Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:23

Айдоочу менен милициянын чыры өлүм менен аяктады


Патрулдук милиция. Бишкек шаары, 2019-жыл.
Патрулдук милиция. Бишкек шаары, 2019-жыл.

Бишкекте адам өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу патрулдук милициянын бир кызматкери камалды. Жума күнү кечинде жолдогу араздашууда милициянын патрулдук инспектору айдоочуга ок чыгарган жана ал жаран ошол жерде каза тапкан. Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети териштире баштады.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, окуя 27-августта, кечки саат тогуздан өткөндө Жибек-Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айзада Кубатованын "Азаттыкка" билдиришинче, милициянын огунан жараат алган жаран ошол жерде каза тапкан.

"1989-жылы туулган А. Ч аттуу жаран милициянын кайгуул кызматынын Д.Ж. аттуу кенже инспекторунун огунан көкүрөгүнө ок тийип жараат алган. "Тез жардам" бригадасы жарадар болгон адамга биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзүшкөн, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон. Аталган окуя Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат каттоо журналына катталган".

Мунун алдында шаардык милиция араздашууда "айдоочу кызматкердин табелдик куралын тартып алууга аракет кылган жана тапанча кокусунан атылып кеткен" деген мазмунда билдирүү тараткан, бирок көп өтпөй эле социалдык тармактарда кызматкер өзү ок чыгарганы тартылган тасма тарады.


Кармалган милициянын патрулдук инспекторуна "курал колдонуу менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлуп, ал атайын кызматтын тергөө абагына камалды.

Окуяны УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмү иликтей турганы маалым болду. Ошондой эле ИИМ кызматтык териштирүү баштады.

Бул окуя ички иштер органдарындагы реформа тууралуу талаш-талкууну козгоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов патрулдук милиция реформанын алкагында түзүлгөнүн, бирок күткөн натыйжа чыкпай жатканына токтолду. Ошондой эле адам өлүмү менен аяктаган окуя ачык-айкын териштирилип-иликтениши керектигин билдирди.

Бакыт Жетигенов.
Бакыт Жетигенов.

"Патрулдук милиция жакшы ниет менен түзүлгөн да. Реформа деп эле келе жатабыз. Реформанын баарынын эле жыйынтыгы жок болуп жатпайбы. Реформа бир нерсенин атын өзгөртүп, алмаштырып коюу же бирөөнү башкасына кошуу менен менен болбойт да. Реформа башкача болушу керек, комплекстүү чаралар керек. Бул аябай кайгылуу, кейиштүү окуя болду. Кызматкерлердин баарын психологиялык жактанбы же дагы башка жактанбы дыкат даярдап, сынак болгондо баарын тактап, изилдеп тандаш керек болчу. Бул окуяны териштирүүдө жаап-жашырып же башка багытка алып кетпеш керек. Болгонун болгондой териштирип тыянак чыгаруу абзел".

"Реформалар жана натыйжа үчүн" жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаевдин пикиринде, учурда патрулдук милицияга байланыштуу реформа уланбай калды.

"Патрулдук милициянын түзүлүшү чынында эле реформа болгон. Биринчиден сынак ачык болуп, күч органдарында иштебеген жарандар дагы МАИ кызматкерлери менен кошо сынакка катышып, андан өткөн. Айлыктары мурдагы МАИ кызматкерлерине караганда эки-үч эсе жогорулаган. Коомчулукта жакшы ойлор, пикирлер айтыла баштаган. Бирок реформа андан ары жылбай калды. Мисалы жакшынакай үйдү куруп туруп, аны таштап салгандай эле болду. Мамлекеттен, бийликтен ушундай мамиле болуп калды. Ал жакта мурда күч органдарында иштебеген жөнөкөй жарандар менен көп жыл МАИ тармагында иштегендер чогуу кызмат кылганда жарандык чөйрөдөн келген кызматкерлерге психологиялык, моралдык жактан чоң басым болду. Кээ бир учурларда эмне кыларын билбей туура эмес, мыйзамсыз иштерди кылып жиберген учурлар бар. Патрулдук милиция мурдагы бийликтин жетишкендиги. Азыркы бийлик болсо жетиштүү мамиле кылбай, биз сунуштаган нерселерди кабыл албай жол, эшиктер жабылып калды".

ИИМ мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда патрдук милиция алгач 2016-жылы түзүлгөн. Ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Бирок эки жылга жетпей Сапар Исаков өкмөттү жетектеп турганда бул түзүм жоюлуп, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы негизделген.


Сооронбай Жээнбеков президент кезинде, 2018-жылы күзүндө эксперттик топтун сунушу менен патрулдук милиция кайра түзүлгөн жана алгач Бишкекте 2019-жылы ноябрь айынан тартып иштей баштаган.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделген. Анда патрулдук милицияга сынак аркылуу 600 адам тандалып-иргелип алынган. Алар 50дөн ашык менен коомдук тартипти жөнгө салып, жол кыймылынын коопсуздугуна дагы көзөмөл жүргүзөт деп айтылган.

Кийинчерээк патрулдук милиция Бишкектен башка аймактарда дагы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG