Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Конкеңештин суроо жараткан ишмердиги


Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылардын акциясы. Бишкек.
Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршылардын акциясы. Бишкек.

Саясий чөйрөдө мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөнгө чейин конституциялык кеңешменин иштеши канчалык негиздүү деген суроо пайда болду.

Бирок Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча конституциялык кеңешме референдумга чейин ишин уланта берет.

Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, концепция президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын жаңы долбоору азыр иштеп жаткан Конституцияга атаандаш тандоо катары референдумга коюлушу мүмкүн.

Бирок айрым саясатчылар парламенттик жана президенттик башкаруу боюнча өз-өзүнчө иштелип чыккан Конституциянын эки долбоору референдумга коюлушу керек болчу деген ойлорун айтып чыгышты.

Конституциялык кеңешменин ишинин негиздүүлүгү

Саясий чөйрөдө башкаруу формасын тандоо боюнча жалпы жарандардын макулдугун сураган референдумдун жыйынтыгы чыкканга чейин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча конституциялык кеңешменин иштеши канчалык негиздүү деген суроо пайда болду.

Анан калса, Венеция комиссиясы мөөнөтү аяктап, өткөөл учурда гана чектелген ыйгарым укукта иштеп жаткан парламент түзгөн конституциялык кеңешменин легитимдүүлүгү боюнча да маселе бар экени тууралуу сөз болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев референдум өткөнгө чейин конституциялык кеңешме ишин токтотушу керектигин жана конституциялык реформа жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча гана жүрүшү керек экенин айтты:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Алгач сексен депутатты кол койдура коюп алып чыгышты эле. Алардын арасынан бир тобу билбей кол коюп бергенин айтып, колун кайра артка чакыртып алганда, абдан уят болушту. Бул Конституциянын долбоорунун автору жок. Кийин билсек, депутаттарга аталган долбоорду жазып берген Бекбосун Бөрүбашев менен Садыр Жапаров болуп чыкты. Бирок экөөнүн тең Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу укугу азыр иштеп жаткан Баш мыйзамда жазылган эмес. Конституциянын жаңы долбооруна демилгечи боло турган 300 миң жаран бүгүн жок. Депутаттардын айрымдары андан баш тартты. Демек, азыр Конституциянын жаңы долбоорун демилгелей турган укуктук тарап жок. Ошондуктан азыркы конституциялык кеңешменин аны талкуулаганга укугу жок. Себеби биз азыр иштеп жаткан Конституцияны бузуп, анын талаптарын тебелеп анан кантип жаңы Баш мыйзамды кабыл алабыз?».

"Жаңы Баш мыйзамдын долбоорун даярдап чыгабыз"

Анткен менен конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев 10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы чыкканга чейин эле Баш мыйзамдын жаңы долбоорун караган конституциялык кеңешме ишин уланта турганын билдирди.

Ал мында президенттик башкаруу багытын көздөгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тууралуу сөз болуп жатканын белгиледи:

«Президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен бекитилгенден кийин конституциялык кеңешме иштейт. Анткени мына ошол жарлык мыйзамдын негизинде чыккан. Аны мыйзамсыз деп айтууга эч кандай негиз жок. Анын бардыгы куру доомат. Себеби, азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдын 68-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин милдетин аткарып калды. Ал эми Конституциянын 65-беренеси боюнча ал конституциялык кеңешме түзгөндө өзүнүн жарлыгын чыгарганга акысы бар. Биз мына ошол жарлыктын негизинде иштеп жатабыз. Долбоорду талкуулап, жакшылап бышырып, даярдап беришибиз абзел. Бул жерде биз Баш мыйзамга өзгөртүү же толуктоо киргизген жерибиз жок. Ал кандай жазылса, ошол бойдон турат. Азыр биз карап, талкуулап жаткан Баш мыйзам - Конституциянын жаңы долбоору. Мына ушул долбоор боюнча биз башкаруунун президенттик формасына өтүп жатабыз».


Конституциялык кеңешменин курамын бекиткен президенттин милдетин аткаруучу, парламенттин спикери Талант Мамытовдун жарлыгы чыккан.

Анда сексен депутат демилгечи катары көрсөтүлүп, бирок Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кимдер иштеп чыкканы көпкө чейин белгисиз болгон. Ал арада аталган долбоорго демилгечи болгон тизмеден айрым депутаттар колун чакыртып алганы да белгилүү. Азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдын соңку беренесинде парламент депутаттарынын үчтөн экиси гана Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.

Азыркы Баш мыйзамга атаандаштык

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Баш мыйзамдын жаңы долбоору азыр иштеп жаткан Конституцияга атаандаш долбоор катары референдумга сунуштала турганын билдирди:

«Конституциялык кеңешме өз алдынча ишин токтото албайт. Бизди түзгөн президенттин милдетин аткаруучу кандай чечсе, ошондой болот. Биз ошого гана баш ийебиз. Ал токтотсо токтойбуз, токтотпосо, иштей беребиз. Биз азыр мына ошол негизги концепциялардын үстүнөн иштеп жатабыз. Бул жерде биз иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы долбоору азыр иштеп жаткан Конституцияга атаандаш катары референдумга чыгарылат. Эгерде референдумда жалпы жарандар парламенттик башкарууну тандаса, анда азыркы Баш мыйзам кала берет. Ал эми эл президенттик башкарууну тандаса, анда биз иштеп чыккан Баш мыйзам ишке кирет. Ошону менен иштеп кете беребиз».

Тандоону камсыздоо шарты

Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрагасы, экс-депутат Исхак Масалиев конституциялык реформа жүргүзүүдө коомчулукка бир эле багыттагы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун референдумга сунуштоого макул эмес экенин айтты.

Исхак Масалиев президенттик башкаруу менен катар эле парламенттик башкаруу багытын көздөгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоорун дагы иштеп чыгып, биринчисине атаандаш долбоор катары аны референдумга коюп, жарандарга тандоо мүмкүнчүлүгүн камсыздаганда адилеттүү болмок деген ойдо:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Бул жерде референдумда жалпы жарандарга "Кайсы мамлекеттик башкаруу формасын тандайсыз?" деген суроо коюлуп жатат. Жалпы элдин кароосуна мына ушундай маселе койгону туура. Бирок ошол референдумдун алдында президенттик башкарууга ыктаган долбоор менен катар эле парламенттик башкаруу боюнча долбоорду да иштеп чыгып, коомчулукка тааныштыруу керек болчу. Анткени жарандар үчүн "президенттик башкаруу болсо, Баш мыйзам мына ушундай болот, парламенттик башкаруу болсо, анда анын мазмуну мындай болот" деген тандоону камсыздоо үчүн эки жактуу маалымдама болушу шарт. Анан элдин тандоосуна чыгарсак туура болот эле».

Башында Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик шайлоо менен катар аны референдумда бекитүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок буга байланыштуу коммчулукта конституциялык реформа үчүн бир айга жетпеген мөөнөт абдан аз экени тууралуу сын-пикирлер күчөп кеткен.

Кийин алгач башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Жакында эле депутат Акылбек Жапаров башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштады.

Референдум демилгеси: коомдогу кош пикир
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:59 0:00

XS
SM
MD
LG