Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

"Дем кысылып, баш айланды". Тандырдай ысыган Бишкек, көздөн учкан көлөкө

Бишкектеги кечки температура. (коллаж)
Бишкектеги кечки температура. (коллаж)

Кыргызстан адаттан тыш ысыкты баштан кечирүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, жакынкы күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы 43 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Дарыгерлер аптапта ичеги-карын жана өнөкөт оорулар козголорун эскертишүүдө. Айрым адистер дүйнөнү каптаган Эль-Ниньо кубулушу ансыз да ысып жаткан Борбор Азияны кыйгап өтпөсүн белгилешет.

“Кан басымым көтөрүлдү, башым айланып жатат, демим кысылды, мурдум канады, шалдырап, тура албай жатам...”

Бул Бишкектин айрым тургундарынын абалы. Социалдык медиадагы чакан сурамжылоодо көбү өзүн начар сезип жатканын билдирген.

Жума башында Бишкекти каптаган ысык ар кимге ар кандай таасир этүүдө. Бирөөлөр салкын аймактарга качса, башкалары көлөкө издөөгө аргасыз.

“Май айында көз жаргам. Катуу ысыкта балам экөөбүз кыйналдык. Анан айылга түндөп кеттик. Шаарга караганда салкын экен. Балам келгенден бери тынч уктап калды. Күзгө чейин торолтуп анан барам го”, - деди Айжамал аттуу келин.

Июль айынын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Борбор Азияда абанын температурасы 40 градустан ашарын, бул жүрөк-кан тамыр, инсульт жана дем алуу ооруларын козгоп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Айткандай эле аптап өнөкөт оорусу барлар үчүн азап экенин Бишкектин жашоочусу Гүлназ өз көзү менен көрүүдө.

“Апамдын жүрөгү ооруйт, кан басымы жогору. Кечээтен бери шалдырап алы жок. Кондиционерди иштетип, үйдү муздатып жатабыз. Бирок ансыз да оорукчан адамдын өпкөсүнө суук тийип, оорусу өтүшүп кетеби деп дагы чочулайм. Өзүмдүн дагы буттарым шишип кетти”.

Анткен менен дарыгерлер ысыкта үйдү өтө муздатып салуу дагы опурталдуу экенин айтышууда. Бөлмөдөгү аба сырттагыдан 5-6 градус гана айырмаланып турушу керек дешет алар.

Ысыктан кантип сактаныш керек?

Борбордогу №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Чоро Сатаевдин айтымында, адаттан тыш ысыкта төрт эрежени сактоо маанилүү.

“Биринчиден, чаңкоону күтпөй эле күнүнө бир литрден ашык таза суу ичкен оң. Таттуу жана газдалган суусундуктан, кофеден, алколголдук ичимдиктерден баш тартуу абзел. Анткени булар адамды ого бетер суусатат. Экинчиден, ушундай ысыкта милдеттүү түрдө күндөн коргонуш керек. Күндүзгү саат 11ден саат 4кө чейин көчөгө чыкпай, чыкса баш кийимчен жүрүү зарыл. Синтетика эмес пахтадан тигилген, ачык түстөгү кийим кийиш керек. Кара же күңүрт өңдөгү кийим денеге күндүн нурун бат өткөрөт. Үчүнчү эреже – жеңил тамактануу. Майлуу, күчтүү тамактар дененин температурасын ого бетер жогорулатат. Анын ордуна жашылча-жемишке, кычкыл сүт азыктарына басым кылыш керек. Төртүнчүдөн, өнөкөт оорусу барлар этият болууга тийиш. Айрыкча, кан басымды бат-бат текшерип туруу абзел. Ал эми денеге күч келтирген кыймылдарды кечкиге жылдырган оң”.

Дарыгер ысыкта сыртта жүргөн адамга күн өтөрүн, ал эми желдеткичи жакшы иштебеген тар бөлмөдө же транспортто ысык урушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Экөөнүн тең белгилери окшош: баш ооруйт, көз караңгылайт, жүрөк айланат, адам кара терге чөмүлүп, эстен танышы мүмкүн. Айрыкча машиненин ичинде балдарды калтыруу өтө кооптуу.

“Күн өтүп же ысык урганда көлөкө жерге отуруп, жылуу суу ичип, чекеге ным чүпүрөк басып, үйдө болсо бутту өйдө көтөрүп жатыш керек. Эгер абал оңолбосо, “Тез жардам” чакыруу зарыл. Аптапта абанын басымы дагы алмашат. Айрыкча, өнөкөт оорусу барлар үйдөн чыкпай, дарысын өз убагында ичкени оң. Адам катуу тердегенде денеден суу менен кошо туздар дагы чыгып кетет. Ошондой учурда организди өз калыбына келтирүү үчүн таза, минералдык сууларды ичүү зарыл. Эмчек эмизген энелер баланы жеңил кийинтип, күнгө чыгарбашы керек. Наристенин териси жука болот, тез эле күйүп калышы мүмкүн. Эгер бассейн болсо сууга түшүргөндөн кийин дароо көлөкөгө отургузуш керек”, - дейт Сатаев.

Коомдук саламаттык сактоо институтунун кызматкери, эпидемиолог Гүлназа Толенова мээ кайнаткан ысыкта айрыкча тамак-ашка уулануу коркунучу жогору болорун эскертти.

“Мөмө-жемиштерди агын суу менен жууп, күн тийген жерде турганын албаш керек. Айрыкча жол боюндагы дарбыз-коондор тез бузулуп кетиши мүмкүн. Тамак-ашты муздаткычка салып, тез татымды же майонез кошулган тамактарды жегенден этият болуш керек. Айрым адамдар тамакка ууланганда арак иче коюшат. Бул туура эмес. Анткени абалы оорлоп кетиши мүмкүн. Негизи эле күн ысыкта спирт ичимдиктерин ичүү сунушталбайт. Жайкысын шаар ичиндеги фонтандарга, көлмөлөргө барып түшкөндөр көп. Бул туура эмес. Ысыкта бактериялар сууда болсун, кургакта болсун тез көбөйөт. Сууда эмне барын билбейбиз”.

Сууга түшүп жаткан балдар. Адистер тазаланбаган көлмөлөргө түшүү кооптуу экенин эскертет. Бишкек (архивдик сүрөт)
Сууга түшүп жаткан балдар. Адистер тазаланбаган көлмөлөргө түшүү кооптуу экенин эскертет. Бишкек (архивдик сүрөт)

Учурда Борбор Азияда абанын температурасы 38-48 градуска чейин көтөрүлдү. Өзбекстандын бийликтери мындан улам элди көчөдө азыраак жүрүүгө чакырып, оор жүк ташуучу машинелердин каттамы чектелди. Ал эми Каракалпакстан автоном облусунда бала бакчалар убактылуу жабылды.

Казакстандын Чымкент облусунда ӨКМ кызматкерлери балдар аянтчаларына жана асфальтка суу чачып жаткан видеолор тарады. Алматыда болсо июль айынын башынан бери "Тез жардам" кызматын чакыргандар көбөйгөн, алардын басымдуусу жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыккандар экени айтылды.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги азырынча ысыктан улам абалы начарлап, канча адам ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат бере элек.

Дүйнөлүк Банк былтыркы отчетунда алдыңкы жылдары климаты ысык Румыниянын Яссы, Түркмөнстандын Ашхабад, Азербайжандын Баку, Хорватиянын Осиек шаарларында адаттан тыш ысыктын айынан каза болгондордун саны өсүп, 100 миң адамга 25тен 27,5 учурга чейин туура келерин айткан. Муну менен катар климаты мелүүн эсептелген Бишкек, Астана, Ташкент шаарларында дагы ысык себепчи болгон өлүмдүн саны жогорулап, 100 миң адамга 18,5тен 20,5 учур туура келери белгиленген.

Абанын температурасы 43 градуска көтөрүлөт

Синоптиктердин айтымында, 14-июлда башталган аптап 18-июлга чейин уланат. Айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жеринде абанын табы 43 градуска чейин көтөрүлөт.

“16-18-июлда Чүй, Ош, Баткен жана Ош облусунун айрым жерлеринде 41 градустан 43 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай күндөрү көчөдө көп жүрбөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу сунуш кылынат. 20-21-июлдан баштап температура төмөндөп, айрым аймактарда жаан жаайт”, - дейт ӨКМге караштуу Метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүнүн башчысы Айзада Абдувалиева.

Кечки саат 8деги абанын температурасы. 15-июлда Бишкекте тартылган сүрөт.
Кечки саат 8деги абанын температурасы. 15-июлда Бишкекте тартылган сүрөт.

Метеорологиялык кызматтын маалыматында, Бишкекте июль айында абанын температурасы 41 градуска чейин жогорулаган учур 2017, 2019, 2021-жылдары катталган. 2022, 2023 жана 2024-жылдары 40 градуска жеткен.

Ушундай эле аптап аймактарды да каптап, 2021-жылы 27-июлда Манас шаарында 44 градуска жетсе, 8-августта Айтматов районунда температура 40 градуска көтөрүлгөн. 2022-жылы Баткенде 40 градус ысык болгон. 2025-жылы 4-июлда Талас шаарында абанын температурасы 38 градуска жеткен.

Адистер Евразия континентинин чок ортосунда турган Кыргызстан барган сайын ысып баратканын белгилешет. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөө 1960-жылдан тарта өлкөдөгү орточо жылдык температура 1,2°C көтөрүлгөнүн көрсөткөн.

Экологдор мындай шартта Бишкектеги жана чакан шаарлардагы башаламан курулуштардын жана машинелердин көбөйүшү, жашыл аянттардын кыскарышы өңдүү бир катар себептер адаттан тыш ысыкка кошумча болуп жатканын белгилешет.

“Биринчиден, дүйнө жүзүндө климат өзгөрдү. Акыркы 60 жылда абанын температурасы 1.2 градуска жогорулады. Ысыктан коргонууда бак-дарактар чоң роль ойнойт. Өсүмдүктөр абадагы нымдуулукту сактап, элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарт түзөт. Ал эми имараттар жана асфальт шаарды “ысык аралга” айлантат”, - дейт "МувГрин" уюмунун эксперти Малика Сапарова.

Дүйнөлүк банк 2025-жылкы отчетунда Борбор Азия өлкөлөрүнө ысыктын кесепетин азайтуу боюнча бир катар кеңештерди берген. Ага ылайык, шаарларды жашылдандыруу, абаны нымдаштыруу, фонтан, дарыяларды калыбына келтирүү, күндүн нурун сиңирбеген ак чатырларды орнотуу, кондиционерлерди азайтып, анын ордуна табигый желдеткичтерди орнотуу ж.б. иш-чаралар сунушталган.

Эль-Ниньо ысыкка кошул-ташыл болдубу?

Айрым эксперттер быйылкы ысыктын адаттан тыш болуп жатышын Эль-Ниньо кубулушуна байланыштырууда. Тынч океандын борбордук жана экватордук бөлүгүндө температуранын кескин жогорулашынан пайда болгон жылуулук агымы июнь айында Европага жеткен. Ал эми Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстандын бир катар аймактарында жаандан кийин сел жүргөн.

Климат жана суу ресурстары боюнча эксперт Илияс Акунов буга чейин “Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан суу пайдалануу саясатын өзгөртүп, үнөмдү үйрөнүшү керектигин белгилеген.

“Климаттын өзгөрүшү дагы, Эль-Ниньо дагы аба ырайынын туруксуз болушуна, жаан-чачындын убактысы, көлөмүнүн өзгөрүшүнө жол ачат. Айрым жылдары жаан көп, бир жылдары аз болуп суу ресурстарына дагы таасир этет. Кыргызстан тоолуу өлкө да. Биздин негизги суу булактарыбыз - кар жана мөңгүлөр. Айыл чарба, энергетика, ичүүчү суу дагы кар менен мөңгүдөн келет. Ошон үчүн биз суу ресурстарынын табигый экосистемасына көз карандыбыз. Климат өзгөргөн сайын кардын, мөңгүлөрдүн көлөмү, алардын эриши, убактысы жана алардан башат алган дарыялардын нугу дагы өзгөрүүдө. Бул биздин көнүп калган айыл чарбабызга, бүтүндөй экономикага, калктын жашоосуна таасир этүүдө. Бизде парник газдар башкаларга салыштырмалуу аз. Бирок климаттын өзгөрүшүн катуу сезип жатабыз. Суу түгөнүп кала электе даяр болууга тийишпиз. Аба жана суу чек араны тааныбайт. Андыктан суу ресурстарына Борбор Азия мамлекеттери биргеликте кам көрүп, тыгыз кызматташуусу керек. Экинчиден бизге заманбап технологиялар, илимге негизделген чечимдер керек. Үчүнчүдөн, суу ресурстарды пайдалануу ыкмасы өзгөрүп, сууну үнөмдөө саясий багытыбыз болушу керек”.

Кыргызстанда буга чейин 2023-жылдын июлу метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай деп табылган. Анда күн адаттан тыш ысыгандыктан айрым жерлерде сугат суу жетишпей калган. Таластагы Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшүп, аны пайдаланган Казакстан 13 райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG