Мирзиёев мындай демилгени Самаркандда 10-11-ноябрь күндөрү өткөн "Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык" деп аталган эл аралык конференцияда көтөрдү.
- Учурда региондор аралык кызматташтыкка көбүрөөк маани берүү керек. Мындан улам Борбор Азиянын регион башчыларынын жана бизнес коомчулуктун ассоциациясын түзүүнү сунуштайм. Биз региондор менен түз диалог кылсак, жыйынтык ачык эле көрүнөт, - деди Мирзиёев.
Ал Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өткөн жыйында ассоциация Борбор Азия региондорунун потенциалын көтөрөөрүн кошумчалады.
БУУнун эксперттеринин баамында, Борбор Азия өлкөлөрү кызматташтыгын күчөтсө, аймактын ички дүң жыйымын 10 жыл ичинде эки эсе көбөйтсө болот.
Өзбек президенти ошондой эле жалпы аймактык транпорттук байланыштарды өркүндөтүү боюнча программаларды бекитип, коопсуздук багытында биргелешип иш алып барууга чакырды. Ал Борбор Азиядагы жаштардын диний радикалдашуусун алдын алуу максатында Самаркандда Имам Бухари атындагы эл аралык илим изилдөө борбору жана Ташкентте Ислам өнүктүрүү борбору түзүлө турганын кабарлап, аймактагы чек ара маселесине жана сууларды пайдалануу көйгөйүнө да токтолду.
Казакстандык саясат таануучу Гүлшат Нурумбетова Мирзиёевдин Борбор Азия мамлекеттерин жакындатуу чакырын мындайча баалады:
- Мурда Өзбекстан аймактагы биримдикти чыңдоого багытталган демилгелерге кошулбай, байкап гана турчу. Азыр болсо мындай демилгелерди Өзбекстан өзү көтөрө турган болду. Акыркы сунушту аймактын эли канчалык колдойт - аны убакыт көрсөтөт.
Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыт башкарган мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлиги маалында Өзбекстан коңшулары менен чек ара, суу жана башка маселелер боюнча келише албай келген. Каримов көз жумгандан кийин бийликке келген Мирзиёев коңшулары менен алакаларды оңдоо үчүн бир катар кадамдарды жасаган. Анын ичинде бир канча жылдан бери жабылып турган Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара бекеттери ачылган.
Казакстандык дагы бир серепчи Расул Жумалынын пикиринде, өзбек президентинин сунушу Борбор Азиянын потенциялын сынайт турган демилге.
- Аймактык биримдик мурдатан эле маанилүү болчу, бирок ал ар кандай себептер менен өнүкпөй келди. Президент Мирзиёевдин Каримов менен Назарбаевге салыштырганда Орусия, Кытай сыяктуу үчүнчү тараптарды карап жалтактабай, аймактын маселесин тартипке салуу тууралуу айткан сөздөрү жана чечимдери үмүт жаратат. Бул Орто Азия аймагынын өз потенциялын пайдалануу жагынан алганда абдан маанилүү, - дейт Расул Жумалы.
Бирок Өзбек президентинин Борбор Азия мамлекеттерин жакындатууга чакырган демилгеси Кыргызстан менен Казакстан бир айдан бери чек ара кризисине туш келип турган учурда айтылды.
Казакстан 10-октябрдан тарта Кыргызстан менен чек арада текшерүүнү күчөткөн. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак тилек" жана "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги катаал текшерүүлөрдү Астана Кыргызстан чек арадан ЕАЭБдин талаптарына жооп бербеген аткезчилик товарларды өткөрүп жатканы менен негиздеген. Ага чейин, атап айтканда, Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев шайлоого кийлигишип жатат деп казак бийлигин сындаган.
Самаркандда өткөн "Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык" деп аталган эл аралык жыйынга Кыргызстандан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация барды. Абдылдаев Самаркандда казак кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен жолугуп, аймактагы жана эки тараптуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы көйгөйлөрдү талкуулаганын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.