Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Жапаров бир талапкерге миң үгүтчү көптүк кыларын, бирок шайлоону эл чечерин айтты


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөнү жаткан парламенттик шайлоодогу үгүтчүлөр боюнча коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселеге байланыштуу пикирин билдирди.

11-октябрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде ал "Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм" деп, бирок "Миң үгүтчү деген маселеден трагедия кылыштын кереги жок" экенин айтты.

Жапаров шайлоодо ким утарын эл гана чече турганын белгилеп, 2005-жылкы шайлоодо бир округдан 12 талапкер ат салышканда "11и биригип ага каршы иштешкенин", ошого карабай 200дөй үгүтчүсү менен өтүп кеткенин эскерди.

"Мурдагы мыйзамда 500гө чейин үгүтчү алса болот деген ченем бар эле. Округдар чоңойгонуна байланыштуу депутаттар миң үгүтчүгө чейин деп көтөрүп коюшуптур. Азыркы шайлоого катышып жаткан талапкерлер деле мынча үгүтчү албаса керек. Эгер ушунча үгүтчү алган талапкер болсо, демек, акчасы көп талапкер. Шайлабай коюш элдин колунда. Элге ошол үчүн кайра-кайра кайрылуу жасап жатам го, “добушуңду сатпа” деп. Албетте, бул кемчиликти кийинки шайлоодо оңдоп койсок болот. 500 үгүтчү деп көрсөтүп койгон менен маселе чечилбейт деп ойлойм. 500 үгүтчүнү расмий түрдө алып, 500 үгүтчүнү оозеки сүйлөшүп алып иштетиши толук мүмкүн да. Далилдеш кыйын. Үгүтчүгө эмес, Кудайдын, анан элдин колдоосуна ишенгиле", - деди президент.

Бир талапкерге миңге чейин үгүтчү көптүк кылат деп эсептей турганын, бул чекти азайтуу аракети көрүлөрүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров да "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Мындан тышкары шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго, үгүтчүлөрдүн эң көп саны 500дөн 1000ге көбөйгөн.

Шайлоодо артыкчылык байларга берилип жатат деген пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров да "Азаттыкка" курган маегинде айткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG