Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

"Бишкек" эркин экономикалык аймагын сындаган ишкер сурак берди


"Бишкек" эркин экономикалык аймагы
"Бишкек" эркин экономикалык аймагы

"Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы "мыйзамсыз иштер" жөнүндө айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Улуттук коопсуздук комитетине чакырылды.

Шаменов 2-август күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Буга анын 28-июлдагы социалдык тармакта түз эфирге чыгып "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) 26 субъектиси "мамлекеттик жеңилдиктер жана артыкчылыктар берилген реестрге мыйзамсыз кирип алган" деп айтканы себеп болгон.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын ичинде жүздөгөн компания бар. Алардын ичинде 26 компания өкмөттөн мыйзамсыз артыкчылык алган. Бажы биримдигинин 7.1.11 пунктунда жазылып турат, мамлекет үчүн өтө керектүү, приоритет катары тандап алган ишканалар 7.1.11 пунктунун негизинде салыктардан бошотулат. Тагыраагы, алар Кытайдан товар алып келсе, мамлекеттин казынасына бир сом дагы салык төлөшпөйт, бажы алымын бербейт.

Ошол “Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы компаниялар артыкчылыктарды мыйзамсыз алган. Үстүнөн "ушул компанияларды киргизгиле" деген команда түшкөн. Алар эч бир документи жок, мындайча айтканда, "паспорту жок эле" уруксат кагазын берип коюшкан. Ошону менен алар бир сом да салык төлөбөй, мамлекетке эбегейсиз зыян келтирген.

Бул боюнча 2020-жылдын сентябрь айында "мамлекетке 118 млн. сом зыян келтирилиптир" деп иш козголгон. Жыйырма алты компаниянын бирөө гана мамлекетке келтирген зыянды төлөгөн, калган 25 компания төлөбөй койду".

Ишкерди суракка алган УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болбоду. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров айтылгандарды "суу кечпеген каралоо" деп эсептейт.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык биримдиктин чечими атамекендик өндүрүштү колдоо үчүн Кыргызстанда жок сырьёлорду алып киргенде бажы алымынан бошотууну көздөгөн.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын 26 субъектиси мамлекеттик реестрге ал кызматка келгенге чейин - 2018-жылы киргизилгенин билдирди.

Кудрет Тайчабаров
Кудрет Тайчабаров

"112 млн. сом боюнча прокуратура бизге козгогон эмес. Эркин экономикалык аймакта иштеген 20 субъект бар, 112 млн. сом бир эле СЭЗдики эмес, сыртта иштеген, мисалы, товар экспорт кылган Cool Bro's сыяктуу компаниялар бар. Анын үстүнө 112 млн. сом бизге түшө турган болсо, ал ЕАЭБдин бюджетине кетет. Ал жерде Кыргызстандын үлүшү 1,9% болот. Шаменов жана башка чаласабат блогерлер "Кыргызстандын бюджетине зыян келтирди" деп айтып атпайбы. Ал акча кандай болгондо да Кыргызстанга түшмөк эмес. 2018-жылы бажычылардын айынан ушундай ызы-чуу чыккан. Бул кылмыш эгер козголсо бажычыларга козголот, эч кандай СЭЗге же анын субъектилерине эмес. Бул 2018-жылдагы бийликтин учурунда болгон нерсе. Ошону азыр алып чыгып жатышат".

Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директорлугуна 2020-жылдын 14-ноябрында дайындалган. Эркин экономикалык аймактын жетекчилигине келгени коомчулук тарабынан анын дарегине сындар буга чейин да айтылган.

Жарандык активист Атай Бейшенбек Тайчабаров мекемени жетектеп турган мезгилде коррупцияга шек жараткан күмөндүү иштерге көп аралашып жатканын айтты.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

"Менин булактарым берген маалыматка ылайык, эч кандай укуктук-ченемдик негиздемелери жок Тайчабаров жетектеп аткан мекеменин чечими менен "БиСталь" деген жоопкерчилиги чектелген коомдон ижаранын эсебинен Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа алынган. Ал ишкердик субъекти "Бишкек" СЭЗден жерди ижарага алып жатканы үчүн мамлекетке төлөп, каражат мамлекетке түшүшү керек эле. Бирок аны өз чечими менен унаага алмаштырып, анан ошол унааны кызматтык унаа катары пайдаланып жүргөн. Бул тастыкталган факты. Ошондой эле эч кандай тендер өткөрбөстөн, өз чечими менен дээрлик 110 миң сомго Iphone 12 Pro Max телефонун алган. Мунун бардыгы так маалымат. Менимче, укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп, өз баасын берет. Мындан тышкары, 2-июнда Санкт-Петербург шаарында боло турган дары-дармек коопсуздугу боюнча КВЦ "Экспофорум" эл аралык форумуна Кыргызстандын атынан 1-июнда учуп барып, "Шереметьево" аба майданынан киргизилбей, депортация болгон".

Тайчабаров учурунда "Бишкек" эркин экономикалык аймагын укук коргоо органдары бир нече ирет текшерип, бир жолу да мыйзамсыз факты аныкталбаганын айтууда. Ал эми ижара акысына алынган кызматтык автоунаа менен уюлдук телефон тууралуу маалыматтардын чоо-жайын мындайча чечмеледи:

"Эркин экономикалык аймакта буга чейин алынган кызматтык телефондор бар экен. Бизде көп субъекттер чет элдиктер, мисалы, кытайлар кеткен бойдон келбей коёт. Ошондой болбосун деп аймакка өзүнүн жумушу менен келген учурда "карызыңды төлө же автоунааңды чыгарбайбыз" деп алып койгонбуз. Бул чындык. "БиСталь" деген субъекттен алынган. 2008-жылы чыккан, эски эле унаа. Базар баасын мен азыр так билбейм. Иши кылып баалоочулар базар баасынан арзан кылып баалашкан. Аны айдап жүргөн учурда бизди бир жаш бала сүзүп алган. Ошондон улам ызы-чуу чыккан. Биз унаа эле эмес, имараттарды, көмөк чордондорду, жабдыктарды - төлөй албай калган учурда эмнеси болбосун, акысына баалап алабыз. Бул жерде мыйзам бузуу же кылмыш жок, бул практикаланып келген нерсе. Мисалы, жакында Magic Box деген ишкана күйүп кетип, ижарага болгон карыздарын төлөй албай калган. Ошол карыздарынын эсебинен буга чейин курган көмөк чордонун баалап бизге өткөрүп берип жатат. Ага чейин имараттарын өткөрүп бергендер болгон, жабдыктарын өткөрүп бергендер бар".

Ал эми июнь айында Орусиянын аймагына кире албай, артка кайтканы тууралуу маалыматты ырастап, түшүндүрмө берди.

"Иштеген адам депортация болот, "персона нон-грата" деген аймакка киргизилбейт – айырмасы эки башка. Баткенде бизге Тажикстан кол салганда артында кимдер турганын жазып койгон болчумун. Ошону тигилер билип калыптыр дагы персона нон-грата кылып коюшуптур. Санкт-Петербургда жылда өтүүчү бизнес-форум бар, бизге дайым чакыруу келип турат. Чакыргандар ФСБнын пландарын билбейт да".

Тайчабаров ага жалаа жаап жаткандар жооп беришерин, тиешелүү маалыматтар чогултулуп жатканын кошумчалады.

"БиСталь" компаниясынын Адилет аттуу өкүлү унаа тууралуу укканын, бирок так айта албай турганын билдирди.

"Авария болгон унаабы? Уккам аны, бирок чоо-жайын так айта албайм. Фирма СЭЗдин курамында, бирок иши бир топ жылдан бери токтоп турат. Бир айда бир-эки жолу эле продукция чыгарат".

Илгиз Шаменов буга чейин Бишкек шаардык кеңешинде "Социал-демократтар" фракциясынан депутат болгон. Бир ай мурун мандатын тапшырып, Жетим-Тоо кенинин иштетилишине каршы жана "Бишкек" эркин экономикалык аймак менен Айыл чарба министрлигинин ишмердиктерин сындаган билдирүүлөрдү жасай баштаган.

Бул арада Илгиз Шаменов ага карата куугунтук башка тараптан да башталганын билдирүүдө. 2-август күнү анын "Тянь-Шань Форель" деп аталган балык чарбасын текшерүү үчүн Экотехинспекция менен Балык чарба департаменти тарабынан билдирүү-каттар барган.

Бул мекемелердин жарыша барган билдирүү каттары ишкердин атайын кызматка суракка алынган учуруна туш келип турат. Социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө И.Шаменов муну өзүнүн курч билдирүүлөрүнө байланыштырып, саясий куугунтук катары атоодо.

Экотехкызматынын билдирүү-каты
Экотехкызматынын билдирүү-каты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстарды көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору Талант Иманкулов бул пландуу текшерүү экенин билдирди.

"Бул пландалган текшерүү. Ал май айында пландалып, Экономика министрлиги менен макулдашылган. Бул жөн гана пландуу текшерүү, эч кандай саясаттын таасири жок. 2018-жылдан бери ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилген. Андан бери пандемия болду, бийликте реформа болду. Келип-келип быйылдан баштап ишкерлерге кайрадан пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз".

Деген менен Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти ишкердин Нарын дарыясындагы ижарага алган аймагын кайра кайтарып алууну көздөп жатышканын айтты.

Департаменттин Аквакультура бөлүмүнүн башчысы Нурдин Бекболиев муну мындайча чечмеледи:

Балык чарба департаментинин билдирүү-каты
Балык чарба департаментинин билдирүү-каты

"Тянь-Шань Форель" боюнча, буга чейин алар эки жыл мурун Таш-Көмүрдө капас (садок) коёбуз деп участок алган. Ошол бойдон ал жерди өздөштүргөн эмес. Бизде жыл сайын конкурс өтүп турат. Балык багам дегендер көп да азыр. "Ошол жерге биз багат элек, өздөштүрүлбөй жатат" деп кишилер келип жатат. Келишимде деле "бир жылдын ичинде өздөштүрүлбөсө кайра кайтарылат" деп жазылган".

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын маалыматына ылайык, аймакта жалпысынан 318 резидент катталган, анын ичинен 2021-жылдын аягына карай 129у ишмердигин жүргүзүп жатат. Анын 56сы өндүрүш менен калганы соода-сатык жана кызмат көрсөтүү менен алектенет.

XS
SM
MD
LG