Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

Чехия: уулуу арактан 20 чакты адам ажал тапты


12-сентябрда бешимде эле Праганын кафе-барларында күчтүү спирт ичимдиктери эркин сатылып жаткан.
12-сентябрда бешимде эле Праганын кафе-барларында күчтүү спирт ичимдиктери эркин сатылып жаткан.

Чехияда курамында уулуу метанолу бар алкоголдук ичимдик ичип алып, көз жумгандардын саны 21ге жетти.

Башка да адамдар арак, коньяк, жин, виски, ликер, ром ичип, ууланып калбасын деген коркунучтан улам 14-сентябрдан тарта Чехияда кубаты 20 проценттен күчтүү ичимдиктин түрлөрүн сатууга бардык жайларда тыйуу салынган. Ошон үчүн дүкөндөрдүн текчелеринде мындай ичимдиктер уй жалагандай жок. Бирок дүкөндөр менен ресторандарда шарап жана сыра эркин сатылууда.

Спирт ичимдиктеринен казынага айына 750 миллион крон же 40, 4 млн доллар салык түшөт. Арак-водка, виски, ликер, ром, коньякты сатууга тыйуу салуудан бюджет күнүнө 25 миллион крона жоготот.


Оболу курамында 20 проценттен көп спирти бар алкогол ичимдиктерин күркөлөрдө жана базарларда сатканга 12-сентябрда тыйуу салынган. Бул чара жума күнү бардык соода түйүндөрү менен бар-ресторандарга да жайылтылды. Чехиянын саламаттыкты сактоо министри Леош Хегер дүйшөмбү күнү журналисттер менен кездешүүдө финансылык чыгымдарга карабай, чаранын жеңилдетиши жөнүндө эч кандай сөз болушу мүмкүн эмес экенин жана катаал чара узак айларга созулуп кетпейт деген тилегин айтып, мындай деди:

- Коомчулук бул чараларды бир кыйла түшүнүү менен кабыл алды. Ошол эле мезгилде экономикалык жоготуулар жана кээ бир фирмаларга, мисалы, барларга болгон коркунуч тууралуу бир аз талкуу жүрүүдө.

Ырас эле финансы министринин орун басары Ладислав Минчичтин билдиришинче, спирт ичимдиктеринен казынага айына 750 миллион крон же 40, 4 миллион доллар салык түшөт. Арак-водка, виски, ликер, ром, коньякты сатууга тыйуу салуудан бюджет күнүнө 25 миллион крон жоготот. Ушу тапта Чехиянын 19 крону АКШнын 1 долларына тете.

Катаал чарага барууга жогоруда саналган кубаттуу ичимдиктердин курамынан метанолдун табылышы негиз болду. Алгач 6-сентябрда Чехиянын түндүк-чыгышындагы Силезия-Моравия регионунда күркөдөн жана базардан сатып алган күчтүү ичимдикке ууланган адамдар доктурга түшкөн. Ошондон соң жанагы ичимдиктер сатылган күркө-базарлар жабылган болчу.

Чехиянын өзүндө улуттук СТК агенттигинин 17-сентябрда кабарлашынча, 21 адам өлүп, ондогон адамдар ооруканада жатат. Алардын кээ бирөөлөрүнүн көзү көрбөй калган.

Прагадагы түнкү клубдардын биринин ээси Петр Яновски күчтүү ичимдиктерди сатканга тыйуу салынганына нараазы:

- Мен бул клубдун ээсимин. Биз эч качан жалгама ичимдиктерди саткан эмеспиз. Алкоголдук ичимдиктерди тыйуу- акылга сыйбаган иш. Өкмөт кайра акылынан айныды. Кырдаалды көзөмөлдөй албагандыктан, тыйуу салган акылсыз мыйзамды ойлоп табууда. Биз бирок араксыз эле убакытты көңүлдүү өткөргөндү билебиз.

Статистикалык маалыматтар боюнча, жылына Чехияда 9 миллион литрге чейин спирт ичимдиктери сатылат. Анын жалпы наркы 1, 2 миллиард крон болот.
10, 5 миллион калктуу өлкөдө бир жылда жан башына 7 литр күчтүү спирттик ичимдик ичилет. Мындан тышкары атактуу Pilsner, Budweiser пиволорунун мекени Чехияда жан башына бир жылда 140 литрден көп сыра ичилет. Бул жагынан Чехия дүйнөдө биринчи орунда турат.

Ар күнү сыраканага бир баш багып турчу Праганын тургуну Ян Новы кокус сыра сатканга тыйуу салынса, ошондо көпчүлүк чехтер үчүн чоң проблема болмок дейт:

- Биз күчтүү алкоголдорду ичпейбиз. Ошон үчүн азыркы кырдаал бизди анча тынчсыздандырбайт. Эгер сырага тыйуу салынса, анда өтө олуттуу проблема болмок.

Коңшулаш Польшада Чехияда жасалган курамында 20 проценттен күчтүү спирт ичимдиктерин сатууга бир айга тыйуу салынды. Буга 4 адамдын шише идиштеги спирт ичимдигинен, дагы эки адам Чехиядан экспорттолгон ичимдиктен ууланып өлгөнү себеп болду. Чехиянын өзүндө улуттук СТК агенттигинин кабарлашынча, 21 адам өлүп, ондогон адамдар ооруканада жатат. Алардын кээ бирөөлөрүнүн көзү көрбөй калган.

Чех полициясы арактан ууланууга байланыштуу 22 адам кармалганын жана тергөө жүрүп жатканын билдирди. Өлкөдөгү мыйзамга ылайык, уулуу арак саткан адам 10 жылга чейин абакка кесилет.

XS
SM
MD
LG