Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Беларус: КГБ менен жашоо


Владимир Некляевди (ортодо) түрмөдөн чыгарышканда, Минск, 29-январь, 2011
Владимир Некляевди (ортодо) түрмөдөн чыгарышканда, Минск, 29-январь, 2011

Беларуста президент Александр Лукашенкону былтыр 19-декабрда өткөн шайлоодогу көз бойомочулук үчүн айыптаган негизги сынчылардын экөө түрмөдөн чыгарылды. Бирок аларды жөн эле чыгарып коюшкан жок. Үй камагында алар эми КГБнын офицерлери менен бирге жашашы керек болот.

Ошентип, президенттикке мурдагы талапкер Владимир Некляев менен журналист Ирина Халипти түрмөдөн үй камагына көчүрүштү.

Экөө тең 2010-жылкы декабрдагы шайлоодон кийин өткөн массалык нааразылык демонстрациялары учурунда камакка алынышкан.

Аларды түрмөдөн бошотуу менен беларус бийликтери Батыш киргизет деген санкциялардан качканга ийгиликсиз каракет көргөндөй болду дешет.

Некляев менен Халипти үй камагына көчүрүүдө өтө кызыкча шарттар айтылды. Аларды КГБнын офицери сырттан эмес, үйдүн ичинен байкайт экен. Башкача айтканда, алар менен бирге жашайт. Офицерлер мезгил-мезгили менен алмашып турушат.

Волха Некляева
Оппозиционер Некляевдин жубайы Волха Некляева “Азаттыктын” кабарчысына Минсктеги үйүнөн телефон аркылуу сүйлөп жатып, чынында, алар үчүн бул жеңил болбой турганын жашырбады.

“Алар бөлмөлөрүбүздүн биринде отурушат, эшиктер ачык, - дейт В.Некляева. - Жолдошумду чыгарып жатканда “Мен КГБнын өкүлү мени менен бирге жашашына каршы эмесмин” деген кат жаздыртып алышкан”.

Некляев менен журналист Халип экөөн тең түрмөдөн 29-январда бошотушту. Аларды бир топ башка оппозиционерлер менен кошо “массалык башаламандык уюштурушканы үчүн” отургузушкан.

"Дарыгер да көрө албайт"

Эми алар үйүнөн чыга алышпайт, телефондон сүйлөшө алышпайт, конокторду тосуу деген болбойт, радио укканга да тыйуу салышты, компьютер да колдонушпашы керек. Мунун барына өздөрү менен күнү-түнү бирге болчу офицер көз салып турат.

Бул эле эмес, алар эми догдурга да көрүнө алышпайт. Бул да – Некляев менен Халипке коюлган үй камагынын адаттан сырт талаптарынын бири.

“Догдурлар аны көрө алышпайт. Мен өзүм гана врачтар менен сүйлөшүп, күйөөмдүн ал-абалын сүрөттөп беришим керек экен, - дейт саясатынын жубайы. - Анан дарыгерлер жазып берген дарыларды ичирип, ушунун баарын көзөмөлдөп турам”.

Уруш-талаштан тажап бүттүм...
64 жаштагы Некляев 19-декабрдагы демонстрацияда катуу келтек жеп, кан басымы көтөрүлүп кеткен. Ошондон бери дени соо эмес. Ал күнү ооруканага жаткырылган саясатчыны эртеси формачан адамдар келип түрмөгө алып кетишкен эле.

Азыр эми беларус бийликтерине канча жини келип турса да, Некляевдин жубайы атайын кызматтардын адамдары аны менен бир үйдө жашашына каршылык көрсөтпөдү.

Үйдөгү офицерлерге кээде чай, токоч берет экен. Кадимки коноктордой эле мамиле кылбаса да, алар менен сылык болгонго аракет кылаарын айтат. Мунусу үчүн өзүнүн күйөөнүн колдоочуларынан тил укканы да бар.

“Мен үйүбүздө тирешүү, уруш-талаш болушун каалабайм, - дейт ал. - Бир жарым айдан бери уруш-талаштан башыбыз чыкпай келдик. Тажап бүттүм. Үйдө жолдошум көңүлү тынч болушун, эч кандай жаман нерселерди ойлобой, жакшы жашашын каалайм”.

"Болгону буйрукту аткаргандар"

Үй камагына чыгарылган журналист Ирина Халиптин атасы да ушундай эле позицияда. Азыр алардын үйүн кайтарып турган офцерлер деле болгону “өз милдетин аткарып жатышат да”, дейт Владимир Халип.

Ирина Халип
Алар кызы экөө тең саясат жөнүндө сүйлөшүүдөн оолак болушаарын В. Халип "Азаттыкка" айтты:

- Мага кызым менен көрүшүп турганга уруксат беришти. Биз жөнөкөй эле күнүмдүк турмуштагы нерселерди сүйлөшөбүз. Абалды курчутуп жибербейли деп, андан ашык нерсеге чыкпайбыз.


Журналист Ирина Халиптин күйөөсү Андрей Санников да оппозициядагы саясатчылардын бири.

Ал дагы 19-декабрда президент Александр Лукашенкого каршы демонстрацияга чыкканы, аны башкаргандардын бири болгону үчүн түрмөдө жатат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG