Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Жапаров Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу комментарий берди


Азиза Абирасулова Садыр Жапаровду колдоо митингинде. Архивдик сүрөт.
Азиза Абирасулова Садыр Жапаровду колдоо митингинде. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров укук коргоочу Азиза Абдирасулованын өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу комментарий берип, "жөн гана саясат кылууда" деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчысы "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган кезектеги маегинде билдирген.

Жапаров укук коргоочуну эч ким аңдыбаганын жана өлкөдө адам укугу сакталарын, бул мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын бири экенин кошумчалаган.

"Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии, чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай, жөн эле келе берсин", - деген Жапаров.

Мамлекет башчы укук коргоочуларды моралдык ченемдерден чыгып кетпөөгө чакырып, өлкөдө демократия, сөз эркиндиги бар экенин кайталаган.

"Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым", - деген ал.

Ошол эле учурда президент мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп жатканын, көз жаздымда калган учурларды журналисттер, укук коргоочулар далилдери менен айтып, коррупцияга каршы күрөшкөнгө жардам берүүгө чакырган.

Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткени 2024-жылдын соңунда белгилүү болгон. Ал муну коопсуздугу менен байланыштырган. Кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун ал "Азаттыкка" билдирген.

67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардын башынан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин укуктарын, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.

2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жаткан.

Укук коргоочу былтыр августта үйүнө белгисиз адамдар келип, кирүүгө, телефонун алууга аракет кылышканын айтып чыккан. Ал мунун артында күч кызматтары турат деген шектенүүсүн айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага кайрылган.

2022-жылы 15-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча отуз чакты адам кармалганына нааразылык билдирип митингге чыккандарды милиция кууп тараткан кезде ал жерде мониторинг кылып жүргөн укук коргоочуну күч кызматкерлери кармап кеткен. Абдирасуловага "милиция кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн" айып тагылып, Биринчи май райондук соту үч миң сом айып салган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди жокко чыгарган.

Президент Садыр Жапаров былтыр 21-декабрда III Элдик курултай учурунда бир катар бейөкмөт уюмдарды жана көз карандысыз медиаларды сындап, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG