Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Илдет жуккан дарыгерлер, медицинанын абалы

Кыргызстандык дарыгерлер.
Кыргызстандык дарыгерлер.

Кыргызстанда СOVID-19ду тогуз медкызматкер жугузуп алды. Алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто экени маалым болду.

Өмүрүн тобокелге салган ак халатчандардын коркунучтуу дартты жугузуп алганын Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов 4-апрелде өткөн брифингде билдирди.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер да бар. Кечээ алардын саны сегиз болчу, бүгүн бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирусту алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Ушул эле күнү түштөн кийин саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Елена Баялинова аркылуу билдирди.

Министрдин айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

“Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деди Абдыкаримов.

Саламаттык сактоо министри коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенине токтолду. Дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.

Суук кабар кыргыз коомчулугунда өкмөткө карата сын-дооматтарды күчөткөндөй болду. Маселен, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева дарыгерлердин вирусту жугузуп алышын жетекчиликтин шалаакылыгынан көрөт.

Ал мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди убагында чара көргөн жок деп айыптап, бул үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде.

"Дарыгерлердин ооруга чалдыкканынын биринчи себеби - бул коргоочу кийимдер менен убагында камсыз болбогонунда. Аны айрым дарыгерлер өздөрү социалдык тармактар аркылуу айтып, чырылдап эле жатышты. Башында бейтаптарды кантип дарылаш керектигин деле билишкен жок. Аларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эч кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок да. Башынан эле иш туура эмес кеткен".

Жумабаева эми коронавирус дарыгерлер арасында таркап кетпеш үчүн өкмөт медицина кызматкерлерин атайын коргоочу кийимдер, дезинфекциялоочу каражаттар, күчтүү азыктар менен убагында камсыздашы керектигин кошумчалады.

Жалал-Абад облусунда иштеген, атын атагысы келбеген медициналык кызматкер кичи ажылыктан кайткандардан коронавирус аныкталганга чейин дарыгерлер коргоочу кийим менен камсыздалбаганын айтып кейиди:

"Коронавирусту жугузуп алган кесиптештерим үчүн ичим ачышып турат. Алардын баары эле биринчи жардамды эч кандай даярдыгы жок көрсөттү да. Эми эле министрлик көңүл буруп, ар кандай тренингдерди өтүп калбадыбы. Азыр деле кудайлап иштеп жатабыз".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекет тоң моюндук кылбай, чектөөлөрдү убагында киргизгенде кырдаал мынчалык курчумак эмес деген пикирде. Бирок ушундай шалаакылыкка жол бергенден кийин өкмөт ооруп калган дарыгерлердин ар бирине 5 миң доллардай кенемте төлөп бериши керектигин айтууда:

"Менимче, ооруган ар бир дарыгерге Өзбекстан менен Казакстандын тажрыйбасын колдонуп, жетиштүү каражат бөлүш керек. Маселен, аталган өлкөлөрдө дарыгерлерге 8-9 миң долларга чейин бөлүп жатат. Албетте бизде андай мүмкүнчүлүк жок, ошентсе да 5 миң доллардан төлөп берсе болмок".

Ушу тапта Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 60 миллион сомго жеткени кабарланды. Аны атайын түзүлгөн комиссия бөлүштүрүп, дароо муктаж ооруканаларга жөнөтүүдө. Негизинен реактивдер, жабдуу, реагенттер, дезинфекциялоочу каражаттар жана дары-дармек түшүп жатат.

Медициналык гумжардамдан тышкары коронавируска каршы атайын эсеп да ачылган. Ага бүгүнкү күндө элден 83 миллион сомдон ашуун каражат топтолду. Өкмөт анын 38 миллиондон ашууну илдеттин очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге берилерин кабарлаган.

Ал эми 4-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ошко гуманитардык жана медициналык каражат жүктөлгөн аскердик учак менен жөнөп кеткени белгилүү болду.

Бул күнү Кыргызстанда коронавирусту 14 адам жуктуруп алганы кабарланды. Ушуну менен жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти.

Алардын ичинен Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Тогуз адам сакайганы кабарланды.

Илдетке байланыштуу өлкө азыр өзгөчө абал режиминде жашап атат. Көпчүлүк мекемелер ишин токтотуп, адамдар карантин режимин сакташууда.

COVID-19 жана кыргыз медицинасы

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын реанимация бөлүмүнө демөөрчүлөр тарабынан жасалма дем алдыруучу аппарат белекке берилди. Бөлүмдүн башчысы Рустам Хусеинов жабдууну иштетип көрүүдө. 
1/18 Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын реанимация бөлүмүнө демөөрчүлөр тарабынан жасалма дем алдыруучу аппарат белекке берилди. Бөлүмдүн башчысы Рустам Хусеинов жабдууну иштетип көрүүдө. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Медициналык жабдуу. 
2/18 Медициналык жабдуу. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Ушу тапта Баткен облустук ооруканасында коронавирус аныкталган бир бейтап дарыланууда. 
3/18 Ушу тапта Баткен облустук ооруканасында коронавирус аныкталган бир бейтап дарыланууда. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Дарыгерлер үчүн камдалган коргонуучу каражаттар.
4/18 Дарыгерлер үчүн камдалган коргонуучу каражаттар.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ушул айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер «Тез жардам» машинесин белекке берди. Мындан сырткары бул оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алыш үчүн 100 миң сом жардам көрсөттү.
5/18 Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ушул айылдын тургуну, атын атабаган жеке ишкер «Тез жардам» машинесин белекке берди. Мындан сырткары бул оорукананын дарыгерлерине жугуштуу илдеттен коргонуучу каражаттарды сатып алыш үчүн 100 миң сом жардам көрсөттү.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны көбөйүүдө. 
6/18 Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны көбөйүүдө. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Ноокаттагы аймактык оорукана. 
7/18 Ноокаттагы аймактык оорукана. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Коргоонучу кийимчен медайым. 
8/18 Коргоонучу кийимчен медайым. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-апрелде тараткан маалыматында COVID-19 вирусун жуктурган бир киши каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, каза тапкан киши Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон.
9/18 Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-апрелде тараткан маалыматында COVID-19 вирусун жуктурган бир киши каза тапты. Алдын ала маалыматка караганда, каза тапкан киши Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 2-апрелге карата 60 миллион сомго жетти.
10/18 Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы туруш үчүн берилип жаткан гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 2-апрелге карата 60 миллион сомго жетти.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган бирдиктүү эсепке түшкөн каражаттын бир бөлүгү медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы катары төлөнөт. 
11/18 Коронавируска каршы күрөш үчүн ачылган бирдиктүү эсепке түшкөн каражаттын бир бөлүгү медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы катары төлөнөт. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына чет элдик донорлор тарабынан берилген жасалма дем алдыруучу аппарат. 24-март, 2020-жыл.
12/18 Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына чет элдик донорлор тарабынан берилген жасалма дем алдыруучу аппарат. 24-март, 2020-жыл.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында учурда коронавирус аныкталган 16 бейтап жатат. 
13/18 Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында учурда коронавирус аныкталган 16 бейтап жатат. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеп жаткан дарыгерлерге тамак алып келген жарандык активист. 
14/18 Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында иштеп жаткан дарыгерлерге тамак алып келген жарандык активист. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
25-мартта Кытай Кыргызстанга 10 миң респиратордук, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.
15/18 25-мартта Кытай Кыргызстанга 10 миң респиратордук, 100 миң бир жолу колдонулуучу беткап жана 1 миң жеке коргоо каражаттарын берген.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
"COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө медицина кызмактерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу" боюнча кыска мөөнөттүк окууга катышып жаткан дарыгерлер. 27-март, 2020-жыл. 
16/18 "COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө медицина кызмактерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу" боюнча кыска мөөнөттүк окууга катышып жаткан дарыгерлер. 27-март, 2020-жыл. 
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Жалал-Абаддагы дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.
17/18 Жалал-Абаддагы дарыгерлер. 26-март, 2020-жыл.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу. Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта билдирди.
18/18 Кыргыз-түрк ооруканасындагы жабдуу. Бишкекте курулушу 2016-жылы аяктап, бирок башкаруу боюнча эки тараптуу келишим ратификация болбогондуктан ачылбай турган кыргыз-түрк ооруканасы кыргыз өкмөтүнө берилгенин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 25-мартта билдирди.
3-апрелге карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 адам аныкталды. Муну менен өлкө аймагында илдет жуккандардын жалпы саны 130 адамга жетип, беш адам илдеттен айыкты.
Артка
Алдыга

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Куржундар
XS
SM
MD
LG