Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Токмокто 13 жаштагы секелек төрөдү


Чүйдө 13 жаштагы кыз көз жарып, эне болду. Адистер өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү зордуктоого дуушар болушканын айтып келишет.

Статистикалык маалыматтарга караганда, жашы жете электе эне болгондор айрыкча Чүй жана Талас облустарында көп катталууда. Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбековдун педофилдердин жазасын күчөтүү боюнча депутаттар кабыл алган мыйзамга вето койгону белгилүү болду.

Чүй облусундагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу көз жарып, куурчак ойной турган куракта өзү бала кучактады. Чүй облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Шайыргүл Узагалиеванын "Азаттык" радиосуна кабарлаганы боюнча, окуучу операция жолу менен кыз төрөгөн.

- 13 жашар кыз бизге 22-декабрда келген. Мындан мурда келип анализдерин тапшырып, бир жума жатып кеткен. Биз "мөөнөтүнө жеткенде өзү төрөсүн" деген ниетте кетиргенбиз. Кийин мөөнөтүнөн өтүп бараткандыктан операция жолу менен кыз төрөдү. Ымыркайдын салмагы 2 кг. 900 грамм. Экөөнүн тең абалы жакшы.

"Энесин коркуткан" эселектер азая элек

"Энесин коркуткан" эселектер азая элек

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 13-17 жаштагы секелектер арасында 200дөн ашуун бойдон алдыруу катталат.

Узагалиеванын айтымында, 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр көз жарган учурлар буга чейин катталып келген. Ал эми 13 жаштагы кыздын төрөшү бул төрөт үйүндө биринчи жолу кездешүүдө. Бул боюнча тартип коргоо органдарына кабар берилди.

Буга чейин көз жарган өспүрүм окуган мектептин директору өз каалоосу менен арызын жазып, кызматтан кеткенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Марина Гречанная кабарлаган эле. Окуучулар менен сүйлөшүп, тарбия иштерин жетишерлик жүргүзбөгөнү үчүн социалдык педагогго сөгүш жарыяланган. Ал эми класс жетекчинин жоопкерчилигин кароо мектептин өзүнө жүктөлгөн. Окуучу кыздын кош бойлуу экени билинген соң энеси мектептен документтерин алып кеткен.

Маалыматка караганда, 13 жаштагы эне апасы жана өгөй атасы менен жашачу. Бирок азырынча жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган адам табыла элек.

Чүй милициясынын басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын айтымында, учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.

- Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу" деген беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бала төрөлгөндөн кийин бир жыл баланын ДНКсын алганга болбойт экен. Бир жашка чыккандан кийин баланын анализдерин алып, анан атасын текшеришет. Ошондон кийин гана жыйынтык болот. Кыздын версиясы көп болуп жатат.

Жоопкерчилик өспүрүм кызда гана эмес

Cтатистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өспүрүм курактагы кыздардын төрөтү жагынан Чүй жана Талас облустары алдыда. Улуттук статистика комитетинин соңку иликтөөсүнө ылайык, бул облустар мурдагыдай эле 17 жашка чейинки кыздардын арасындагы төрөт боюнча алдыга чыккан. Чүйдө 15-17 жашында эне болгондор бул курактагы 1000 кызга 10 бала туура келгенин көрсөттү. Таласта он эки бала туура келди.

Ал эми эң аз көрсөткүчтөр Ош жана Баткен облустарында катталды. Жалпысынан 2016-жылы 15-17 жаштагы кыздардын төрөтү 2012-2015-жылга салыштырмалуу азайганы менен бойдон алдыруу учурлары дале көп катталууда. Жалпысынан 2016-жылы 15-17 жаштагы 760тан ашуун өспүрүм көз жарган.

Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунун гинекологу Анара Ордокованын белгилешинче, эрте куракта төрөөнүн кесепети чоң болот.

- Төрөт боюнча статистикалык маалыматтар ачыгырак. Ал эми бойдон алдыруу боюнча толук картинаны көрүү кыйын. Анткени көптөрү жеке менчик борборлорго барышат, медикаментоздук жол менен бойдон түшүрөт.

Бул жерде сексуалдык зомбулук жөнүндө, аны такыр болтурбай коюу тууралуу да сөз болушу керек. Анткени өспүрүм кыздар мындай жолго өздөрү барбайт. Чоңдор, коом ушундай болуп жатат. Мен дарыгер катары муну менен күрөшүүгө чакырат элем.

Толук өсүп-жетиле электе төрөө эненин ден соолугуна өтө кооптуу. Анткени алар даяр эмес. Кош бойлуу кезиндеги талгакты көтөрө алышпайт, психологиялык жактан жабыркашат. Жашы жете электе төрөгөндөр катуу кыйналышат, кээлеринде кан токтобойт, мындайларда өз айынан эрте төрөгөндөр көп. Аборт жасаткандар эртең эне болуу бактысына ээ боло албайт.

Сентябрдын соңунда Таласта 7-класстын окуучусу көз жарган. "14 жашар кыз менен жыныстык катнашка барды" деп 18 жаштагы жаранга кылмыш иши козголгон. Адистер өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү зордуктоого дуушар болушканын айтышат.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар былтыркыдан дээрлик эки эсе көбөйдү. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени кабарланды.

"Педофилдердин укугу корголот"

Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова педофилдердин жазасын күчөтүү боюнча депутаттар кабыл алган мыйзамга каршы президент вето койгонун бүгүнкү жыйында билдирди. Ал мындай каршы пикир экс-президент Атамбаевдин тушунда да болгонун айтып, азыркы каршы пикирди даярдагандар президенттик аппараттын мурдагы эле кызматкерлери болушу мүмкүн деп боолгоду.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Президенттин каршы пикири - ошол корутундуда жазылгандай, "педофилдердин укугун ойлонуш керек" экен. Аларга "оңолууга мүмкүнчүлүк бериш керек" экен. Кеп кенедей балдар жөнүндө болуп жатат, каяктагы оңолуу? Бул жерде педофилдер жөнүндө сөз болуп жатат. Эмне жөнүндө жазып жатканын өздөрү деле жакшы түшүнбөй жатышса керек.

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев мыйзамда ички карама-каршылык жараткан жагдайлар көп экендигин айтты.

Кылмыш кодексине педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламент 2017-жылы ноябрь айында үч окууда кабыл алган. Анда жашы жете элек кыздарды зордуктаган адамдар кылмыштын оордугуна карата беш жылдан тартып өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазаланмак.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда.

"Азаттык+" жаштар берүүсү бул темада тарткан атайын берүүнү сунуштайбыз:

Эртелей эне болуу азабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:42 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG