарды да карап, атайын иш алып барабыз деген таризде айта алам.

Гуманитардык жардам кимге тиет?

Ала-Бука районунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн тургуну:

- Кечээ айыл өкмөтүнө гумжардам келиптир. Менин күйөөм гумжардам алганы барса «силердин машинеңер бар» деп, куру кол кайтарышыптыр. Биздин чын эле машинебиз бар, ал баламдыкы. Экинчиден, күйөөм көзүнө байланыштуу 2-топтогу майып. Аны мындай диагнозу менен эч ким ишке албайт.

«Силер жакшы жашайсыңар» деп айыл өкмөтүнүн депутаттары чечим чыгарган экен. Ошол чечимден улам күйөөм эч нерсе албай кайтыптыр. Чын эле 2-топтогу майыптарга гумжардам берилбейби?

Ново-Павловка айылындагы Алтын-Ордо конушунун тургуну:

- Мен жалгыз бой аялмын. Үч балам бар, жардам келет дегенинен квартал башчыга үч жолу бардым. Биринчи жолу барганда тизмеге кошкон жок, 2-жолу барганымда фамилиямды жазып калган. 3-жолу кечээ гумжардам келди эле, бирок мени тизмеге кошпоптур. Эмне себептен экенин билбейм. Жанындагы жардамчыларына «чыгарып салгылачы муну» деп, жаман сөздөрдү айтты. Биз кимге кайрылуубуз керек?

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин өкүлү гуманитардык жардам биринчи кезекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен колдоого муктаж үй-бүлөлөргө берилип жатканын билдирди. Жардамды бөлүштүрүүгө жергиликтүү бийлик милдеттүү, эгер адилетсиз көрүнүштөр болуп жатса тиешелүү тартип коргоо органдарына кайрылуу зарыл.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG