Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Өрт, сел, оору. Аптап бай өлкөлөрдүн алын кетирди


Июль айында ысык аба ырайы Жер планетасынын бардык аймктарына таасир этти. Кытайдан баштап, Америка жана Европанын түштүгүндө абанын кескин ысышынан улам айрым жерлерде токойлор өрттөнүп, кээ биринде тынбай жааган нөшөрдөн улам сел жүрүп, көп өлкөлөр эбегейсиз чыгым тартууда.

Алжирде токойлорду каптаган тилсиз жоо калктуу конуштарга жайылып, 34 кишинин өмүрү кыйылды.

Алардын арасында жергиликтүү тургундарды коопсуз жактарга көчүрүүгө жардам берип жаткан аскерлер да бар. Ушу тапта Алжирдин алты облусун тилсиз жоо чулгады. Абанын температурасы 50 градуска жетип, катуу шамал өрттүн андан ары жайылышына түрткү болууда. Андан тышкары атайылап өрт коюуга шек саналган 14 адам кармалды.

Италиянын түштүгүндө да токойлор өрттөнүп жатат. Мындан улам 25-июлда Палермо шаардык аэропорту бир нече саатка жабылды. Тилсиз жоо өлкө боюнча төрт кишинин өмүрүн алды. Ал эми өлкө түндүгүндө шейшембиде катуу шамал Милан шаарында дарактарды кулатып, эки киши мерт болду.

Сицилиянын айрым бөлүктөрүндө абанын температурасы 47,6 градуска чейин ысып жатат.

Түркиянын Анталия провинциясындагы Кемер курортуна жакын аймактагы токойдун 120 гектарына өрт жайылгандан улам 25-июлда ондогон тургундар жана жергиликтүү оорукананын бейтаптары коопсуз жакка көчүрүлдү.

Пакистанда 25-июлда тынбай жааган нөшөрдөн улам Карачи шаарынын коммерциялык бөлүгү суу астында калды. Кытайда Доксури катуу шамалы жакындап калганы эскертилди.

Аскерлер Эвиа аралындагы өрттү өчүрүп жатып, кулаган учактын калдыктарын издеп жатышат. 25-июль, 2023-жыл.
Аскерлер Эвиа аралындагы өрттү өчүрүп жатып, кулаган учактын калдыктарын издеп жатышат. 25-июль, 2023-жыл.

Грекиядагы "алаамат"

Грекияда токойлорду каптаган өрт үч кишинин өмүрүн алганы 25-июлда маалым болду. Эвиа аралындагы тилсиз жоо менен күрөшкө тартылган учак шейшембиде кулап түштү. Ичиндеги 34 жана 27 жаштагы эки учкуч ошол жерден мүрт кеткен.

Мамлекеттик ERT телеканалы жекшембиден бери дайынсыз болуп жаткан 41 жаштагы чабандын күйүп калган сөөгү табылганын 25-июлда кабарлады.

Грек аралдарын чулгаган тилсиз жоо менен күрөшүүгө түркиялык жана словакиялык өрт өчүрүүчүлөр жардамга келди. Болуп көрбөгөндөй ысык жана шамал өрт менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратып, тескерисинче аны күчөтүп жаткандай. Жергиликтүү тургундар жана ыктыярчылар өкмөт жетиштүү чара көрбөй жатат деп нааразы.

"Бул алаамат. Мен ушул жерде туулгам, 50 жылдан бери жашайм. 2008-жылы дагы өрт каптаган, бирок мынчалык болгон эмес. Бүт аралды өрт чулгады. Токтобой жатат. Бул жөн эле тозок. Өрт качан өчүрүлөт? Жардам качан келет? Каяктан келет? Бул жакта баары күлгө айланмай болду", - деди жергиликтүү ыктыярчы Ставрос Никитарас.

Табият кырсыгынан туристтер арасында абдан популярдуу Родос аралы да жабыркады. Ал жактан жыйырма миңдей жергиликтүү тургун жана турист коопсуз аймакка чыгарылды. Грекиянын айрым аймактарында 26-июль күнү абанын температурасы 44 градустан ашары күтүлүп жатат.

Өкмөттүн жыйынында Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 25-июлда сүйлөп жатып, климаттын өзгөрүүсүнөн улам жабыркап жаткан Жер ортолук деңизинин тегерегин сыйкырдын күчү менен сактап калуу мүмкүн эмес экенин билдирип, алдыңкы күндөр мындан да оор болорун эскертти.

Палермо шаарынын жанындагы токойлорду каптаган өрт. ANSA агенттигинин сүрөтү. 25-июль, 2023-жыл.
Палермо шаарынын жанындагы токойлорду каптаган өрт. ANSA агенттигинин сүрөтү. 25-июль, 2023-жыл.

"Болуп көрбөгөндөй сыноо"

Лефтерис Лаудикос үй-бүлөсү менен Родос аралындагы Киотари аралында чакан мейманкана иштетет. Ал өткөн дем алыш күндөрү отелге токтогон германиялык, британиялык жана польшалык 200дөй туристти өздөрү автоуналарды ижарага ала коюп аралдан чыгарышканын айтат.

"Ишембиде шамал менен өрт өчүрүүчү учактардын жоктугун көргөндө, "бүгүн ичер суубуз түгөнөт" деп ойлодум", - дейт ал.

Родос - Грекиядагы ири аралдардын бири, бул жакка жайкысын кеминде 1,5 миллион чет элдик турист келет.

Бул жактан 20 миңдей жергиликтүү тургун жана турист коопсуз аймакка чыгарылды. Грек прокуратурасы өрттүн тутантуу себебин жана аны менен күрөшүүгө бийликтин даярдыгын иликтей баштады.

Туризмге Грекия экономикасынын 18% туура келет. Ар бир бешинчи жумушчу туризм тармагында эмгектенет.

Алдыңкы университеттердин окумуштууларынын биргелешкен иликтөөсү соңку айдагы ысык климаттын өзгөрүүсүнө түздөн-түз байланышы бар экенин көрсөттү.

Илимпоздор адамзат абага зыяндуу заттарды азыраак чыгарса, мынчалык ысык болбойт эле деген пикирде. Ысык Европада былтыр 60 миң адамдын өмүрүн алган.

Буга чейин Эл аралык метеорологиялык уюм абанын температурасы түнкүсүн да жогорулап, жүрөк ооруларынын кармашына алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

"Негизги көңүл күндүзгү жогорку температурага бурулганы менен, түнкү температуранын жогорулашы ден соолукка көбүрөөк зыян келтирет, өзгөчө аярлуу топко кирген адамдарга кыйын болот", - деп жазылган билдирүүдө.

Адам чыдагыс ысыкта токойлор күйүп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Ал арада ысык аба ырайы түбөлүк суук өкүм сүргөн Антарктиданын муз аянты быйыл болуп көрбөгөндөй кыскарып, тарыхый эң аз чекке жеткени белгилүү болду.

АКШнын Кар жана мөңгүлөр боюнча улуттук борборунун баяндамасында айтылгандай, учурда деңиз музунун аянты 12,7 миллион чарчы километрди түзөт. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,6 миллион чарчы километрге, жалпы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,6 миллион чарчы километрге аз.

Докладда айтылгандай, рекорддук жылуулук климаттын өзгөрүшү жана Эль-Нино деп аталган кубулушка байланышкан. Ал Тынч океандагы экватордук суунун табынын көтөрүлүшүнүн натыйжасында пайда болот.

Деңиз музу азайгандан кийин океан суулары Антарктиданын жээктерин жууп, мөңгүлөрдүн кичирейишине алып келет. Мунун арты менен океандын деңгээли көтөрүлүп, жээктеги аймактарды суу каптоо ыктымалдыгы жогорулайт.

Адистер акыркы 5500 жылда Антарктикада мөңгүлөр мынчалык тез эриген учур боло электигин белгилешет.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму июлдун биринчи жумасы эң ысык болгонун билдирген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG