Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Кыргыз студент Түркияда фильм тартат


Нурсултан Кеңешов продюсер Айхан Эроглу менен.
Нурсултан Кеңешов продюсер Айхан Эроглу менен.

Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студент Нурсултан Кеңешов өзү жазган сценарийдин негизинде «Ойгон» аттуу көркөм фильм тартууга даярдык көрүүдө.

Кинотасма түрк тилдүү мамлекеттерден келип окуп жаткан студенттердин жашоосун жана баңгизаттардын жаштарга тийгизген терс таасирин чагылдырат.

Нурсултан Кеңешов учурда «Нилүфер» көркөм тасмасынын чыгармачыл тобунда иштейт. Тасма Нурсултан билим алып жаткан Түркиянын Кастамону шаарында тартылып жатат. Ал түркиялык бул абройлуу чыгармачыл топко кантип кошулуп калганын айтып берди:

«Атактуу түрк режиссеру Айхан Эроглу мени «студент экенсиң, бизге жардам бер» деп чакырып калды. Мен дароо макул болуп чыгармачылык топко кошулуп калдым. Менин бул топто милдетим - режиссердун каалаган нерсесин таап келүү же башкача айтканда оң колу болдум десем болот. «Нилүфер» тасмасы терроризм темасын камтып, ага 90дон ашык актёр жана актрисалар катышты. Мисалы, режиссер бир күнү мага «15 аксакал таап кел» деди. Мен дароо айылга барып ал каалаган типаждагы аксакалдарды таап келдим. Бир күнү операторго, бир күнү жарыкчыга жардамчы болдум. Айтор кино аянтчасында кандай кара жумуш болсо баарын көрүп-билип, үйрөндүм десем жаңылышпайм».

Нурсултан Кеңешов «Нилүфер» кинотасмасы тартылып жатканда.
Нурсултан Кеңешов «Нилүфер» кинотасмасы тартылып жатканда.

Ошентип, бул тасма Нурсултан үчүн чоң тажрыйба эле эмес, даярдап жүргөн киносценарийине продюсерлердин назарын бурушуна себепкер да болуптур. Түрк режиссеру Айган Эроглу кыргызстандык студенттин сценарийи менен таанышкандан кийин өзү баш болуп тартып берүүгө макул болуп, келишим түзүшкөн.

Нурсултан өзү «Ойгон» көркөм тасмасынын сценарийине мындайча түшүндүрмө берди:

«Мен түрк досум Бүнямин менен сценарийин жазган «Ойгон» тасмасы Түркиядагы студенттердин жашоосун чагылдырат. Студенттердин арасында кыргызстандыктар, өзбекстандыктар, азербайжандык мектеп окуучулары да болот. Мен муну менен ар кайсы улуттагы жаштар болсок да түрк тилдүү тарыхтан келебиз деген ойду айткым келген. Ошондой эле акыркы жылдары жаштар арасында күч алган баңзизаттардын зыянын колумдан келишинче түшүндүрүүгө аракет кылдым».

Тасманы тартуу быйылкы жайга пландаштырылган. Аны толугу менен түрк продюсердик борбору каржылайт. Башкы ролдорду түрк актерлору, Нурсултан өзү жана анын чет өлкөлүк студент достору аткарышат. Бул тасма аркылуу студент-режиссер ириде эл аралык жана жергиликтүү кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарды ээлегиси, режиссер катары таанылгысы келет.

«Буюрса кинотасмабыз бүткөндөн кийин Кыргызстандын, Казакстандын жана Түркиянын кинофестивалдарына жиберебиз деп пландаштырганбыз. Бирок мен үчүн эң маанилүү тарабы - «Ойгон» тасмасы жаштар тууралуу болгондуктан Түркиянын бардык университеттерине таратып, студенттер менен чогуу көрүү мага чоң жетишкендик болмок. Албетте, социалдык тармактарга да коёбуз деп турабыз, анткени учурда социалдык тармактагы тасмалар жаштарга да тез жетет деген ойдомун», - деди ал.

Кыргызстандык Нурсултан Кеңешов Кастамону университетинин rоммуникация факультетинин бүтүрүп жатат. Ал түрк киноиндустриясында тажрыйба топтоп алып, келечекте Кыргызстанда продакшн студия ачууну кыялданат. Бул кыялына жетүүгө жаңы баштап аткан «Ойгон» тасмасы жол чаап берет деп ишенет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG