Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан чек ара чектешкен жерди тактап алышты


turkmenistan map webmap
turkmenistan map webmap

Үч өлкө чек арасы кесилишкен чекитти аныктаган келишимге кол койгонун расмий ЖМКлар маалымдады. Кол коюу аземи 9-ноябрда Самаркандда болду. Жолугушуу БУУнун алкагында “Борбордук Азия: бир тарых жана бир келечек, туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык” деген аталыштагы конференция алкагында өттү.

Казак президентинин жарлыгына ылайык үч өлкөнүн чек арасынын кесилишкен жери өлкө түндүгүндөгү Шороказаклы аймагына туура келди. Казак ТИМи бул келишим Казакстандын Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чек арасын укуктук негизде каттап, чек ара талашына чекит коёт.

Буга чейин Казакстан аталган эки өлкө менен чек ара боюнча өз-өзүнчө эки тараптуу келишимдерге жетишкен. (SDz)

XS
SM
MD
LG