Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

"Акыйкат" кыймылынан эркин журналистикага чейинки жол


Бакыт Орунбеков
Бакыт Орунбеков

Заманбап кыргыз айдыңдарынын мээнеткеч журналист, публицист жана илимпоз өкүлдөрүнүн бири Бакыт Орунбековдун алтымыш жылдык мааракесине карата жазылган тарыхчынын блогу.

Замана сааты улам жаңы дем менен чыкылдап, жебелери илгерилеп, эми кыргыз элинин кыраан журналист, публицист жана саясий илимдердин кандидаты Бакытбек Орунбеков алтымыш жаштын сересине чыга берген учурга да күбө болдук.

Бакыт инимди мурдагы илеп менен дагы эле жашыраак санаганыма карабастан, анын паспорту кашкайган чындыкты айтып салып жатат: ал 1964-жылы 28-апрелде Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Демек, эми ал “-мыш” жылдарынын чайын иче баштады.

Бул Арал айылы мен үчүн өзгөчө сүйкүмдүү. Себеби анда Бакыт гана эмес, анын агасы, ыраматылык Бейше Үрстөнбеков (1938—1991) агай да туулган эмеспи.

Бейше агай (совет доорундагы эмгектеринде анын ысымы “Бейше Урстанбеков” деп жазылчу) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча адис, кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын иликтөөчүсү, тарых илимдеринин кандидаты, мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ; азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – КУУ) доценти эле.

Бейше Үрстөнбеков агайым “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Кыргыз ССРинде өнүккөн социализмдин тушунда кесиптик-техникалык билим берүүнүн өнүгүшү (1959-1970-жж.)” (1981), “Коло доору” (1986), жана ушул саптардын ээси менен биргеликте калемдешип жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” (1990) ж.б. эмгектерди жарыялаган.

Бейше агайдын ысымы өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылганын кошумчалай кетели.

Өлкө түндүгү менен түштүгүн бириктирчү жаңы жолдун картасы. 10.11.2021.
Тогуз-Торонун Арал кыштагынын аймагы Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирчү жаңы автоунаа жолдун таманында жайгашкан. Карта. 10.11.2021.

Тээ 1980–90-жылдары Бейше агайдын айылына байма-бай каттап жүрүп, Бакыт иним туулуп-өскөн “Алтын чөйчөк” аталган кооз өрөөндү ич жагынан мыкты билип калдым.

Дал ушул өрөөн XIX кылымда (Тайлак Баатырдын тушунда) Кыргызстанды чет жердик баскынчылардан коргоодогу маанилүү табигый жана жоокердик чеп болуп калган. Дал ушул өрөөн чөлкөмдүк соода жолунун таманында да жайгашкан, бул жагынан ал тогуз жолдун тоому болгон өрөөн болуп саналат.

Ушул өрөөндүн баатырдык салтын Бакыт инибиз фольклордук мурас аркылуу мыкты өздөштүргөн. Балким, анын чечкиндүү болуп тарбияланышына тогуз-торолук жана ак-талаалык эгеменчил ата-бабалар тууралуу маалымат да огожо болгондур?

Бакыт, алыскы элетттик жигит, оболу 1984–87-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы КУУда) журналистика бөлүмүндө окуган. Кийин ал батылдык кылып, Орусиянын ордо шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы Маскөө мамлекеттик университетинин (ММУ) журналистика факультетине которулуп кетти.

Ошол 1989–1990-жылдары ал Маскөөдөгү кыргыз диаспорасынын демократиячыл жаштар канатынын саясий ишмердүүлүгүнө жандуу катышкан (тактап айтканда, досу Кубат Чекиров экөө демократиячыл кыргыз жаштардын “Акыйкат” уюмунун уюштуруучуларынан болгон).

Бакыт Орунбеков өзүнүн “КДК кыргыз демократиясынын пайдубалын түптөп, кышын койгон” деген макаласында 1989-жылдагы күрдөөл учурду мындайча сыпаттаган:

“Жер-жерлерде “Ашар”, “Демилге”, “Көк-Жар”, “Мемориал”, “Дыйкан Ордо”, “Эколог”, “Жаш тарыхчылар жамааты”, “Демос” ж.б. ондогон бейформал уюмдар түзүлүп, иш алып барып жатканы белгилүү болгон. Ал тургай Москвада окуп, иштеп жаткан кыргыз жаштары “Акыйкат”, Ленинград шаарындагы мекендештерибиз “Ак кеме” уюмдарын уюштурушуп, Ала-Тоодогу ачылган демократиялык уюмдар менен санаалаш экендиктерин билгизишкен. Алардын арасында ушул саптардын ээси да бар экендигин эскерте кетсек ашыкча болбос. Ошондон бери Кыргызстандагы бардык саясий процесстердин (жүрүмдөрдүн. – Т.Ч.) күбөсү, катышуучусу болуп келе жатам...”

Бакыт бул демократиячыл толкунда кыргыздын студент жаштарынын да салымы болгондугун акыйкат белгилейт:

“ал учурда студенттик кыймылдын алдыңкы өкүлдөрү К.Кошалиев, Ы.Досбаев, А.Койчиев, А.Кулматов, М.Буржуев, К.Чекиров жана башка жүздөгөн ысымдарды сыймыктануу менен атасак болот”.

(Караңыз: Орунбеков Б. КДК кыргыз демократиясынын пайдубалын түптөп, кышын койгон // "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы – КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint”, 2015. – 166 б., сүрөт. – Б. 46–48).

Албетте, жигердүү демократ жарандарыбыздын арасында Наталья Аблова, Ракыя Жусупова, Бүбайша Арстанбекова, Жыпара Жанызакова, Зуура Үмөталиева, Динар Иманова, Жаңылсынзат Турганбаева, Айнагүл Жоошбаева, Венера Койчиева, Жамыйкат Өмүрова сыяктуу кыздарыбыз да болгондугун кошумчалай кетели.

1990-жылы Бакыт ММУнун ийгиликтүү аяктаган.

Бакыт Кыргызстанга кайтып келээр замат “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) уюмунун ишмердигине жигердүү катышуусун уланткандыгын жакшы билем.

1990–1995-жылдары ал жаштардын “Асаба” гезитинде, андан соң КДКнын басма органы болгон “Майдан" гезитинде кабарчы, жооптуу катчы жана башкы редактордун орун басары болуп иштеген.

Аман Токтогулов агай каза болгон соң, Б.Орунбеков “Майдан” гезитинин баш редактору болуп калган.

Демек, Бакыт Кыргызстандагы эгеменчил жана демократиячыл жүрүмдөргө сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө бараандуу салым кошту.

Бакыт жаңыдан телчигип келе жаткан көз карандысыз Кыргызстандын дипломатиясына да кызмат өтөдү.

Ал 1995–97-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде маалымат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1996-жылы ал Пакистандын ордо шаарында Исламабад дипломатиялык академиясынын атайын курсун бүтүргөн.

Менимче, аны дипломатиялык багыттагы ишке тарткан – кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери жана дипломаты Роза Отунбаева эжеке болду. Анын башкаруучулук мектебинен өтүү – Бакыт үчүн кийинки кызматтарына да чоң тажрыйба катары мыкты таасир берген.

1997–1999-жылдары Б.Орунбеков Жалал-Абат облустук акимиятында социалдык өнүгүү департаментинин директору кызматын аркалаган.

1999–2005-жылдары ал “Акыйкат”, “Фергана” гезиттеринин баш редактору болуп иштеген.

XXI кылымдын башындагы (2005-жылдын мартындагы) алгачкы элдик ыңкылаптан соң, Бакыт Бишкек шаарына кайтып келди.

2005–2006-жылдары ал жумурияттык “Кыргыз Туусу” гезитинин баш редактору болуп иштеди.

Ал эми 2006-жылдан тартып ал “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунда (“Азаттык Медиа” мекемесинде) жергиликтүү интернет редактору, кийин кабарчысы болуп иштеди. Ал кезде мен “Азаттык” үналгысынын деректири элем.

Бакыт “Азаттыктын” интернет барагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту деп таасын айта алам.

Бакыт Орунбеков. 2017.
Журналист, илимпоз Бакыт Орунбеков. 2017.

Б.Орунбеков илимий-педагогдук иш-аракетти да унутта калтырган жок.

Ал 2006-жылдан бери Эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) журналистика бөлүмүнүн башчысы, андан соң ага окутуучу, доцент катары эмгектенип келет.

Айтмакчы, ара-чолодо (2010–2013-жылдары) ал “Кыргыз Туусу” гезитинде экинчи жолу баш редактор кызматын аркалаган.

Өзүнүн ар тараптуу педагогдук ишмердиги үчүн Бакыт Орунбеков 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” наамына ээ болгон.

Ал маркум профессор Кусейин Исаевдин татыктуу шакирти, саясий илимдердин кандидаты. Анын дарстары дагы студенттер үчүн журналисттик жана демилгелүү жарандык тажрыйбаны теориялык билим менен айкалыштырган заманбап адистин баалуу кеңештерин камтып келет.

Бакыт ондон ашуун публицисттик, илимий-жамаагаттык жана агартуучулук китепти жарыялады.

“Ак эмгекке байланган өмүр” аттуу жыйнактын мукабасы. 15.5.2018.
“Ак эмгекке байланган өмүр” аттуу жыйнактын мукабасы. (Түзүүчү Б.Орунбеков). КУУ, Бишкек. 15.5.2018.

Алардын арасында “Тогуз-Торо” (кичи мекендин кичи энциклопедиясы; Бишкек, 1994); “Кадырлуу классташтарым, ардактуу агай-эжейлерим” (Жалал-Абад, 2001), “Журналистиканын эл аралык стандарты” (окуу-усулдук колдонмо; Бишкек, 2009); “Чайпалган Кыргызстан” (публицисттик жыйнак; Бишкек, 2009); “Көп партиялууулук жана парламентаризм келечеги”, (монография; Бишкек, 2011); “Бөлүнгөн Кыргыз”, (публицисттик жыйнак, Бишкек, 2014); “Журналистика негиздери” (окуу китеби; Бишек, 2015); “Бүткүл дүйнөлүк журналистиканын тарыхы” (окуу китеби; котормо; 2019); “Саясий көз караштар тарыхы” (окуу-усулдук колдонмо; Бишкек, 2018); “Менин тагдырымдагы инсандар” (публицисттик жыйнак; Бишкек, 2020) жана башка эмгектери бар.

 Гүлзада Станалиева, Бакыт Орунбеков жана Бакыт Дыйканов. 20.6.2019.
Дүйнөлүк журналистиканын тарыхы» аттуу котормо китептин авторлору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары (солдон оңго): Гүлзада Станалиева, Бакыт Орунбеков жана Бакыт Дыйканов. 20.6.2019.

Ал эми Бакыттын илимий жана жамаагаттык макалалары жүздөп саналат.

Түзүүчү (же түзүүчүлөрдүн бири) катары Бакыт жарыялаган китептердин арасында “Кыргызстан: элдик революция 24-март, 2005” (Бишкек, 2006); “Тогуз-Торо району” (энциклопедия; Бишкек, 2007); “Талантка таазим” (акын, журналист, котормочу Аман Токтогулов жөнүндө; Бишкек, 2010); “Мударис” (философия илимдеринин доктору, профессор К.Исаев жөнүндө; Бишкек, 2016); “СССР мамлекети күбөлөрдүн көзү менен” (оозеки тарых жаатында; Бишкек, 2017); “Ак эмгекке байланган өмүр” (тарыхчы, доцент Б.Үрстөнбеков жана коомдук ишмер Б.Аалиева жөнүндө; Бишкек, 2018); “Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен” (оозеки тарых жаатында; Бишкек, 2022); жана башкалар бар.

Бакыт калеминин чабытын кино сценарийи жаатында да кеңйтип, 2021-жылы “Жусуп Абдрахманов” көркөм тасмасынын сценарийин жазды. Андан 2 жыл илгери Б.Орунбеков бул залкар мамлекеттик ишмер тууралуу даректүү тасманын сценарийин да жазган.

“Азаттык” үналгысы Бакыттын дүйнөгө карата көз карашын ого бетер кеңейтти жана коомубуздун улам жаңы түйшүктөрү менен чакырыктарын өз учурунда жана жаңы өңүттөрдө чагылдырусу үчүн шарт жаратты деп санайм.

Бир мисал келтирсек, 2015-жылы Улустун Улуу күнү (Нооруз) майрамынын ирегесинде Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Араван районунун айылдарынын бириндеги сүмөлөк бышырып жаткандарга “Аллаху акбар, силер каапырсыңар!” деген кыйкырык менен кайсы бир бейбаш топ бастырып кирип, мушташ чыгарган. Бул окуя коомчулукту дендароо кылып, айрым ала-тоолуктардын ичинде кооптонууну пайда кылган.

Бакыт Орунбеков ошол окуяга дароо кайрылып, “Азаттыктын” “Арай көз чарай” түрмөгүнүн алкагында кызыктуу талкуу уюштургандыгы жадыбызда.

(Караңыз:

Орунбеков, Бакытбек. Санаага салган диний чакырык // Азаттык үналгысы. –

18-Март, 2015-жыл.)

Бакыттын чыгармачыл дүйнөсүнө бекем чеп болуп берген кудуреттүү күч – анын үй-бүлөсү: жан шериги Чолпон, уулдары – Нурсултан, Алтай кыздары – Бегимай, Нурай.

Эми алтымыштын кырына күүлүү-демдүү илинген инибизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, албан чыгармачыл ийгиликтер жана ушунча жаштын кайталанышын тилегим келет.

Калемиңден эгерим жыдыбагын, Бакыт. Ылайым сенин ар бир жаңы омоктуу оюң жаш муундарга өрнөк боло берсин!

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG