Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Эл үнү: Көз боёмочулардан сак болгула


Москванын ээнсиреген "Шереметьево" аэропорту, 27-март, 2020.
Москванын ээнсиреген "Шереметьево" аэропорту, 27-март, 2020.

«Эл үнүнө» Новосибирск шаарынын аэропортунда учакка батпай калган жарандар кайрылды. Москвадагы элчилик мигранттарга «билет саткан» көз боёмочулардан сак болууга чакырат. Эл уулу Элмирбекти жоктогон мекендештердин үнүн да угузабыз.

Элдос, Новосибирск шаарынан:

- Биз 22-мартта келип, бир айдан бери ушул жерде жатканбыз. 1-2-майга билет алгандар учуп кетишти. Кечээ күнү келгендер, таанышы барлар учуп кетишти. Бүгүн келип, 18 миңге билет алгандар сүйүнүп жүрүшөт. Биздин келгенибизге бир айдан ашты, эң биринчилерден болуп ушул жерде турабыз. Үч-төрт жолу тизме түзүлгөн. Эмне болгонун түшүнбөйбүз. Ооруканадан чыккан чоң апа да жүрөт. Кан басымы жогорулап, кенедей кызы ыйлап жатат. Аэропорттун ичинде 15-20 күн жаткандар бар.

Кыргызстандын Новосибирскидеги консулдугунун референти Нурали Акбарали жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Тизмеде алар бар эле. Тилекке каршы, уча турган борттогу орун чектелүү болгондуктан биринчи кезекте улгайган, ден соолугу начар, операциядан чыккан жана Орусиянын региондорунан келип, 20-марттан бери күтүп жаткан жарандар бар эле, ошолорду кетиргенге аракет кылдык. Андан сырткары жакындары ооруп калган, онкологиялык дарты барлар, туугандары кайтыш болуп кеткен жарандар бар экен. Мына ошолорду кетирдик.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги ыкчам штаб учпай калгандарды сабырдуу болууга чакырып, консулдук диаспора уюмдары менен бирге кете албай калгандар жатканга жай, тамак-аш менен камсыз кылына тургандыгын кабарлады. Ошондой эле элчилик Новосибирскидеги жана Москвадагы жарандарды алып кетүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип, бардык маселе боюнча күнү-түнү иштеген телефондор менен байланышып турууга чакырды.

Москва, Петербург, Екатеринбург шаарларындагы жарандардын кайрылуусу:

Мирбек, Кемин районунан:

- Москва шаарынан Кыргызстанга кете албай калдык. Элден карыз ала берип, эми алар да бере албай калышты. Өздөрү араң жашап жатышат. Урматтуу депутаттар, силерге кайрылабыз. Эгер алып кете албасаңар, бир күндү белгилеп туруп, чек араны ачтырып койсоңор. Бир аптанын ичинде баарыбыз чыгып кетет элек.

Көз боёмочулардан сак болгула

Москвадагы элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын билдирүүсү:

- Интернет сайттарында билеттер сатылып жатканы тууралуу бизге беш-алты киши кайрылды. «Чалып көргүлөчү» деп суранышты. «Купи билет» деген телефондогу тиркеме экен. Кайра аларга чалганда байланыш жок. Биз элчиликтен авиакомпаниялардын өкүлдөрүнө чалып тактасак, «Купи билет» деген тиркемелер авиакомпаниялар менен иштебей турганы белгилүү болду. Андыктан жарандарыбызды ушул сыяктуулардан билет сатып албагыла деп үндөп жатабыз. Май айында авиакаттамдар башталса, билетти авиакомпаниялардын өздөрүнөн жана расмий сайттарынан сатып алууга кеңеш беребиз. Биздин жарандар «Аэрофлот», S7, «Урал аба жолдору» жана кыргызстандык «Авиа трафик» деген төрт компаниянын кызматынан пайдаланышат. Алардын телефондорунун баары элчиликтин маалыматында берилди. Мүмкүн болсо аларга түз чалып, тактап турууну өтүнөбүз.

Элчиликте күнү-түнү чалуу борбору иштеп жатат, төмөнкү телефондор аркылуу байланыша аласыз:

+7 (499) 237 43 01;

+7 (499) 237 44 61;

Чөнтөк телефондор жана "Вотсап" тиркемеси менен иштегендер: +7 (925) 387 41 27, +7 (925) 387 45 97 жана +7 (925) 103 29 11

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы эл аралык каттамдарга билет сатууну 1-августка чейин токтотту.​

Жөлөк пул жетпейт, тамак-аш тартыш

Жылдыз, Талас облусундагы Бакай-Ата районунун тургуну:

- Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жашаган инимдин үй-бүлөсү жардамга абдан муктаж. «Жардам берип жатабыз» эле дешет. Бишкекте иним төрт баласы менен турат. Иним, келиним иштеп, күнүмдүк тамагын таап жешчү. Бир айдан бери экөө тең иштебей үйдө. Чоңоюп калган балдары да үйдө. Эч кандай жардам жок. Азыр кыйналып жатышканын айтышты. Кана жардам бергени? Майыптарга эле жардам берип жатышпаса, иштебегендерге жардам болбойбу?

Апам да майып, Таласта баласы менен турат. Анын үч баласы бар, мектеп жашына жете элек. Келин аларды таштап кетип калган. Сот аркылуу балдарды апама беришкен. Апам 70 жашта. Көзү начар көрөт, үйдө балдар менен отурат. Иним болсо оор жумушка жарабайт, алар да кыйналып жатышат. Жазында гуманитардык жардам берчү эле. Быйыл ал да жок. Эми карантинде ошондойлорго да жардам берсеңер жакшы болот эле. Мен болсо жалгыз бой аялмын, балам экөөбүз турабыз. Аларга жардам бергенге шартым жок.

Астра Ажибаева, Жумгал районундагы Кызарт айылынын алты балалуу тургуну:

- Бир кап ун алганбыз, алты балам менен ал бат эле түгөнүп калды. Кыйын эле болуп жатат, бул жагынан алсак, тиги жагынан түгөнөт. Дүкөндөргө карыз болуп бүттүк, алар эми «бере албайбыз» дешти. Алган жөлөкпул 4500 сом, ал деле эч керекке жарабайт. Күйөөм да иштебейт, алты балабыз бар. Экөөбүз тең балдар менен үйдөбүз. Улуубуз 18де, андан кийин 16, 15 болуп кырка турушат. Эң кичүүбүз бир жашка толду. Ун сурап айыл өкмөтүнө кайрылсам, бир кап ун жеткирип беришти. Андан башка эч жардам жок.

Алтынай, Ысык-Ата районундагы Узун-Куур айыл өкмөтүнүн тургуну:

- Бизде гумжардам үч-төрт жолу берилиптир. Менин апам 27 жашында күйөөсүнөн калган, азыр 54тө. Биздин айылдык кеңеште депутат бар. Апам ага эки жолу барса айыл өкмөтүнө жиберет. Айыл өкмөтүнө барса «бул депутат чечет» деп кайра жиберет. Анан апам депутатка барып, «эмне үчүн гумжардамды муктаждарга эмес, жакшы жашагандарга таратасың?» десе, ал апамды сөгүп, сабап, эки жолу желкеден алып, жерге жыгат. Апамдын колу-буту тытылып, кан басымы көтөрүлүп, үйдө жатат. Депутат 40 жашта. Азыр эми биз эч кимден жардам күтпөй калдык. Райондук милицияга барып, арыз жазсак, булар өз тааныштары аркылуу алардын да оозун жаап жатат. Биз эмне кылаарыбызды билбей калдык.​

Айылдык депутат Кадырбек Дүйшекеев телефонго жооп бербегендиктен, айыл өкмөттүн турак жай бөлүмүнүн кызматкери, айылдык кеңештин депутаты Амантур Усубалиевге кайрылдык:

- Ал аялды сабаган жок. Беш-алты киши келип, гумжардамды өздөрү таратышты. Алардын арасында эки демөөрчү көбүрөөк алып келип таратты. Бирөө 50 кап ун, 50 баштык, экинчиси болсо 140 баштык. Биз өтө муктаждарга деп тараттык. Ал аял биринчи кеңсеге келген, анан «кезегиң келгенде аласың» дешсе, ал «жок, мен биринчи алышым керек» деп, депутаттар көзөмөлдөп жаткан жерге жөнөйт. Ал аял болсо «Кадырбектин өпкөсүн үзөм» деп дүкөнүнө кеткен. Анан барып, чатак салганда тиги түртүп чыгарып салыптыр.

Айылда 800 түтүн болсо, 250 гумжардам келсе, аны кимисине жеткириш керек? Көбү туура эмес түшүнүп жатат. Өзүңөр калыс болсоңор.

Эл акыны Элмирбекти жоктоо

Шамил Бакалов, Ат-Башы районунун тургуну:

- Жарыкчылык менен кош айтышып кеткен Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөсүнө, кыргыз элиме көңүл айтам. 10 жыл мурун 7-апрелде өтүп кеткен баатырларды жоктоп кандай гана кошок кошкон. Кандай ырларды жаратты. «Булбулум» деп ырдаганы жүрөктү тилет.

«Ак үйдөн бүгүн пайда жок,

Акындын иши ушу экен

Айткандан бөлөк айла жок». Мына ушундай тайбас, чындыкты бетке айткан ак таңдай акындын өтүп кеткени - кыргыз эли үчүн чоң жоготуу.

Алтынбек Абдрахманов, Москва шаарынан:

Күзгүсү элең элиңдин,

Кайда бир кеттиң жер издеп.

Кайышып турат кабырга,

Кыргызың калды сени издеп.

Түз айткан сенин курч кебиң,

Куралган сөздөн бүт чебиң.

Кемирип жедиң жерди деп,

Көп айттың жерди саттың деп,

Кеткен бир жердин бир уучу,

Кемтиги сага кеткен жок.

Уфа шаарында жашаган Батмакан Айталиева Элмирбек Иманалиевдин «Күттүм» аттуу ырынын обонуна сала кошок айтыптыр.

Эл уулу элең Элмирбек,

Тартынбай айткан чындыкты.

Ак үйгө карай төккөндү,

Эми биз укпай калдыкпы.

Арман, арман, арман...

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG