Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:39

Түркияда билим алган кыргыз жаштарынан кеңеш


Түркиядагы кыргыз студенттери.
Түркиядагы кыргыз студенттери.

Азыркы тапта Түркияда эки миңге жакын кыргызстандык студент окуйт. Аскердик академиялардан тартып диний лицейлерге чейинки окуу жайларда билим алып жаткандардын арасында өкмөттөр аралык келишимдер боюнча бекер окугандар да, өз чөнтөгүнөн төлөп билим алып жаткандар да бар. Алар Түркияда билим алуунун жол-жоболору тууралуу айтып берди.

Түркиядагы кыргызстандык студенттер аянтчасынын жетекчиси Эрлан Баяновдун айтканына караганда, чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу шарттары жыл сайын өзгөрүүдө:

- Азыр окуганы мектепке да келе алышат. Мисалы, Түркиянын муфтиятынын программасы менен тапшырса болот. Имам хатиф лицейлери деген диний окуу жайларга 9-классты бүтүрүп келип окуй алышат. Бирок бул лицейлерде окуйм дешсе, Кыргызстандагы өзү менен тең окуучулардан эки жыл артта калат. Анткени Түркияда лицейлер 12 жыл жана бул жакка окууга келгенде 9-классты кайра окушу керек болот.

Ушул тапта окуп жаткан студенттер - Кыргызстандын жалпы республикалык тестинен жогорку балл алгандар же Түркиянын мамлекеттик стипендиялары аркылуу тапшыргандар.

Мурда кыргызстандык абитуриенттер чет өлкөлүк студенттер үчүн уюштурулган жалпы сынакка кирсе, кийин ал жоюлуп, "Түркия стипендиясы" (Turkiye burslari) деген программа аркылуу кабыл алынып калган. Бул программа боюнча өткөндөр ай сайын стипендия алышып, жатакана жана окуу китептер менен камсыз болушат.

Түркияда теология боюнча магистратурасын ушундай программа менен улантып жаткан Кылыч Ысманов кантип келип окуп калганын түшүндүрүп берди:

- Келинчегим экөөбүз Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин бүтүргөнбүз. 2012-жылы "Түркия стипендиясы" деген программаны угуп калып, документтерибизди тапшырганбыз. Жыйынтыгында Шанлыурфа шаарындагы Харран университетине өтүп кеттик. Азыр Түркиянын Кайсери шаарында келинчегим, үч балам менен турабыз. Дипломдук диссертацияны жазып бүтүп калдык. Экөөбүз тең стипендия алгандыктан азыр турмуш тиричилик жакшы эле, стипендиябыз жетип эле турат.

"Түркия стипендиясы" сыяктуу мамлекет каржылаган программалардан тышкары ар бир университеттин өзүнүн кабыл алуу шарттары бар. Түркиянын Билим берүү министрлиги Кыргызстандын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыгын тааныйт.

Таластагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү, азыр Анкарадагы Хажитепе университетинин 2-курсунун студенти Өмүрбек Орунбеков жалпы республикалык сынактын жыйынтыгы менен кантип Түркияга окууга тапшырса болорун айтып берди:

- Мен окуган университетке өтүш үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн минимум 185 балл алсаң өтө аласың. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 185 балл алгандан кийин университеттин сайтынан эле аттестат, паспортуңдун көчүрмөсүн тапшырасың. Эгер комиссия туура көрүп кабыл алса, анда келип окуй бересиң. Келгенден кийин эгер факультетиң англисче болсо, ошого жараша сынактарга киресиң. Башка сынакка кирбейсиң.

Өмүрбек эч кандай стипендия албайт, тескерисинче, жылына окуусуна акча төлөйт.

- Биздин университетте бюджет жок. Азыркы доллардын курсу менен ата-энем жылына 500 доллардын тегерегинде төлөшөт. Эми ар бир кишинин жүргөн-турганы ар башкача да, мисалы, менин бир айлык чыгашам 150 доллардай болот.

Түркияда билим алган студенттердин арасында полиция академияларында окуган жаштар да бар. Андагы окууга тапшыруу шарттары тууралуу академиянын 4-курсунун студенти Алмаз мындай дейт:

- Биз эки өлкөнүн министрликтеринин келишимдери боюнча келгенбиз. Ага ылайык, бул жакта окуйм дегендер биринчи Кыргызстандагы ИИМдин академиясына өтүп, анан түрк тили боюнча сынакка кирет. Сынактан ийгиликтүү өткөндөрдү тандап, Түркияга тизмесин жиберишет. Кабыл алынган студенттер Анкарага келип билим алып баштайт. Бирок Кыргызстанга барганда кайра аттестациядан өтүп, андан кийин гана иштей алат.

Азыркы тапта социалдык тармактарда Түркиядагы университеттердин көптөгөн жарнамалары бар. Бирок эң негизги жарыя Түркияда окуп жаткан студенттердин өздөрү дейт Эрлан Баянов:

- Өзгөчө Түркияда окуп жаткан студенттер эле өздөрүнүн айылдарына, мектептерине жарыя кылышат. Студенттер бул жакта болуп жаткан программаларын колдорунан келишинче Фейсбуктан бөлүшүп турушат. Өзүбүздүн айылдарга, Орусияда жашаган кыргыздарга билдирип турганга аракет кылабыз. Кызыккандар, окуйм дегендер социалдык тармактардагы тайпаларды, баракчаларды карашса болот.

Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик университеттер. Бул университеттерде 203 өлкөдөн 115 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын 2 миңге жакыны кыргызстандык студенттер.

Түркия: Эскишехирдеги кыргыз жаштары
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG