Талкууга Эмгек жана социалдык өнүгүү минитрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова, “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун өкүлү Сүйүн Курманова, "Балдарды коргоо" уюмунун адиси Кумар Эргешова катышты.
“Азаттык”: Назгүл айым, ушу тапта балдарыбыз тиешелүү деңгээлде корголуп жатат деп айтууга болобу? Канткенде келечек муунга бактылуу балалык тартуулайбыз?
Медресеге ыктаган өспүрүмдөр
Учурда Кыргызстандагы мечиттердин кыйласы мектеп курагындагы балдар үчүн кезектеги жайкы окутуу лагерлерин уюштуруу иштери менен алектенүүдө.
Назгүл Чолумова: Бул абдан маанилүү жана чоң суроо. Балдардын укуктарын коргоо боюнча бир топ жакшы мыйзамдар жазылып жатат. Алардын эң негизги укуктары белгиленген.
Тилекке каршы, азыркы учурда балдардын укуктары бузулуп жатканы көп байкалат. Кийинки учурда ата-энеси, жакындары зордук-зомбулук көрсөткөн жагдайларга күбө болуп жатабыз.
Жакында эле Балыкчыда эки жаштагы баланы жакын тууганы сабап койду. Негизи баланын укугун ата-эне коргошу керек да. Бирок наристенин ата-энеден, туугандарынан зомбулук көрүп жатканы жоопкерсиздиктин жеткен чеги деп айтсак болот.
Ата-энелер балдарын туугандарына таштап иштегени кетип жатат. Материалдык жакка көбүрөөк ыктап, тарбия берүүгө, сүйүүсүн тартуулаганга аз убакыт бөлгөндөр бар.
“Азаттык”: Кумар айым, сиздер көп жылдан бери ушул багытта иштеп келесиздер. Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо, аларга карата зомбулуктун алдын алуу багытында негизги маселелер кайсылар?
Кумар Эргешова: Бул мүшкүл бүгүн эле келип чыккан жок. Муну биз 27 жылдан бери "өстүрүп, бапестеп" отуруп бүгүн чоң жарага айланды.
Мунун негизги себеби - коомдо үй-бүлөлүк институт жоголуп, жоюлуп баратканы. Бизде азыр убагында ата-эне мээримин, камкордугун көрбөгөн, базарда иштөөгө мажбур болгон балдардын мууну үй-бүлө күтүп жатат.
“Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” дегендей кичинесинде ыдык көргөн бала кийин өзү да үй-бүлөсүн ошондой ыкма менен тарбиялайт. Он жылдай мурда балдар көргөн кордук ачык айтылчу эмес. Азыр ачыкка чыгып жатканы үчүн да маалымат каражаттарынан көп көрүп, угуп жатабыз.
Ата-эненин жоопкерчилигин, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдеп, баланы жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүшүбүз керек.
Кыргызстан мыйзамдары жагынан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат, бирок маселе анын аткарылышында. Дагы бир нерсени айтып кетер элем, биздин кыргыздын жигиттери аталык милдеттерин аткарбай, аталык парз эмне экенин билбей жатышат.
“Азаттык”: Кайдыгер коомдо зомбулук да күчөйт эмеспи. Айрым энелер чүрпөсүн таштап, сатып жаткан учурлар да болуп жатат...
Сүйүн Курманова: Мен зомбулук социалдык-экономикалык кыйынчылыктан улам болуп жатат дегенге анча кошулбайм.
Коомдо материалдык абалы мыкты, байып кеткен адамдар тарабынан деле зомбулук күчөп жатат.
Азыр балдарга акы төлөнбөгөн жумушчу күчү катары карап калышты. Бакубат үй-бүлөнүн атасы бойго жетип калган кызын мектептеги кечеге катышып жүрүп кечигип калганы үчүн чынжыр менен досторунун көзүнчө сабап, ат менен үйүнө чейин кубалап барган учурлар болгон.
Ал кыз кошунасыныкына качып барып, "кийин чоңойгондо шаардан киллер жалдап, атамды өлтүртөм" деп айтыптыр. Ашкере байлыктын айынан да үй-бүлөдө зомбулук пайда болуп, кесепети балдарга тийип жатат. Бизде ата-энелер баланын табиятын билбейт, баланы колго жасап алгандай, менчигиндей пайдаланган учурлар көп.