Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

11-сентябрь: Орусия Курскиде контрчабуулга өткөнү кабарланды, УКМК 25 киши кармалганын билдирди


11-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Орусия Курск облусунда контрчабуулга өткөнү кабарланды

Орус аскерлери украин армиясы буга чейин көзөмөлгө алган бир нече айылды кайтарып алууга жетишти. Бул тууралуу украиналык DeepState талдоо долбоору, аскердик талдоочу Роб Ли жана орусиялык бийликчил блогерлер жазышты. DeepState 11-сентябрдагы маалыматында Курск облусунун бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн украин армиясынын батыш флангындагы абалы начарлаганы айтылат. Снагость айылында кармаштар тутанды. Согушту колдогон "Два майора" Телеграм-каналы чабуулду десанттык полктун жана деңиз аскерлеринин бригадалары артиллерия жана авиациянын коштоосунда ишке ашырып жатканын жазды. "Рыбарь" маалымдагандай, орус күчтөрү Обуховка, Анапасовка жана Вишневка кыштактарын кайтарууга жетишти. Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 10 жоокер туткунга алынганын билдирди. Украинанын куралдуу күчтөрү бул маалыматты азырынча расмий комментарийлеген жок.

Иран Батыштын жаңы санкцияларына жооп кайтарарын билдирди

Британия, Франция жана Германия Иран менен эки тараптуу аба каттамдар боюнча келишимди жокко чыгарып, Iran Air авиакомпаниясына санкция салууну чечкенден кийин Тегеран “пропорционалдуу” жооп кайтарарын билдирди. Европалык үчилтик мындай чарага Ислам жумурияты Орусияга баллистикалык ракета бергени бышыкталгандан кийин барганын билдирди. Шейшембинин кечинде жасаган билдирүүдө Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нассер Канани Тегеран Москваны ракеталар менен камсыздаган деген айыптоолорду “калп жана негизсиз”, “Батыштын кас саясатынын уландысы” деп атады. Үчилтик өз билдирүүсүндө баллистикалык ракеталарды жөнөтүү ыктымалдыгы Иран Орусияны Украинага каршы согушунда колдоп жатат деген дагы бир далил экенин, “ирандык ракеталар Европанын аймагына жетсе, украин элинин азап чегүүсүн ого бетер күчөтөрүн” белгилешти. Москва Украинага кол салгандан бери Тегеран Иранда жасалган Shahed жана Mohajer дрондорунун согушта колдонулушуна байланыштуу санкцияларга кабылып келатат. Бирок Иран уруш тутангандан бери Орусияга курал бергенин четке кагууда жана бул жаңжалда бейтараптуулукту карманарын айтууда.

Татарстан муфтийи Камил Самигуллин Украинадагы согушка катышкандар "бейишке чыгарын" айтты

Бизнес Online басылмасы муфтийдин: “Динзар аскер өз үйүн, үй-бүлөсүн, мекенин коргоп жатса, Алла аны шейит катары кабыл алат”, - деген сөздөрүн келтирет. Муфтий орусиялык аскерлер “адилет согуш” жүргүзүп жатканын, муну менен Палестинага көмөктөшкөнүн, себеби Украинага жардам берүү үчүн АКШ Израилге азыраак акча жумшап калганын кошумчалады. Самигуллин буга чейин да бир топ чуулгандуу билдирүү жасап келген. Ал хижаб кийүүгө тыюу салган мыйзамга каршы чыгып, Махачкала аэропортундагы антисемиттик тополоңдун катышуучуларын катуу жазалабоого чакырган. Талдоочулар жана иликтөөчу журналисттер Орусия согушка улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн көп салганын жазып келишет.

Ардагер журналист Баян Жумагулованын иши сотто карала баштады

11-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда лингвист-эксперттер көрсөтмө бергенин Жумагулова өзү "Азаттыкка" билдирди. Ал Фейсбуктагы жазгандарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адистердин бирин алмаштырууну соттон өтүнгөн. Жумагулова кийинки жараян 24-сентябрда өтөрүн айтты. Райондук сот бул иш боюнча маалымат бере элек. Журналистке Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргөн. Ага карата Фейсбукта "арапкул" деген сөзү үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Баян Жумагулова 65 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. Көп жылдардан бери чет жакта жашайт. "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан.

Чет элдик жарандарга кол салгандардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда

Кыргыз бийлиги чет өлкөлүк жарандарга кол салган, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтиргендердин жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү коомдун талкуусуна чыгарылды. Документ чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана аларга каршы кылмыштардын алдын алууга багытталган. Мыйзам долбоору инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, конституциялык түзүлүштү деструктивдүү күчтөрдүн кылмыштуу кол салууларынан коргоо максатында иштелип чыкканы белгиленген.

УКМК "Эркечтамда" иштегендерди сабаган 25 киши кармалганын билдирди

Атайын кызматтын маалыматына караганда, окуя 10-сентябрга караган түнү болгон. Кызматкерлерди сабады делгендер бажы тейлөөсүн көрсөтүүдө ортомчулук кылгандар экени, уруш таасир талаштан келип чыкканы маалыматта белгиленген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 25 адам кармалып, кызматкерлерге кол салгандарды жана уюштуруучуларды аныктоо үчүн УКМКга жеткирилген. Бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы тейлөө сапатын жогорулатуу максатында 2021-жылы түзүлгөн. Атайын кызмат бул демилге бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылгандардын нааразылыгын жаратып, ар кандай чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп келгенин белгилеген. Мунун алдында Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан Нура айылынын тургундары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошкон. Алар "Эркечтам" бекетинде иштеген балдары сабалганын, аларды УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүмүнүн балдары салып кеткенин айтышкан.

Кыргызстанга Орусиядан 200 ыктыярчы мугалим келип, Бишкектеги мектептерде иштешет

Билим жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев орус тилдүү мектептердеги мугалим жетишсиздигин ушундай жол менен чечүү каралып жатканын айтты. Ал Орусиядан ыктыярчы мугалимдер качан жана канча убакытка келерин, аларды ким каржылай турганын жана кайсы адистикке ээ экенин тактаган жок. Мындан тышкары орус тилдүү окутуучуларды даярдоо боюнча Башкырстандын педагогикалык университетинде Кыргызстандан барган 300 адис эки жылдык кайра даярдоо курсун окуп, диплом аларын кошумчалады. 2023-жылы Орусиянын Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөткөн. 2022-жылы сентябрда 17 мугалим "Орусиялык мугалимдер чет өлкөлөрдө" долбоорунун алкагында Кыргызстандагы мектептерде иштеген.

XS
SM
MD
LG