Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Билимдүү жаран тарыхты да, “Манас” эпосун да билүүсү абзел


Манастын айкели. Талас. 21.3.2023.
Манастын айкели. Талас. 21.3.2023.

Учурда бир катар гуманитардык эмес багыттардагы университеттерден кыргыз тарыхына жана манас таанууга байланыштуу дарстар бир тараптуу алынып салынды. Деги бул кадам – туурабы? Тарыхчынын блогу.

Эгемен Кыргызстанда кыргыз жаранын калыптандыруунун эң маанилүү куралы – бардык университеттердеги жарандык таалим болууга тийиш. Өзгөчө эл аралык делген макамга ээ жана жеке менчик университеттерде окуп жаткандар кайсы мамлекетте жашап жатышкандыгын аңдоосу жана кыргыз тили менен кыргыз маданиятына, демек, кыргыз тарыхына байланыштуу баштапкы маалыматты өздөштүрүп алуусу кажет.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги дал ушул жаатта өз көзөмөлүн колдон чыгарып, техникалык делген бир катар ЖОЖдордогу Кыргызстан тарыхы жана манас таануу сыяктуу сабактарды таптакыр алып салууга жол койгондугу – бул министрлик жарандык таалим-тарбия зарылчылыгы жаатындагы өз мекемесинин милдетин унуткарып койгондугун гана ашкерелейт.

Бул – адаттагы жеке блогдорумдун бири. Бирок мында азыркы эгемен Кыргызстандын өкмөтүнүн ишмердигинде акыркы бир нече жылдын ичинде “кыргыз жараны” деген өтө маанилүү таалим-тарбия комплексин жүзөгө ашырып жаткандагы ырааттуулуктун жоктугу олуттуу көйгөй катары чагылдырылмакчы. Демек, аңдаган кишиге бул блогдун темасы тек гана жеке кишинин турмуш ыракаты тууралуу чектелүү ой толгоосуна жатпайт.

Айрым замандаштарым бир катар университеттердеги милдеттүү сабактардан Кыргызстан тарыхы жана манас таануу сыяктуу сабактарды алып салууну "демократиялык талап" катары кол чаап тосуп алышты.

Анийне, бул – демократиялуу мамлекеттердин салтын билбестик жана түркөйлүк деп санайм.

Батыштын жагдайы

Көптөгөн демократиялык мамлекеттерде ошол өлкөнүн жарандыгын алуу үчүн талаптанган чет элдиктерге атайын ошол өлкөнүн Баш мыйзамын, адам укуктарына кепилдик кылчу жоболорун, өлкөнүн маданий жана саясий тарыхынын урунттуу учурларын үйрөнүү жана ал жаатта сынак тапшыруу талаптары коюлган.

АКШнын жарандыгын алып туруп, кайра АКШнын демократиячыл баалуулуктарына көз жумду мамиле кылган, Евразиядагы баскынчыл, диктатордук жана авторитардык мамлекеттердин саясий багыттарын ачык колдоого алып келе жаткан кээ бир мурдагы чет элдиктерди, анын ичинде кыргыздарды деле көрүп жүрөбүз.

Алар деле АКШнын тарыхы жаатындагы сынакты ийгиликтүү тапшыргандар. Демек, АКШдагы демократиялык асыл-нарктарды сыртынан гана (сынак тапшыруу үчүн) үйрөнүп, өздөрү болсо жаңы чапан жамынганы менен эски авторитардык түшүнүктү көөдөнүндө камтып калгандар деле учурашат экен. Беш манжа тең эмес деңизчи...

Мындай эки жүздүүлүк ар кыл коомдордо кездешет. Мусулман өлкөлөрү делген коомдордо деле бир нече ирет Мекеге ажылыкка барып, андан кайтып келген соң ичкилик ичкен, соода жана ишкерлик долбоорлордо кардарларды алдаган, паракорлук кылган, казинодо кумар ойноп уткан же уттурган далай мурдагы атеисттер, ошол Мекеде жүрүп колу туткактык кылып кармалгандар бар.

Католик диниятчысы болуп туруп, өз тарбиясындагы балдарга бачабаздык кылып, анысы он чакты жылдан кийин араң ашкереленген диниятчылар жөнүндө дагы ачуу чындык эми ачык сынга алынып келет.

Бул – чыныгы турмуштун көмүскө өңүтү.

Бирок, кайрадан АКШнын жарандыгы үчүн тапшырылган сынактын маңызына келсек, бул – өтө татаал деле сынак эмес, бирок ушул мазмуну терең сынакты тапшыруу аркылуу ар бир чет элдик АКШнын түпкү, өзөккү демократиячыл баалуулуктарын өз алдынча аңдоо үчүн баштапкы мүмкүнчүлүк алышат.

Андан кийин деле айрым жаңы жарандардын ичинен миллиондон бири болсо да мыйзам бузууга, демократияга сыйбаган жосунсуз жорукту жасоого баргандыгы – калган ар дайым түз жүргөн миллиндогон жаңы жарандардын АКШнын Баш мыйзамын жана тарыхын үйрөнгөндөгү жагымдуу тажрыйбасын жокко чыгарбоого тийиш.

Туулгандан эле АКШнын жараны болуп, өз өлкөсүнүн тарыхына жана демократиячыл асыл-нарктарына түркөй мамиле кылгандар деле жок эмес да.

Европадагы демократиячыл өлкөлөрдөн болгон чаканыраак өлкөлөргө деле келсек, маселен, чакан Эстонияда деле бул өлкөнүн жарандыгын алууну эңсегендер анын мамлекеттик тилин, тарыхын, маданиятын, мындагы жарандардын милдеттерин биле тургандыктарын атайын сынак аркылуу алдын ала далилдөөгө тийиш.

"Кыргыз коому советтик доордун калдыгынан арылышы керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:18 0:00

Кыргызстандын жагдайы

Өз өлкөсүнүн мамлекеттик тилин жана түпкү улутунун тарыхын билбегендик – Кыргызстан сыяктуу унитардык, чакан демократиялык өлкөлөрдүн болочогу үчүн өзгөчө кооптуу.

Себеби Кыргызстанда “де-кеңештештирүү” жана “де-коммунисттештирүү” жүрүмдөрү 1991-жылдан бери эле авторитардык бийлик ыкмасынын айынан, төбөлдөрдүн саясий сабатсыздыгынын, жемкорлугунун жана азыркыга чейин Кремлге тымызын жүгүнгөн бийликтик жосунсуз салттын айынан өлчөөсүз зор деңгээлде тоскоолдуктарга учурап келди.

Бир мисал айтсак, Кыргызстан расмий түрдө Украинанын аймактык бүтүндүгүн тааныйт жана Украинага каршы баскынчыл согушту эч жактабайт.

Ошол эле учурда айрым кыргызстандык депутаттар, саясатчылар, өнөрпоздор жана эмгек мигранттары 2014-жылдан бери убактылуу каратылып алынган Крым жарым аралына Киевдин уруксаты жок эле сапарда болгондугу, ошондой эле, баскынчы аскерлердин курамына кирип алып, сөөктөрү Ала-Тоого кайтарылып, ардактуу аскердик таазим менен жерге берилип жаткан кыргызстандыктардын окуялары эч жашыруун эмес.

Кыргызстандын расмий бейтарап саясаты – чындап жар салынган саясий жана дипломатиялык нук болчу болсо, анда жогорудагы кадамга баргандарды расмий Бишкек ачык айыптоого тийиш эле. Азыр да кеч эмес дегибиз келет.

Эгемен Украинанын 2014-жылдан кийинки аянычтуу акыбалына окшош жагдайга туш келбөө үчүн чакан демократиячыл өлкө болгон Кыргызстан өз аймагында жогорку билим алууну каалагандар жана Кыргызстандын жарандыгын алууну эңсегендер үчүн кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы жана манас таануу сабактарын жана сынактарын киргизүүсү керек.

Бакалаврдык деңгээлдеги бул сабактар жана мамлекеттик сынактар аркылуу Кыргызстанда жашаган жергиликтүү жана чет элдик улан-кыздар бул өлкөнүн татыктуу жараны болуу үчүн гана эмес, бул өлкөдө узак мөөнөттө тургун болуу үчүн дагы маанилүү таалим-тарбия алышат. Албетте, Кыргызстан тарыхы сабагына өлкөнүн Баш мыйзамынын жаран үчүн зарыл урунттуу учурлары да киргизилиши керек.

Менимче, мурдагы биз билбеген жемкорлук жагдайдан улам, 2012-жылы Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин энбелгиси (грифи) астында профессор Өскөн Осмоновдун Кыргызстандын тарыхы жаатында университеттер үчүн атайын окуу китеби таңууланган. Бул кыргызча жана орусча айрым окуу куралы катары жарык көргөн окуу китепте “тиги дүйнөдөгү Жайсаң аттуу манасчы менен ободо түз байланышты” делген бүбү-бакшы Майрамкүл Сармалдакованын “Манас 670-жылы августта туулган” деген тири шумдуктуудай жалган сөзү – жеке жоромолу “тарыхый факт” катары орусча жана кыргызча окурмандарга “өскөн осмоновдук илимпоздук колдоо” менен сунушталган.

Бул профессор эми КР УАКы тарабынан Кыргызстан тарыхы боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы катары 2023-жылы жазында эки жылдык мөөнөткө бекитилгендиги – эми илимге каршы жайсаңчылык идеялар Ө.Осмоновдун жеке китебинен илимий делген башка диссертацияларга да чууруп кирет ко деген коркунучтуу кырдаалдан шыбыш берет.

Азыркы Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев инибизге ишинде ак жол каалайбыз.

Эми ал жердеши Өскөн Осмоновду жана анын шакирттерин жаңы министр катары эч кандай ачык же кыйыр колдоого албастан, окуу китептердин сапатын ачыктык-айкындуулук шартында камсыз кылуучу механизм түзөт ко деп үмүттөнөбүз.

Айрым ЖОЖдордон Кыргызстан тарыхы жана манас таануу дарстарынан берилчү сынактарды алып салгандык боюнча азыркы Манас улуттук академиясынын жетекчилиги эч ооз ката элек (же бул жаатта бул академия көмүскө түрдө болсо да өз турумун билдирди бекен?)

Манас улуттук академиясынын 2021-жылдан берки президенти Талантаалы Бакчиев 2012-жылы КР дипломатиялык академиясындагы коомдук жыйында “жайсаңчыларды” жаштык кылып, колдоп чыкканда, анын өзүнө учурап, биз “тиги дүйнөдөгү жок манасчы менен” жолуккан делген айымдын жомогунан чыныгы манасчылык өнөрдү, анын ичинде Талантаалынын өнөрүн дагы сактап калууга аракет жасап жаткандыгыбызды түшүндүргөндөй болгон элем.

Азыркы тапта ал дагы “жайсаңчылардан” өзүн оолак тутуп калгандай өңдөнөт. Бирок ЖОЖдордо манас таануу сабагын сактап калуу боюнча анын иш-аракетинен азырынча кабарым жок.

Эми Манас улуттук академиясынын вице-президенти болуп кыргыз маданий турмушун ар тараптуу чагылдырып келген чыгаан журналист Назира Аалы кызы дайындалды. Ага да манас таануу сабагын ЖОЖдордо сактап калуу жаатындагы иштиктүү кадамдарга кол кабыш кылат деп үмүт артабыз.

Кытайда Куңзынын (Конфуцийдин), Индияда Махатма Гандинин идеяларын өкмөттүк колдоо аркылуу жайылткан тажрыйба бар. Бизде “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасын дал ошондой ургаалдуу жайылтуу – жарандык таалим-тарбия берүүгө, Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, кыргыз тилин жайылтууга зор огожо болчу кадамдарга жатат.

Кыргызстан – чакан өлкө деп оозубузду куу чөп манан аарчыганыбыз болбойт. Ал эми Эстониянын калкы – 1 миллион 366 миңдей тургундан турат.

Бирок бул өлкөнүн калк саны Кыргызстандан канча эсе аз болсо, эстон жарандары өз эне тилин, өз маданиятын жана тарыхын көз карегиндей сактоо жаатында ошончо эсе алатоолуктардан алдыда бара жатат.

Маңкурттук жомокто эле эмес көрүнүш

Кыргыз жараны түшүнүгүн калыптанлдырууда олуттуу ийгиликтерге жетишүү үчүн Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайларына (алардын айрымдары өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигине түздөн-түз баш ийишпесе да, мыйзамга ылайык бул министрликтин стандарттык талабын сактоого милдеттүү), ал түгүл атайын жогорку окуу жайларына, диний мектептерине жана медреселерине да кыргыз тили, Кыргазстандын тарыхы жана манас таануу сабактары (албетте, ар кыл баскычтарда) милдеттүү киргизилиши зарыл.

Кыргызстандын тарыхы сабагына Кыргызстандагы эгемендик күрөшүнүн, демократиялык күрөштүн тарыхы жана көп тарамдуу дипломатиялык нуктун тарыхы камтыла кетиши керек.

Бул сабакта совет доорундагыдай кайсы бир партократтардын өмүр баяны эмес, байыркы кыргыз тарыхы, Энесай Кыргыз каганаты, Барсбек, битик (руна сымал) жазмасы, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, “Манас” жана башка эпостор, мурда айтылбай келген эгеменчи бабалар – Мухаммед Кыргыз, Тайлак Баатыр, Атантай Баатыр, Ормон хан, Үмөтаалы менен Осмон датка, Молдо Ысак Асан уулу, б.а. Полот хан, Алымкул аталык, Алымбек датка, Курманжан датка, Канаат хан, Рахманкул хан, кыргыз диаспорасы, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Чыңгыз Айтматов, Кубанычбек Нурбеков, Төкөлдөштүн төрт кызы, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, тарыхчылар Зиябидин Максым, Осмонаалы Сыдыков, Белек Солтоноев, Вилгелм Радлофф (Василий Радлов), Василий Бартольд, Александр Бернштам, Юлий Худяков, Өмүркул Караев, Анвар Байтур, Кушбек Үсөнбаев, Астайбек Бутанаев ж.б., кыргыз киносунун даңазалуу түптөөчүлөрү, КДК, элдик ыңкылаптар, кыргыз мамлекеттик символдору ж.б. тууралуу маалымат жатык тилде берилиши керек.

Дал ушул учурда министр Каныбек Капаш уулу Иманалиевден, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Сапарбек уулу Касмамбетовдон жана жогорку мамлекеттик жетекчилерден жогорудагы маселе боюнча өксүктү тез арада жоюу жаатында саясий эрк талап кылынат.

Гуманитардык эмес багыттардагы университеттерден кыргыз тарыхына жана манас таанууга байланыштуу дарстарды алдырып салган ректорлордун өздөрүнүн жарандык таалим жаатындагы кызматтык ордуна ылайыктыгы маселеси күн тартибине коюлуусу кажет.

Жогорку технологияны чемичкедей чагып, бирок өзүнүн кайсы демократиячыл жумурияттын атуулу экендигин билбей турган жана өз өлкөсүнүн тагдырына кайдыгер болгон адис – бул маңкурттардын жаңы түрү болушу ажеп эмес.

Чүй өрөөнүндөгү университеттердин биринин ректору Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универсиетинин профессору менен баарлашып жатып: “Бул Жусуп Баласагын – силердин университеттин туңгуч ректору болду беле?” деп сурагандыгы тууралуу анекдот сыяктуу окуяны мага айтып беришкени эстен кетпейт. Андай ректорлор, албетте, Кыргызстандын кайрадан отордук аймакка айланышынын коркунучу менен деле “иши жок” болушу ыктымал.

Ал эми Кыргызстандагы өз окуусун аяктаган соң, туулуп-өскөн өлкөсүнө же башка жактарга жөнөп кеткен чет элдиктер деле Кыргызстан – кайсы бир чоң өлкөгө күнкор мамлекет эмес, өз тарыхын, тилин, маданиятын сүйгөн эрктүү жарандар өнүктүрүп жаткан заманбап демократиялык мамлекет экендигин таасын үйрөнүп кайтышса, алар болочокто Кыргызстан менен тиешелүү чет өлкөнүн ортосундагы ыктыярдуу айдыңдык көпүрө болгон элдик дипломаттарга айланышат эмеспи.

Мына, эмитеден эле мен өзүм эч жашап көрбөгөн Эстония өлкөсү жана анын агартуучу айдыңдары үчүн жылуу сезимимди калтырып жатам. Бул жаатта жалгыс эмесмин.

Тээ совет доорунда эле айылдашым, маркум Кубан Жусупов агайым, маселен, эстон тилинен түздөн-түз кыргызчага чыгармалар которгон таланттуу котормочу жана сүрөткер катары таанымал эле (ал – кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун инилеринен).

Салыштырсак, Кыргызстандын ичинде жашап, бул өлкө жаатында терең маалымат алып кайткандардын биздин атажуртубузга карата жылуу сезими эл-жерибиз жөнүндө эч маалымат албастан Ала-Тообузда байырлап жүрүп, чет өлкөгө кайткандардыкына салыштырмалуу кыйла кубаттуу болмокчу.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG