Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын кайталап, өлкөнүн энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
“Кырдаал азыр беш жыл мурункуга салыштырсак кыйла жакшы. Туура айтасыз, 2021-жылдын башында энергетика тармагынын карызы 137 млрд сом же 1,5 млрд долларды түзгөн. Энергетика тармагындагы жасалган реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 млрд сом карызы калды. Муну дагы кийинки жылдын аягына чейин толук кутулуп, киреше алганга чыгабыз деп турушат. Болгону беш жылда ушундай жыйынтыкка жетиштик”, - деди президент.
Садыр Жапаров 2021-жылы январь айында президент катары ант берүү аземинде Кыргызстандын энергетика системасы тууралуу айтып, бул тармактын абалын “катастрофалык” деп баалаган.
Президент 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСинин ачылышында Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын айтып, өлкөдө 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борбору курулуп баштаганын кошумчалаган.
Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түзгөн. Ушундан улам Кыргызстан күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан 4 млрд 3 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат.
Эл ушул тапта электр жарыгы утур-утур өчүрүлүп жатканына нааразы болушууда. Энергетика министрлиги муну кышка даярдык иштери менен түшүндүрүп келет. (BTo)
Шерине