Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Бишкек Украинадагы жарандарын кайтаруу жолун издеп жатат


Киев шаары. 26-февраль, 2022-жыл
Киев шаары. 26-февраль, 2022-жыл

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы жарандарын Европа аркылуу чыгарып кетүү жолдорун иштеп чыгууда.

Маалыматка ылайык, министр Руслан Казакбаев Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн. Бул тууралуу ал 25-февралда Германиянын элчиси Габриэла Геллил жана Франциянын элчиси Франсуа Делаусту кабыл алганда айткан.

Жолугушуу Германия менен Франциянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын демилгеси менен өтүп, алар украин маселеси боюнча өз өлкөлөрүнүн позицияларын билдиришти.

Руслан Казакбаев Франциянын, Германиянын элчилери менен жолукту.
Руслан Казакбаев Франциянын, Германиянын элчилери менен жолукту.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун да караштырып жаткан.

Кыргызстандын Киевдеги элчилиги Украинанын бүткүл аймагында каршылашкан тараптардын кармашы жүрүп жаткандыктан, коопсуз жерге жайгашкан кыргыз жарандарына абал турукташканга чейин ордунда кала турууну сунуштоодо.

Украинадагы эл аралык уюмда иштеген кыргызстандык жаран коопсуздугу үчүн атын атабоо шарты менен кырдаал тууралуу айтып берүүгө макул болду. Ал билдиргендей, Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында иштеп жүргөн үч кыргыз жараны башка кесиптештери менен кошо өткөн түнү өлкөнүн түштүк жагындагы кырдаал салыштырмалуу тынч шаарга (коопсуздук үчүн шаардын аты аталбайт) орун которуп барышты.

“Бул жакка түн ичинде келдик. Луганскиден чыгып, Донецк аркылуу өтүп бул жакка кирдик. Жол катар көп аскерлерди аралап өттүк, бирок эч ким тийген жок. Шаар ичинде Украинанын аскерлерин жана техникаларын кездештирүүгө болот. Биз чыгып жатканда Донбасста абал оор болчу. Орусиянын армиясы оор артиллериядан тынымсыз аткылап жаткандыктан, тургундардын көбү коргонуу аймактарына жайгаштырылган, көчөдө жүргөндөр аз. Эки тараптан тең айыгышкан кармаш жүрүп жаткан. Украина катуу каршылык көрсөтүүдө. Орусия улам жаңы аскер күчүн киргизип жатат. Элдин каршылыгы күчөп, партизандык согушка өтчүдөй болуп турат. Биз бүгүн башка мамлекетке өтүп кеткенге аракет кылабыз. Ал жактан шартка карап ар кимибиз өз өлкөбүзгө кетебиз го”.

Украинанын Луганск облусу
Украинанын Луганск облусу

Ал эми дагы бир кыргызстандык Турдубек Киев - Ташкент чартердик авиакаттамын жасаган компанияда иштейт. Учурда ал үй-бүлөсү менен Украинадан чыгып кетүү үчүн өлкөнүн батыш чек арасын карай баратат. Өлкөдөгү ар бир облуска кире бериш жерлерде блокпосттор орнотулган. Өлкө ичинде каршылаш тараптын диверсиялык-чалгындоо топтору көп болгондуктан, каттап жаткан ар бир автоунааны текшерип өткөрүп жатышат.

“Кечээ таңга маал Киевден чыгып Хмельницкий шаарына келип түнөдүк. Азыр Тернопол жакка баратабыз. Биз эки үй-бүлө - төрт чоң киши, үч жаш бала баратабыз. Кыргыз элчилиги эртең же бүрсүгүнү чек арада башка кыргызстандыктар менен кошо чогултуп туруп, Польшага өткөрөбүз деп жатат. Польшага кирүү үчүн жаныбызда кандай документ болбосун жарайт дешти. Чек ара бекеттеринде адамдар көп болгондуктан өзүбүз өткөнгө татаал болчудай. Ошондуктан элчиликтин жардамы менен өтөлү деп турабыз. Бул жактагы бардык эле кыргызстандыктар кетебиз деп жатышат, бирок айрымдарынын жеке автоунаасы жок болгондуктан жардамга муктаж болууда”.

Кыргызстанда туулуп-өскөн киевдик журналист Илья Лукаштын “Азаттыкка” билдиришинче, борбор калаанын ал жашаган аймагы 25-февралдан 26сына караган түнү биринчи күндөргө салыштырмалуу тынч өттү. Бирок шаардын башка аймактарында жарылган үндөр, атышуулар угулуп турган.

Анын айтымында, борбор калааны коргоо штабдарында жарандардын узун кезеги жаралган.

"Аскер бийлиги аларды каттап, уюшулган топторго бөлүштүрүүдө. Бийлик оор кырдаалда өтө адекваттуу, жыйнактуу болуп жатат. Таң каларлык уюшкандыкта, тактыкта иштеп жатканын көрүп турам. Калкка эмнени айтса, баары кыйшаюусуз аткарылууда. Ыктыярчылар аймактык коргонуу штабдарында кезекте турушат. Энелер, балдар жана кары-картаңдар түндө бомбадан коргонуу жайларына жайгаштырылууда. Тургундар азыр өздөрүн шартка карап алып жүрүүдө. Путин айтып жаткандай бөлүнүп-жарылуу эч жерде байкалбайт”, - деди Лукаш.

Киев.
Киев.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылганы айтылган.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралдын таңында украин элине кезектеги билдирүүсүн жасады. Зеленский 25-февралдын жыйынтыгын чыгарган видео кайрылуусунда украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын айткан.

Ал арада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты.

"Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатабыз. Орусия жана Украина менен болгон тарыхый достук мамилелерибизге таянып, тараптар чыр-чатакты жөнгө салуунун жаңы форматтарын жана механизмдерин түзүү аркылуу сүйлөшүүлөр үстөлүндө тез арада тынчтыкка жетишет деп ишенебиз".

Билдирүүдө Кыргызстан тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоого багытталган ар кандай сунуштарды жана демилгелерди кубаттай турганы айтылган.

Андан тышкары бардык тараптарды жарандардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун, алардын чыр-чатак болгон аймактан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга чакырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргыз жарандарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380442370347

+380997573413,
+380442370346,
+380442370348 "WhatsApp".

Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000
+996 703 428 865
+996 709 983 465
++996 554 065 215

XS
SM
MD
LG