Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Эл үнү: Дарыгерлердин дарманы менен арманы


ЮСАИД уюму кыргызстандык дарыгерлерге коргонуучу костюмдарды жана каражаттарды берген учур, 11-март, 2020-жыл.
ЮСАИД уюму кыргызстандык дарыгерлерге коргонуучу костюмдарды жана каражаттарды берген учур, 11-март, 2020-жыл.

«Эл үнү» программасына кайрылгандардын көбү чет өлкөдө калган мигрант мекендештер болду. Ошондой эле элдин ден соолугунун камын көрүп жаткан дарыгерлердин көйгөйлөрүн да угузабыз.

Аты-жөнүн атабаган жаран:

- Жалпы саныбыз болжолдуу 300-350, ал эми билет алгандар болсо 200-250дөй киши бар. Мен Иркутск облусунан Кыргызстанга авиакаттам жок Москвага келгем. Тилекке каршы, бул жактан деле рейс жок, батирди ижарага алып жашап жатабыз. Көчөдө калып калгандар бар. Бул күндөрү бизди эч ким укпай жатат, биздин үнүбүздү ошолорго жеткирип койсоңор.

Канатбек уулу Баатырбек, Москва шаарынан:

- Кыргызстанда өкмөттө, депутаттардын арасында мигранттардын көйгөйүн чече турган бир адам бар болду бекен? Маалымат булактарынан карасак, баары эле бири-бирине суроо берет, бирок чечкен адам жок. «Кудай буюрса, мекенибизге - Кыргызстанга кайтабыз» деген үмүт менен жаттык эле. Билет саткан жайларга барсак, май айында билет болбойт дешти. Москвадагы мигранттарга жардам берип коюуну кыргыз өкмөтүнөн, депутаттардан суранабыз.

Аты-жөнүн атабаган жигит:

- Санкт-Петербургдан кайрылып жатабыз. Бир ай мурун билет алганбыз. Эгерде майда да болбой калса, анда абдан эле кыйын болот. Жубайымдын жети айлык боюнда бар.

Аты-жөнү белгисиз аял:

- Биз 15-апрелде Орусиядан Өзбекстанга жолго чыктык эле. Жолдон машинебиз бузулуп калып, 19-апрелде келсек «Жибек Жолунан» мени өткөрбөй коюшту. Анткени мен Кыргызстандын жаранымын, жолдошум жана балам өзбек жарандары. Кара-Суудагы чек арага барып өтөйүн десем, «балаңызды таштап өтө бериңиз» дешти. Балам кичинекей, таштай албайм. Мейманканада бир ай жашадык, «бөлмөнү бошоткула» деп жатат. Өзбек чек арачылары болсо «өзүңүз өзбек жараны, балаңыз кыргыздын жараны болсо өткөрө берет элек» деп жатышат. «Эне кайда болсо, бала да ошол жакта болушу керек» деп, Өзбекстанга киргизбей коюшту.

Жолдо түнөгөн жарандар

Аты-жөнүн айтпаган жарандар:

- Казакстан менен Орусиянын чек арасындагы Маштаково айылындагы талаада турабыз. Бир жумадан бери машинеде түнөп жатабыз. Тамак-ашты ушул жердеги дүкөндөн алып жатабыз.

- Жолдо түнөп жатабыз. Казакстан өз аймагына киргизбей жатат. Анда Бажы биримдигинин эмне кереги бар?

- Жолду ачып берип, эсен-аман өз үйүбүзгө жеткенге жардам берүүңөрдү суранабыз.

- Бизге акча-тыйындын кереги жок. Өзүбүздүн машинебиз бар. Жолду ачып берсеңер эле болду.

- Казакстан эле бизди кармап турат. Өзбекстан, Тажикстан өз жарандарын алып өтүп жатат го. Жалдырасаңар да өз жарандарыңарды алып кетпейсиңерби. Уялбайсыңарбы!

- Самара регионуна кире албай жатабыз. Казакстан өткөрбөй, Орусия болсо аймактарына киргизбей жатат. Жолдо бир жумадан бери жатабыз.

Эл үнү: "Бир аптадан бери орус-казак чек арасында турабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жолдо калган кыргыз жарандарынын маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Кыргызстанга кетүү үчүн Орусиядагы элчиликтин байланыш телефондорун сураган жарандар арбын, аларды жазып алыңыз: +7 (499) 237-46-01, +7 (499) 237-48-82, + 7 (499) 237 65 65, +79251032911

Элге жеткен тамак-аштын сапаты

Элнура, төрт баланын энеси, Бишкектин тургуну:

- Жардам берип койсоңуздар жакшы болмок. Бөйрөгүм ооруйт, төрт кызым бар. Кыздарыма жардам берсеңиздер.

Атын атабаган келин, Бишкектин тургуну:

- Пишпек, Термечиков көчөсү, 10-үй, батир 58А. Колумда кичинекей кызым бар. Күйөөм такси айдачу, карантинде үйдө отуруп калды. Социалдык фондго жазылганбыз, бирок ал жактан деле тамак-аш келген жок. Телевизордон өкмөт «жардам беребиз» деп кайра-кайра айтканы менен эч жардам келген жок. Айла жок, жардам берип койгулачы.

Асел Ыксанова, Бишкектин тургуну:

- Төрт кызым бар, жалгыз бой энемин. Батирде турам. Былтыр жазында кургак учук болуп ооруп, иштей албай калгам. 17 жаштагы кызым иштеп, бир аз акча тапчу эле. Азыр кызым да иштебей калды. Кыйналып жатабыз, жардам бересиздерби.

Атын атабаган келин, Дордой-2 конушунун тургуну:

- Квартал башчысы канча жардам келсе да бербей жатат. Жакшы жашаган, колунда бар үйлөргө эле берип жатат. «Силер бир жолу алгансыңар, болду» деп бербей жатат. Кимге кайрылсак болот? Канча жалдырап барсам да, урушуп бербей койду. Алган 3 кило ун, бир литр май түгөндү.

Аты-жөнүн айтпаган Ново-Павловка айылынын тургуну:

- Өткөндө жардам кылабыз деп жаныбызда батирде тургандарды каттап кетишти эле. Биздин эки үй-бүлөнүн балдарына берилбейт деп койгон. Ново-Павловка айыл өкмөтүндө кечээ атайын жерге келип гумжардам алгыла дешкен, бирок баргандар «тизмеде жок экенбиз» деп кайра келишти. Тааныш-билиштер айыл өкмөтүндө көп чыгып жатат.

Жыпар Сарыбаева, Бишкектин тургуну:

- Бишкек шаарында батирде турам. Үч кичинекей балам бар. Күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Тамак-аш жок, карызга баттык. Батирге, электр жарыгына төлөнгөн жок. Дарым да түгөнүп калды. 1227 номуруна жазып, арыз калтырганбыз. Ал жактан деле жооп жок. Жардам беришсе, акысын кийин иштеп, четинен кутулуп деле бермекмин.

Атын атабаган аял:

- Карантинде башаламандык болуп жатат. Гумжардам тегиз таркатылбай эле. Бирине берсе, беш-алты үй-бүлөгө тийбейт. Ошол жакта отургандар беш-алты каптан ун алышат. Эмнеге бул текшерилбейт? Берилген ун жарым кап, ал дагы бирдеме жыттанган, кара ун. Курт чыгып жатканы да бар экен.

Жөлөкпулдун машакаты

Суксун Кубатова, Сузак районундагы Ачы айыл өкмөтүнүн тургуну:

- Биз пенсияны ала албай жатабыз. Эмне кылабыз? Кайда барабыз? Унум, чайым жок отурабыз. Жол кире кымбат. Ал жакка барсак киргизбесе, каякка барып пенсияны алабыз?

Зымыра Жээнбаева, Замира Кебекбаева жана Бадал Арзиева, Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн Учкун айылындагы ардагерлер:

- Биз пенсия ала албайбыз. Фарида Досматова деген почточубуз бар. Почточунун өзүнөн алгандар тегиз алып бүтүштү. Ал эми биздей банкоматтан алгандарды «жазалап» жатат.

- Биз 70ке таяп калган кемпир-чалбыз. Эмне үчүн өкмөт бизди алдайт? Жөн эле койсо күндүр-түндүр иштеген эле банкоматтан алмакпыз. Небере-балдарыбызды багышыбыз керек. Бардыгы тең иштебей, пенсияны карап отурушат. Бул эмне деген жорук?

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев мындай жооп узатты:

- Өзгөчө кырдаал кирген үч райондо пенсиянын төлөмү боюнча – банктан алгандардыкын почта бөлүмдөрүнө которгонбуз. Ардагерлер үйлөрүнөн чыга албайт деген коркунучтан улам ушундай шарт түзүлгөн. 9-апрелде каржылоо ачылып, акча почта кызматтарына которулуп берилген. Бул айда почта кызматында 1-2 күн кечеңдөө болуп калды. Анткени ар бир пенсия алуучуну почта бөлүмүнүн базасына киргизип, анан гана төлөнүш керек экен. Почта кызматы 23-апрелге чейин пенсияны толук таратып бүтөбүз деп милдеттенме алышкан.

Дарыгердин көйгөйү

Аты-жөнү жашыруун калуусун өтүнгөн Кара-Суу районундагы медайым:

- Ошол дарыгерлер тобу жазган билдирүүгө биз толук кошулабыз. Биздин деле абалыбыз Бишкектеги дарыгерлердикинен жакшы эмес. Медиктерге эч ким көңүл бурбайт, форма жетишсиз. Беткап, форма жетишсиз. Биз үй-бүлөлүк дарыгербиз да, айылдагы колунда бар, бизге боору ооруган адамдар акча берип, ошого форма тиктирип келип беришти. Биз оорунун чордонундабыз десек болот, умрадан келгендерден анализ алып жаттык. Ошол маалда бизде форма жок болчу. Анан ооругандар көбөйгөндө боорукер адамдар форма тиктирип, ошолорду кийдик. Мобилдик топтордо жана илдеттин чордонунда иштегендерге гана айлык көтөрүлөт деп жатышат. Андай кылбай, үй-бүлөлүк дарыгерлердин, бүт медиктердин айлыгын көтөрүп, ага кошумча март, апрель, май үчүн акча берилиши керек. Биз мамлекет үчүн иштеп жатабыз, жогору жактагылар болсо бизди колдошу керек.

Айымсаат Мурзаева, «Энелерди жана майыптарды коргоо Айгүл таш» уюмунун президенти:

- Эмне үчүн медиктерди кордошубуз керек? Анда элге айтып, беш-алты сомдон болсо да топтоп, аны ушуларды колдоого жумшабайсыздарбы. Элден түшкөн акча ансыз деле кетет да. Ушул байкуш медиктер ошол иштеген жеринде жатышса, үй-бүлөсүнө бара алышпаса, анан айлыгын да жакшы төлөп бербесеңер, отчет бербесеңер, элдин кыжырына тийип жатпайсыңарбы. Медиктерди колдоп, көңүлдөрүн көтөрүп турушубуз керек эмеспи.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG