Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Эгемендик: Кыргызстандын тышкы саясаттагы жолу


Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Кыргызстан эгемендигинин 32 жылдыгын белгилеп жатат. Бул датаны утурлай “Эркиндик үнү” подкастында Кыргызстандын азыркы дүйнөдөгү орду тууралуу сүйлөштүк.

Подкасттын коноктору Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, профессор Аликбек Жекшенкулов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Эл аралык комитеттин Абдывахап Нурбаев.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, профессор Аликбек Жекшенкулов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, профессор Аликбек Жекшенкулов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев.

- Аликбек мырза, сиз эгемендик жылдарда дипломатиялык чөйрөдөгү жетекчилердин бири катары чечимдерге, тышкы саясаттын жүрүш процесстерине катышып келесиз. Кыргызстандын азыркы тышкы саясаттагы, эл аралык алакадагы ордуна, абалына кандай баа бересиз?

Аликбек Жекшенкулов: Эгемендик биздин башыбызга күтпөгөн күндөй эле болуп тийди. Үч славян өлкөсү "Беловежская пущада"(ред. - 1991-жылдын 8-декабрында СССР биротоло жоюлушуна алып барган Беловеж келишимине кол коюлган) биригип алып, СССРди таратты. Мен ошол кезде “Легендарлуу парламенттин” депутаты болчумун. Бул биз үчүн күтпөгөн окуя болгон. Башында ар кандай мамлекеттер бизди эгемен мамлекет болгондон кийин жаңыча иш алып барсын деп ар кимиси өз мүмкүнчүлүгүнө, кызыкчылыгына жараша жардам беришкен. Түркия, Кытай, Америка, Орусия, Европа Биримдигинин өлкөлөрү эгемендиктин шарттарын, мыйзамдарды кантип кабыл алып, дипломатияны кантип жүргүзүш керектиги боюнча шарт түзүп беришти.

Эгемендиктин алгачкы он жылы биз үчүн эмоционалдуу тышкы саясат болду десек болот. Анткени тажрыйбабыз жок, билимдүү кадрларыбыз аз болчу. Бул дегени ким эмнени айтып, каякка багыттаса, ошону жасап, туура-катасын аңдай албай, чаташып калат элек. Андан берки саясат жылдан-жылга прагматикалык негизде жүрө баштады. Тышкы саясат негизинен улуттук кызыкчылыкка дал келиши керек.

-Азыркы тышкы саясат улуттук кызыкчылыкка дал келип жатабы?

Аликбек Жекшенкулов: Баары дал келиши кыйын. Стратегиялык жактан караганда, бул акырындан калыптанып келатат. Улуттук кызыкчылык көп нерсени камтыйт. Аны аныкташ үчүн элдин, адистердин, илимпоздордун пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алынышы керек. Дүйнөлүк практика ушундай. Бизде азырынча жолго жакшы коюла элек.

Маектин видеосун толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот:

- Абдывахап мырза, сиз ушул жылдары ишкерликте жүрүп, кийин депутат болгон адам катары азыркы дүйнөдөгү Кыргызстандын ордун кандай баалайсыз?

Абдывахап Нурбаев: Кыргызстанды азыр дүйнөдө эми бутуна туруп жаткан өлкө катары көрөм. Анткени дүйнөлүк процессти алып караганда 30 жыл аз убакыт. Бирок биз бул аралыкта туруктуу өнүгө турган системаны тургуза алган жокпуз. Советтер Союзу урап, эгемендик алгандан кийин деле СССР маалындагы кызматкерлер иштеп калып, демократиялык түшүнүктөр орнобой калды. Бизде демократияны толук түшүнүп, системаны орното турган адам болгон жок. Аны түшүнгөндөр болгону менен Баш мыйзамды башкалар жазды. “Мен бийликке келип калсам кандай болот?”-деп ыйгарым укуктарды ошого жараша бөлүштүрүп жатышты, Конституция да тез-тез өзгөрүп жатты. Биз ата-бабалардан калган баалуулуктар, түшүнүктөр менен демократияны айкалыштырып бир система түзүп алганыбызда, алдыга жылып кетмекпиз. Тилекке каршы, муну кыла албай, президенттик, кийин парламенттик башкарууга өтүп, кайра президенттикке кайтып жүрүп калдык.

1980-жылы дүйнөдө 45 мамлекет демократиялык-парламенттик республика болсо, 2000-жылы алар 99 мамлекетке жеткен. Дүйнөлүк практика өлкө демократиялык баалуулуктар менен гана алдыга жыларын көрсөтүп жатат. Биз парламентаризмди да толук орното албай, бир жагынан парламентти элге жаман көрсөтүп алдык. Демократия, реформа деген сөздөрдү аны түшүнбөгөн адамдар колдонуп жатып, буларды да жек көрсөтүп алдык. Эмесе чыныгы демократияны колдонуп, элге туура жеткиргенибизде өнүгүү жолуна түшмөкпүз.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биз көп жагынан алдыдабыз. Алсак, сөз эркиндиги, адам укугу, эркин жашоо, демократиялык принциптер, парламентаризм курууда биздин жетишкендиктерибиз бар. Бирок бул аймак бизге критерий болбошу керек. Биз Азиядагы Сингапур, Түштүк Корея сыяктуу болуп өнүгө алабыз. Бирок буга алып бара турган системаны кура албай жатабыз.

- Эгемендик алгандан кийин ошол кездеги президент Аскар Акаев Кыргызстан экинчи Швейцария болушу керек деген кыялын, максатын ачыкка чыгарган. Мында ал өлкөнүн дүйнөдөгү орду, экономикалык абалы, ал жактагы демократиялык баалуулуктардын көрсөткүчтөрүн назарга алса керек. Бул эгемендик менен кошо мамлекеттин тышкы саясатынын башталышында айтылган сөз болгон. Бул мүдөөлөр эмне үчүн ишке ашпай калды?

Аликбек Жекшенкулов: Аскар Акаев муну чын дили, ниети менен айткан сөз болгон. Бирок буга таасир эткен көп факторлор болот. Өлкөдөгү коом, тышкы саясат, аймактагы абал кандай болуп жатат? Коомдук процесстер кандай болуп жатат? Мисалы, ошол кездеги коомдук процесстер азыркыдан кыйла айырмаланып турган. Биз БУУга, эл аралык уюмдарга мүчө болуп киргенде эл аралык мыйзам, демократия, адам укугу деген сөздөр жайылган болчу. Азыр “күч” деген сөз таасирдүү. Байкасаңар, азыр чоң мамлекеттер бөлүнүп, бири-бирине каршылык күчөп, биз сыяктуу чакан мамлекеттер кайсы жакка оой турганын билбей туруп калдык.

-Эгерде буга коомдук түшүнүк маанилүү болсо, анда эгемендик алган жылдардагыдан азыркы абал кандай болуп өзгөрдү?

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

Аликбек Жекшенкулов: Бизде “алма быш, оозума түш” деген саясат болгон. “Бизге бирөө сөзсүз жардам бериши керек, инвестиция тартышы керек, булар бизди колдойт” деген күтүүлөр көп болгон. Азыр көп каталарды түшүндүк. Мен он жыл мурда кыргыз эли эч кимден жакшылык күтпөй, Кыргызстанды өз жарандары гана көтөрүү керек деп айткам. Биз ушул жолго баратабыз. Мындан башка амал жок.

- Абдывахап мырза, Кыргызстандын 32 жылда тапкан эл аралык саясатта кайсы өлкөлөр менен кандай статуста өнөктөш боло алды? Дүйнөгө канчалык ачыла алды? Пайдалуу, туура тышкы саясат жүргүзүү кандай критерийлер менен каралышы керек?

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: Биз эгемендик алган жылдары, Аскар Акаев президент болуп турган маалда дүйнөгө ачыла алдык. Ошондо бизди "Борбор Азиядагы демократия аралчасы" деп атап калышкан. Анда башка өлкөлөрдүн бизге басымы жок болгон. Мисалы, Орусия да экономикалык жактан кыйналып, өзү менен өзү болуп турган. Ошол маалда биз дүйнөгө ачылып, жаштарыбыз дүйнөлүк окуу жайларга барып билим алып, эл аралык уюмдар бизге келе баштаган. Азыр келген бардык бийлик эле көп векторлуу саясат жүргүзөбүз деп айтып жүрүшпөйбү. Ошол саясат ошондо башталган. Кийин бул саясат уланбай калды.

Биз дүйнөгө ачылган маалда Кыргызстанда жарандык коом калыптанып калды. Жарандык коомдун арты менен бизде сөз эркиндиги пайда болду. Ушундай баалуулуктар акырындан калыптанып келе жатат. Анткен менен сөз эркиндигин чектеп, адам укугун бузган учурлар да болду. Бирок буга эч кайсы бийликтин күчү жетпей койду. Себеби бизде коңшу өлкөлөрдөгүдөй бийликти күчтөп тура турган мунай, газ сыяктуу жер байлыктары жок, эл гана бар. Союз кыйрагандан кийин биздин эл жумушсуз калып, кийин өзүн-өзү багып, ар тарапка кетти.

Бир жаман жери, биз бир өлкөгө көп жарандарыбызды жөнөтүп, ага көз каранды болуп калдык. Мамлекеттин ошондогу милдети диверсификация кылып, башка өлкөлөр менен сүйлөшүп, визасыз режимдерди киргизип, мигранттарды ар тарапка жөнөтүшү керек эле. Биз мигранттарыбыз бир өлкөдө болгону үчүн көз карандылыгыбыз артып калды.

Жакшы жагыбыз сөз эркиндиги, адам укугу корголуп, жарандык коом түптөлдү. Жаман жагыбыз экономикалык жактан бир өлкөгө көз каранды болуп калбадыкпы. Ар келген өкмөт темир жол куруп, океанга чыгабыз деп айтып жатканы менен ишке ашыра алган жок. Экономикалык жактан дагы эле эркиндикке жете элекпиз.

-Сиз айткан көз карандылык эмнеден улам келип чыкты?

Абдывахап Нурбаев: Бул туура эмес саясаттан келип чыкты. Анткени биздин бийликтегилер, президент, партия менен парламентке келем дегендер Орусияга барып, Москванын “батасын” алып жүрүшкөн. Элге эмес, башка өлкөнүн лидерлерине таянган саясат жүрдү. Дүйнөлүк банктын маалыматына карап көрсөңүз, биз 2015-жылга чейин экономикабыз өсүп, кийин төмөндөй баштаган. Биз ЕАЭБге киргенден кийин артка кетип жатабыз. Анткени бизде туура эмес саясат болуп, дүйнөнүн 98 пайызына жабылып, эки гана пайзына ачылдык. Өнүккөн өлкөлөр дүйнөгө ачылып, эркин экономикалык саясат жүргүзүшөт. Карап көрсөңүз, бизде “Мерседес”, “Ауди”, “БМВ” унааларына бажы төлөмдөрүн көбөйтүп, алардын ордуна “Жигули”, “Москвичтер” келип атат. Эми ушуну аласыңар деп күч менен жүрүп жатат. Биздин ишкерлер бул чечим туура эмес болуп калганын эми сезип, түшүнүп жатышат.

- Аликбек мырза, азыр Орусиянын таасири тууралуу сөз болуп калды. Кыргызстандын тышкы саясаттагы бурулуштары катары АКШнын аскер базасынын чыгарылып, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши, ЖККУга мүчө болушу айтылып жүрөт. Келген бийликтин баары эле көп векторлуу саясат жүргүзөбүз дегени менен дипломатия Орусия ыкталып калгандай түр калтырбайбы? Сиздин бааңыз кандай?

Аликбек Жекшенкулов: Мен айтылгандар менен макул эмесмин. Анткен дүйнө жүзү бири-бирине көз каранды. Азыркы саясатты карап көргүлө. Бул идеология багыттары туурабы, улуттун кызыкчылыгына туура келеби, кеп ушунда. Бизде улуттук кызыкчылы так аныкталбагандыктан, ушундай кырдаал жаралып жатат. Бул жерде тарыхыбыз Орусия менен бир мамлекет болуп, саясий, гуманитардык жана бардык тарапта бир система болуп калгандыктан, ошол жолду уланттык. ЕАЭБ биздин экономиканы артка кетирди деп айтылып калды. Бардык траспорттук система Европага ошол эле Орусия аркылуу кетет. Мигранттарды айтпай эле коёюн. Ундун 80%, мунайдын 90% ошол жактан келет. Эми ошолорду Орусия бууп койсо, эмне болмокпуз?

Албетте, башка мамлекеттер менен алака түзө албай калганыбыз чын. Бирок мунун себеби башкада.

-Эмнеде?

Аликбек Жекшенкулов: Мисалы, бизде адис жетишпейт. Евробиримдик бизге ВСП+ долбоорунун алкагында 5 миң түр товарды киргизүүгө уруксат берген. Биз муну эч пайдалана алган жокпуз. Күнөө системада. Биздин балдар товарды ошол жакка кантип ташуунун жол-жобосун билбейт. Жакында Кытайда болуп келдим. Биз алардын системасын да билбейбиз. Ал жакта квота деген болот, ага кирүү үчүн жылдап күтөт экенсиң. Биз Кытайга экспорт кылабыз деп жүрөбүз. Ал үчүн биринчи адистерди тарбиялаш керек, кептин баары ушунда. Унаа ташуу боюнча 32 жыл мурдагыдай эле Польшага, Германияга барып, жалданып иштеп жүрүшөт. Бирок соода тармагын бир системага келтиришибиз керек. Мамлекет муну башка өлкөлөрдүкүнө дал келтирмейинче, кыйынчылыктар боло берет. Бирөөгө доомат койгондон эч нерсе чыкпайт.

“Улуттун кызыкчылыгын география аныктайт” деген түшүнүк бар. Булар биздин кошуналар жана жакын жайгашкан мамлекеттер. Алар байбы, кедейби, агрессивдүүбү, алсызбы, ушунун баары аныктайт.

- Кыргызстан саясий чечим кабыл алууда толук көз карандысыз деп айтууга болобу? Орусиянын таасири жөнүндө сөз кылдык, алардын саясатчыларынын, бийлигинин таасири барбы?

Аликбек Жекшенкулов: Азыр эч кайсы өлкөнү көз карандысыз деп айта албайсың. Мисалы, Европа азыр “русофобияны” өнүктүрүп жатпайбы. Убагында Орусия менен алака түзүп, жер ресурстарын алып кызматташкан Европа болчу. Азыр эми АКШнын саясатын улантабыз деп, өздөрү экономикалык жактан зыян тартып жатышат. Бул жерде эл аралык саясатта чоң мамлекеттер чакан өлкөлөргө кандай болбосун таасир этет. Эл аралык саясат өтө татаал, ошол эле маалда сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, ичи кылдаттыкты талап кылат.

-Бирок мындай кырдаалда улуттук баалуулуктар так коюлушу керек да...

Аликбек Жекшенкулов: Туура. Эгер биз баалуулуктарды так коё албасак, башка мамлекеттер аны бизге үйрөтөт. Мисалы, бирөө Батышты, бирөө Орусияны, башкасы Исламды, теңирчиликти карайт. Муну кыргызстандыктар карап, аныктамайынча, ушундай улана берет.

- Орусия-Украина согушу башталгандан кийин дүйнөдөгү геосаясий кырдаал өзгөрдү. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү Орусиянын саясатын айыптаса, Кремлге өнөктөш саналган өлкөлөр нейтралдуу позицияны жактап же колдоосун ачык билдирип жатышат. Бул кырдаал Борбор Азияны да эки оттун ортосунда калтыргандай маанай жаралды. Мунун эпкини Кыргызстанга да байкалып, бир жагынан санкциялардын коркунучу турат. Мындай чиеленишкен кырдаалда Бишкек кандай саясат жүргүзүшү керек эле?

Абдывахап Нурбаев: Биз Орусияга эки фактор менен көз карандыбыз. Азыр бир миллиондой мигрантыбыз ошол жакта жүрөт. Экинчиси, биз мунай боюнча көз карандыбыз. Бул биздин 32 жылдагы жетекчилербизидин элди, эгемендикти ойлобой, Орусияга жагынам деген саясаттын кесепети болгон. ЕАЭБде эреже иштебейт, эч ким сактабайт. Мисалы, Казакстан чек арасын жаап койду эле, 400 жүк ташуучу күтүп калды. Ошончо ишкер кыйынчылык тартты. Кыргызстандагы негизги байлыгы – ишкерлер. Алар салык төлөп, мамлекетке салым кошуп жатат. Мамлекет ушундай туура эмес чечимдерди кабыл алып, аларга тоскоолдук кылып жатат.

Кыргызстандын Украинадагы согуш боюнча нейтралдуу позицияда болгону туура. Анткени санкция салган өлкөлөргө кире албайбыз, буга экономикабыз жол бербейт. Бизде ички саясатта демократия орноп, мамлекет адамга басым жасап, адамга кызмат кылса, башка жыйынтык болмок. Бизде Советтер Союзунун “суусун ичип калгандар” дагы эле мамлекет башкарышы керек, баарын жасашы керек, биз мамлекетке кызмат кылышыбыз керек деп жүрүшөт. Бул такыр туура эмес түшүнүк. Мамлекетке кызмат кылам дегени бийликке, чиновниктерге кызмат кылам дегендик. Бирок биз кандай болгон чакта дагы өлкөнүн кызыкчылыгын өйдө коюшубуз керек. Бир өлкөнүн тышкы иштер министри силер кыргыз тил мыйзам кабыл алып жатасыңар деп бизге доомат койбошу керек. Буга тышкы иштер министри бул биздин ички саясатыбыз деп так жооп бериши керек. Бирок министр жооп бере албай жатпайбы.

- Тышкы саясатта улуттун кызыкчылыгы корголушу маанилүү деп экөөңүздөр тең белгиледиңиздер. Бул кызыкчылык кантип аныкталышы керек? Критерийи эмне болушу керек?

Аликбек Жекшенкулов: Улуттун кызыкчылыгы үчүн элге жакын идеологияны аныкташ керек. Жапондор улуттук баалуулуктары менен демократияны айкалыштырды. Биз ошону кыла албай жатабыз. Бизде улуттук баалуулук десе эле, калпак, улуттук кийимди, оюн-зоокту көрсөтүп жатпайбы. Негизинен Манастын ар бир осуятын териштирип чыкса болот. Анан бизде улуттун кызыкчылыгын бир саясий топ эле аныктап коюп жатпайбы. Муну элге салып, бардык тараптарды катыштырып тандоо жасоо керек.

Абдывахап Нурбаев: Быйыл февралда америкалык экономист Жеймс Робинсон Бишкекке келип, “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” деген китебинин бет ачарына катышты. Ошол жерде өлкөлөрдүн өнүгүшүнө анын географиялык абалы, аба ырайы, улуту таасир этпейт деп айтылды. Бул үчүн бир гана нерсе – өлкөдө көз карандысыз институттарды болушу шарт деп айтып жатат. Бул китепти дүйнөдөгү көп экономисттер колдонуп жүрөт. Президент Садыр Жапаров да ошол китепти окуп жатам деп айтпады беле. Ал жерде бул негиздерди өлкөлөрдүн тарыхы, жолу менен далилдеп берип жатат. Мамлекетти өлкөдөгү күчтүү жарандык коом көзөмөлгө алып турганда коррупция жоюлат, бийлик ачык иштейт. Кайсы өлкө ачык болуп, бюджет элдин көзөмөлүндө болуп, жетекчилер отчет берип, шайлоолор таза өтүп турса, өнүгүү болот. Баалуулук ушул болушу керек.

- Эми аймакка келсек. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерге, аларга болгон Кыргызстандын алакасына кайрылсак. Учурда Казакстан чек арасын жаап, буга Кыргызстандын суу берүүнү токтоткону себеп экени кулуарда айтылып жатат. Былтыр Өзбекстан менен чек ара такталып, эки өлкөнүн бийлиги тең ортодогу алаканы жогору баалайт. Ал эми Тажикстан менен чек ара маселеси дагы эле чечилбей турат. Бул Борбор Азиядагы абалдын азыркы көрсөткүчү. Аймактын келечеги, ортодогу алака, эгемендик алган жылдан бери чечилбей келген чек ара маселелери кандай нукта жүрүшү керек? Тышкы саясатта кошуналарга кандай приоритет берилиши керек?

Аликбек Жекшенкулов: Борбор Азиядагы ар бир мамлекеттин өзүндө ар башка система түзүлүп калган. Баары президенттик башкарууда болгону менен төртөөндө төрт башка система. Казакстан менен мамиледеги негизги көйгөй – коррупция. Торугарт, Эркечтамдан биз аркылуу өткөн товарларды атайын токтотуп, Кытай менен Казакстан аркылуу өткөн жолдорго ыктайт. Бул жерде эки жактын ички коррупциясы бири-бирине дал келбей, атаандашып жатып ушундай кырдаалга келдик. Президенттер декларация кылып айтып койгону менен ички система иштебей жатат. Ушундай кырдаалда көз карандысыз институттар болушу керек.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы илгертен эле татаал. Ошого мында чечим кабыл алууга шашпаш керек.

Абдывахап Нурбаев: Европада жүз жылдап согушка өлкөлөр экономикалык саясатты туура түшүнүп, бир биримдикке киришти. Азыр алардын акчасы, чек арасы бир. Мисалы, биздин аймактагы өлкөлөр менен тилибиз, динибиз бир. Бири-бирибиз менен котормочусу жок түшүнүшөбүз. Бирок биз ошондой мамиле түзө албай жатабыз. Биздин мындай жакын болушубузга үчүнчү күчтөр кызыкдар эмес. Анткени Борбор Азия биригип кетсе, күчтүү болуп, биз менен эсептешпей калат деген чочулоолор бар. Биз ушуну жеңип, таарынычтарды жоюшубуз керек. Анткени дүйнө бизди бир аймак катары карайт.

Аликбек Жекшенкулов: Аймактагы саясий элиталар буга даяр эмес. Азырынча алар эгемендикке “тоё элек”. Кайсы мамлекетти албайлы, ортодо айырмачылыктар бар. Евробиримдик да согушуп, кыйынчылыктарды, жакырчылыкты көрүп, аягында биригүү керектигин түшүнгөн. Биздин мамлекеттер буга келе элек. Азыр акырындан түшүнүп келе жаткандай.

- Кыргыз бийлиги Кытайды жакын өнөктөш катары санап келет. Тышкы карыздын да эң көп бөлүгү Пекинден алынган. Акыркы учурда экономикалык тармактагы кызматташтык жанданганы айтылып, кытайлык компаниялар ГЭС курууга тартылып, Кыргызстандагы ондой көмүр кенди биргелешип иштетмей болуп жатат. Коомчулукта Кытай менен алака түзүүдөн чочулаган, аны жактабаган пикирлер да бар. Бишкек Пекин менен алака түзүүдө эмнелерди эске алып, кайсы багыттардын үстүндө жүргүзүшү керек?

Аликбек Жекшенкулов: Кытай дүйнөдө эң бай, таасирдүү мамлекет, бул потенциалды пайдаланышыбыз керек. Бирок жогоруда айтылгандай долбоорлорго кирүүдө шашпай, кылдат кароо керек. Анткени бардык мамлекет кызматташууда өзүнүн кызыкчылыктарын коёт. Келишим түзүү алдында ушуларды талдап, алардын кызыкчылыгын, өзүбүздүн муктаждыктарды кароо шарт. Келишимдерден коркпошубуз керек, бул азыр мезгилдин талабы. Азыр инвесторлор биздин географиялык өзгөчөлүгүбүзгө, туризмге, энергетикага кызыкдар.

Абдывахап Нурбаев: Кытай менен алака түзүшүбүз керек. Көп дүйнө эли Кытайга кошуна болгонубуз үчүн бизге суктанат, бирок биз бул потенциалды колдоно албайбыз. Дагы бир маселе келишимдерди сабаттуу жазып, иш алып барган кадрларыбыз жок деп айтылбадыбы. Ошол үчүн келишимдерди, макулдашууларды коомго ачык чыгарып, талкуулап кабыл алышыбыз керек. Ошондо улуттун, өлкөнүн кызыкчылыгы корголот.

"Биз кыялдангандай өлкө кура албай жатабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:20 0:00

XS
SM
MD
LG