Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Чоң-Алай: чек арадагы аскерлер артка кайтты

Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев (оңдон үчүнчү),  Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов (солдон үчүнчү). Кыргызстандын Чоң-Алай району менен Тажикстандын Лахш районунун чектешкен аймагы. 5-июнь, 2021-жыл

Кыргызстан менен Тажикстан чек арага тартылган куралдуу күчтөрүн артка кайтарууну макулдашты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 5-июндагы сүйлөшүү майнаптуу болгонун белгилеп, анын жыйынтыгында чек арага тартылган күчтөр артка кайтарылып, Чоң-Алай районунун борборуна көчүрүлгөн тургундар өздөрү жашаган айылдарга жөнөтүлө турганын билдирди.

“Кечээги сүйлөшүүлөр майнапсыз болгон. Ошондуктан элди көчүрүүгө мажбур болгонбуз. Бүгүн кайрадан жолугушуулар уланып ал майнаптуу болду. Протокол кабыл алдык. Жети-сегиз бөлүмдөн турган келишим бар. Азырынча ошол жерге топтолгон укук коргоо жана башка органдарды артка кайтарууга буйрук берем. Элди өз үйлөрүнө кайтарып келүүгө тапшырма беребиз”, - деген Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында жолуккан эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары сегиз келишимге кол коюп, биргелешкен билдирүү кабыл алышканы маалым болду. Бул билдирүүнүн тексти Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.

“2021-жылдын 5-июнунда мамлекеттик чек аранын “Карамык” тилкесинин 12/9 чекитинде тараптардын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жумушчу жолугушуусу өттү. Тараптар аталган чекитте жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин кабарлашат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов төмөнкүдөй мазмундагы протоколго кол коюшкан:

- Чек ара постторун ар бир тарап өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдыруу;

- Аскерлерди, аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине кайтаруу, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;

- Ушул тилкедеги жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды;

- Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен жасалышы керек;

- Тараптардын чек ара кызматкерлери жүрүм-турум линиясын сакташы керек;

- Массалык маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;

- Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди;

- Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Тараптар ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону макулдашты;

Эки мамлекеттин УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 4-июндан бери кыргыз-тажик чек арасындагы нейтралдуу аймакта эки жолу кезигишти.

Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу 4-июнда башталган. Мындан улам кыргыз тарап Чоң-Алайдагы бир нече айылдардын элин ичкериге карай эвакуациялаган.

Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе.

Чек ара: Карамыктагы бир күн

Карамык айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Талаштуу Унжу-Булак тилкеси Карамык айылынын жогору жагында. 5-июнь, 2021-жыл.
1/19 Карамык айылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан. Талаштуу Унжу-Булак тилкеси Карамык айылынын жогору жагында. 5-июнь, 2021-жыл.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Карамык айылы. Ош облусу. 
2/19 Карамык айылы. Ош облусу. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. 
3/19 Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Карамык айылындагы үйлөрдүн бири.
4/19 Карамык айылындагы үйлөрдүн бири.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Айыл тургундары 4-июнда толук эвакуацияланган. 
5/19 Айыл тургундары 4-июнда толук эвакуацияланган. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Чоң-Алай районундагы Карамык айылында 600 чамалуу, ал эми коңшулаш Кара-Тейитте төрт миң чамалуу кожолук бар.
6/19 Чоң-Алай районундагы Карамык айылында 600 чамалуу, ал эми коңшулаш Кара-Тейитте төрт миң чамалуу кожолук бар.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Карамыктын тургундары айылга чек арада жайгашканы үчүн атайын макам берилишин каалашат. 
7/19 Карамыктын тургундары айылга чек арада жайгашканы үчүн атайын макам берилишин каалашат. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
5-июнда эвакуация болгон айыл тургундары үйүнө кайта баштады. 
8/19 5-июнда эвакуация болгон айыл тургундары үйүнө кайта баштады. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
9/19

10/19

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
11/19 Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, 4-июнда саат түнкү 3тө тажик аскерлери Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келген. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Ээн калган көчө. 5-июнь, 2021-жыл. 
12/19 Ээн калган көчө. 5-июнь, 2021-жыл. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
13/19 Кыргыз тарап эки мамлекеттин чек арага чектеш райондорундагы кырдаалдын мындан ары күчөшүнө жол бербөө максатында тажик тараптан Унжу-Булак аймагында орнотулган контейнерлерди жана тартылган аскер күчтөрү менен аскерлештирилген техниканы алып кетүүсүн талап кылды.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Жол боюндагы эшек. 
14/19 Жол боюндагы эшек. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге карай эвакуацияланган.
15/19 Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге карай эвакуацияланган.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Карамык автожол өткөрүү бекети. 
16/19 Карамык автожол өткөрүү бекети. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
17/19

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туура келет.
18/19 Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туура келет.
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Учурда кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылууда. 
19/19 Учурда кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экени айтылууда. 
Чек арага жакын Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Алар: Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Чулук жана Шибе. "Азаттыктын" кабарчысы кыргыз-тажик чек арасына жакын Карамык айылында болуп кайтты.
Артка
Алдыга

Карамык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов учурда жергиликтүүлөр өз үйүнө кайта баштаганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Эл баштапкы жашоосуна кайтып, үйүнө келе баштады. Эки тарап келишип, кыргыз тарап дагы, тажик тарап дагы армиясын алып чыгып жатат”, - деди айыл башчы.

Талаштуу аймактар

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу аймактардын 13,6 чакырымы Ош облусунун Чоң-Алай районуна туура келет.

Баткен облусуна салыштырмалуу Чоң-Алайдын Тажикстан менен чекташ аймактарында эки өлкөнүн айылдары бири-биринен кыйла алыс жайгашкан.

Кыргыз тараптын маалыматына ылайык, бул жерде эки өлкөнүн талаштуу аймагы болуп 1100 гектарды түзгөн Унжу-Булак, Караганды-Сай жайлоолору бар. Карамык айылынын башчысы Абдулла Жакыпов буларды айтып берди.

“Буга чейин мындай талаш болгон эмес. Талаштуу экени айтылган тилкени аксакалдардан уксам, миң жылдык тарыхта бизге карайт дешет. Союз убагында деле чөп чаап пайдаланган экенбиз”.

Карамык айылындагы Кыргызстандын чек ара өткөрмө бекети жайгашкан. Бул өткөрмө бекетке алып келген кара жол Тажикстанга Кытайдан товар ташууда транзит үчүн ыңгайлуу жолдордун бири болуп саналат.

Карамык айылынын башчысы Абдулла Жакыповдун айтымында, пандемия башталгандан бери бекеттен транзиттик жүк ташуучу автоунаалардын агымы токтотулган. Ал эми Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин чек ара толук жабылган.

Чек арадагы чыңалуудан кийин атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 4-июнда Чоң-Алайда жергиликтүүлөр менен жолугушуу учурунда мындай деген.

“1100 гектар жер аныкталып, тактала элек жер болуп эсептелет. Булардын картасы менен буларга жазылып калган экен. 1924-жылкы, 1989-жылкы карта боюнча. Бирок биз аны бүгүнкү күнгө чейин аны кабыл албай келе жатабыз. Бул жер биздики, тактала элек деп жатабыз. Бирок, такталган өзүбүздүн жерге пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек. Бирок булар тактала элек жерге чейин кирип өздөштүрүүгө аракет кылып жатышат”.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан.

“Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна ылайык чек арачылар макулдашылган чек ара тилкелеринде турат. Экинчи тарабындагы Карамык ашуусунда Кыргызстандын чек ара бекети тийиштүү инфраструктурасы менен жайгашкан. Бул эки өлкөнүн чек арасында делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин мамлекеттик чек араны эки тараптуу кайтаруу принцибин камсыз кылат”, - деп жазылган маалыматта.

Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды.

Чек араны тактоо комиссиясынын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов буларды айтып берди.

“Чек ара сүйлөшүүсү эч убакта оңой болбойт. Мурда жерди алмашуу менен чечебиз деген бир эле жол бар эле. Азыр эмне болуп жатканы жөнүндө маалыматым жок. Тажиктер азыр эмне деп жатат, буларды билсем анан бирдеме айта алат элем”, - деди Аламанов.

5-июнда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин маалымдап, тынчсызданууга негиз жок экенин билдирген.

“Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турат. Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экенин баса белгилейт. Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда”, - деп айтылат билдирмеде.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыңалуу соңку эки айдан бери күчөп кетти. Буга эки өлкөнүн чек арасындагы 28-30-апрелдеги жана 1-майда болгон жаңжал себеп болду. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG