Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Беларус: полиция өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды камакка алды


"Социалдык тармактар аркылуу ыңкылап" аталган коомдук иш-чарага катышкан бир айымды беларус полициячылары кармап кетип жаткан учур. Минск шаары, Беларус. 20.7.2011.
"Социалдык тармактар аркылуу ыңкылап" аталган коомдук иш-чарага катышкан бир айымды беларус полициячылары кармап кетип жаткан учур. Минск шаары, Беларус. 20.7.2011.

Беларустун коопсуздук күчтөрү 20-июлда президент Александар Лукашенконун өкмөтүнө жана улам кеңири жайылып бараткан экономикалык кризиске каршы нааразылык чарасына чыккан ондогон адамдарды кармады.

Демонстранттар соңку тогуз аптадан бери “шаршемби” акцияларын Минск жана башка шаарларда улантып келе жатышат. Мындай “үнсүз” акцияларында нааразычылык билдиргендер адатта кол чабышат жана жер тепкилешет.



Минскиде өкмөттүн тыюу салганына карабастан, шаршембиде эки жүздөй адам ушинтип кол чаап жана жер тепкилеп турушту.

Айрымдар белгилүү рок ырчы Виктор Цойдун Советтер Союзунун кыйрашын сезип, утурлаган атактуу “Перемена” (“Өзгөрүү”) ырынын негизги сөздөрүн кыйкырып атышты.



Бул ыр жакындан бери наарызылык акцияларында колдонулуп жаткандыктан, үналгы станциялардан уктурулбай калган.

“Европанын акыркы диктатору” атка конгон Александр Лукашенконун авторитардык башкаруусуна каршы бул сыяктуу технологияны пайдаланып уюшулган пикет-жыйындар июндун башынан бери ар шаршемби күнү Беларустун шаарларында тынбай өтүүдө. Акция "Социалдык тармак аркылуу ыңкылап" деп аталат.

Лукашенконун оппозицияга каршы катаал саясаты декабрдагы президенттик шайлоодон кийин күч алган. Шайлоону айыптаган массалык нааразылыктарга байланыштуу президенттикке башкы атаандаш Андрей Санников баштаган таасирдүү оппозиция лидерлери 5 жылга чейин кесилишти. Ага удаа каржылык кризис күчөдү.

Ал эми “Азаттык үчүн” кыймылынын мүчөсү, 20 жаштагы Никита Лиховид үч жарым жылга кесилип, азыр түрмөдө.

Анын энеси Елена Лиховид да шаршемби күнү камалган демонстранттардын арасында. Ал “Азаттыктын” кабарчысына полицияда отурган жеринен буларды айтты:

- Мен өз уулума кошулуп, анын көз карашын колдоп, демонстрацияга чыктым жана күрөштү улантам.

Елена Лиховид дагы башка 20 адам менен чогуу уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн бүгүн сотко чакырылды.

20-июлда өткөн нааразылык акциясына келгендердин саны мурдагыларга салыштырмалуу аз болду. 3-июлда Беларус боюнча 400 адам кармалган.

Бирок демонстранттар өз катарындагы мындай суюлууну коркуп калуу менен түшүндүрүшпөйт.

- Бизге кошулган ар бир демонстрант - бул чоң жеңиш. Өлкө ойгонууда! - дейт белгисиз бир демонстрант.

- Биз жакшы өлкөдө жашоону каалайбыз. Меним балам нормалдуу өлкөдө өсүшү керек жана ал өкмөттүн карыздары үчүн жооп бербеши керек, - дейт дагы бир акциянын катышуучусу.

3-июлда Беларустун эгемендик күнүндө Лукашенко кубаттуу аскерий парад менен коштолгон салтанатта сүйлөгөн сөзүндө акыркы нааразылык акциялар үчүн чет өлкөлөрдү айыптады.

Тогуз жумадан бери уланып келе жаткан “шаршемби” акциялардан буга чейин 1500 адам камакка алынып, кээ бирөөлөр кыска убакытка түрмөдө отуруп чыгышты, башкалары айып пул төлөштү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG