Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Балдарга арналган "Чыныгы башчы" аттуу жомок китеп жарык көрдү


"Чыныгы башчы" китебинин мукабасы.
"Чыныгы башчы" китебинин мукабасы.

Кыргызстанда балдарга арналган "Чыныгы башчы" аттуу китеп жарык көрдү.

"Турар" басмаканасынын жетекчиси Милан Мураталиевдин колдоосунда чыккан 72 беттик иллюстрациялуу китепте курт-кумурскалардын жашоосу, баш каарман Алп Кара Коңуздун айкөлдүгү, башкаларга жоопкерчиликтүү мамилеси, камкордугу сүрөттөлөт.

Жомоктун автору Насыпбек Асанбаев. Сүрөтчүсү Нурбек Жумакалиев. Редактору Ишенбек Султаналиев.

"Чыныгы башчы таасирдүү иллюстрациялар аркылуу курт-кумурскалардын жашоосун чагылдырат, лидер кандай болушу керектигин баяндайт", - деп билдирди долбоордун жетекчиси Дария Абдиметалиева.

Миң нускада чыккан китеп балдарды кыргыз тилиндеги китептерге кызыктыруу, эне тилин үйрөнүп, эркин сүйлөшүнө салым кошуу максатында да жазылган.

Китептин башкы жана арткы беттеринде курт-кумурскалардын сүрөтү тартылып, алардын кыргызча аталыштары кошо жазылган.

Соңку жылдары өлкөдө балдар адабиятын жандантуу аракети жүрүп жатат. Былтыр, 2023-жылы Маданият министрлиги Жазуучулар бирлигине бөлгөн 15 млн сом адабий котормого, балдар адабиятына жана мурда жарыяланбаган авторлордун эмгектерин чыгарууга жумшалары кабарланган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 1367 китеп жана китепчелер басылып чыккан. Алардын басымдуусу кыргыз тилинде. Жылдык нуска 1,6 миллионго жетип, миң кишиге 250 китеп туура келген.

Ага чейин, 2021-жылы 685 миң нускада китеп жана китепчелер жарык көрүп, миң адамга 107 китеп туура келери эсептелген. (ST)

XS
SM
MD
LG