Чех жумуриятында улуттук азчылыктар кырылып, депортацияланган оор мезгилдер өткөн. Бүгүн улуттук азчылыктарды коргоо жана жаштарды сабырдуулукта тарбиялоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү.
Кыргызстанда ашынган улутчулдар башка улуттарды эмнеге кыргызча ырдабайсыңар деп жекирген учурлар кездешет. Чехиядагы улуттук азчылыктардын абалы кандай?
Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган мыкты баян, ой толгоолор үчүн жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
"Азаттыктын" Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган мыкты баян, ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагынын жеңүүчүлөрү Бишкек кеңсебизде атайын сыйлыктарга ээ болушту. 27.12.2011
Азербайжандын Сумгаит шаары президент Илхам Алиевдин 50 жылдык мааракесине узундугу 50 метр торт тартуулады. Аны даярдоого 22 миң жумуртка, 2 тонна ун, 400 кг. май, 300 кг. жаңгак сарпталган. "Азаттыктын" Азербайжан кызматынын видеобаяны, 27.12.2011
Чех драматургу, коомдук жана мамлекеттик ишмери, мурдагы диссидент Вацлав Гавелдин (1936-2011) элесин эскерип...
Диссидент-жазуучу, Чехословакиянын коммунисттик режимин кулаткан "Баркыт" ыңкылабынын лидерлеринин бири, Чехиянын тунгуч президенти Вацлав Гавел 75 жаш курагында оорудан көз жумду. (AП тасмасы)
Прагага дүйнөнүн булуң-бурчунан көңүл айткан билдирүүлөр келип атат. Чехтер мурдагы президентин эскерип, баш калаанын борборуна шамдарды жагууда.
1991-жылдын 26-декабрында Советтер Союзу расмий түрдө жоюлган. Эркин Европа/Азаттык радиосу “кызыл империянын” кыйрашынын 20 жылдыгына арналган атайын долбоорун сунуштайт.
Кыргызстанда саясий бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү тажрыйбасы чөлкөмгө кандай таасир этет? Түрдүү пикирлер, ар кыл көз караштар.
"Азаттык" үналгысынын СССРдин кыйрашынын 20 жылдыгына арналган эскерүүлөр, кызыктуу баяндар камтылган мультимедиа долбоору 5-декабрдан ишке кирет.
Дагы жүктөңүз