Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Патрулдук милиция кайра түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Патрулдук милиция кайрадан түзүлөт. Бул боюнча эксперттик топ иштеп чыккан стратегияны президент Сооронбай Жээнбеков колдоду.

Жол коопсуздугу боюнча органды реформалаш үчүн түзүлгөн эксперттик топ Патрулдук милицияны кайра түзүүнү президентке 5-ноябрда сунуш кылды.

Ага ылайык, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милиция кайрадан түзүлмөкчү. Эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов ал кандай тартипте иштей тургандыгын айтып берди:

Тамерлан Ибраимов.
Тамерлан Ибраимов.

- Жаңы кызматтын иш тартиби өзгөрүп, ал жолдордогу коопсуздукка эле эмес, бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка да жооп берет. Азыр биз “МАИчи” деп атаган кызматкерлер, тилекке каршы, колуна ала таякчасын кармап, бадалдарга жашынып турушат. Алар айдоочуларды кокустан чыга калып токтотуп акча алышат. Эми мындай болбойт. Анткени Патрулдук милиция башкача иштейт. Алар ар дайым кыймылда болуп, өздөрүнө бөлүнгөн аймакты тескешет.

Кыргызстанда Патрулдук милиция бир жыл мурун эле жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Анда да так ушундай убадалар берилген.

Бирок эки жылга жетпей, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда бул түзүм жоюлуп, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы негизделген.

Мамлекеттик органдарды кайра түзүүдөгү башкы максат “автокырсыктарды азайтып, жол коопсуздугун камсыз кылуу” экендиги айтылган эле. Бирок тиешелүү мекеменин аталышы өзгөргөнү менен жолдогу абал өзгөрүүсүз калганын сындагандар көп. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев аталышты өзгөртүү менен реформаны ишке ашыруу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

- Кыргызстанда бир ишти аягына чейин чыгарган эч ким жок, - деди ал. - Ар ким өз билгенин кылып эле аны “реформа” деп жатат. Бирок чындыгында реформа жок. Ал эми убакыт, каражат кетип жатат. Булар болсо бирин бузуп, кайра экинчисин оңдоп эле бир нерсе кылып жатышат.

Бирок эксперттик топтун башчысы Тамерлан Ибраимов “Патрулдук милиция бул ирет башкача болот” деп ишендирүүгө аракет кылууда. Анын айтымында, демилге 2019-2020-жылы алгач пилоттук негизде Бишкек шаарында ишке ашырылып, кийин жалпы өлкөгө жайылтылат.

Ал эми реформа үч баскыч менен ишке ашканы турат. Ага ылайык, Патрулдук милицияга кадрлар конкурстук негизде тандалат. Андан соң сынактан өткөндөр жарандардын укуктары, ок атуу, жол эрежелери боюнча окуудан өтүп, коррупцияга каршы чаралар жагынан катуу талаптар коюлат. Президент Сооронбай Жээнбеков аны колдоп, ишти баштай берсе болорун айтты.

Деген менен анын каржылык булактары жана канча акча талап кылаары ачык жарыяланган жок. Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Толкунбек Исаков буга чейинки Патрулдук милиция дал ушул каражаттын аздыгынан аксаганын эске салды:

Толкунбек Исаков.
Толкунбек Исаков.

- Тиешелүү кызматкерлер “убагында жетиштүү каржылоо болбогондуктан башында коюлган идея ишке ашпай калды” деп айтышууда. Буга мен да макулмун. Патрулдук милиция башында айтылгандай болуп, анда коюлган тапшырманын баары аткарылса коопсуздукка чоң салым болмок. Каржынын жоктугунан бүгүнкүдөй кырдаал жаралып отурат.

Ал эми парламент депутаты Бакирдин Субанбеков жаңы түзүлчү Патрулдук милицияга 500 млн. сом бөлүнөрүн белгилеп, бул жолу майнап чыгарына үмүт артып турат.

- Көп жылдан бери эле “реформа, реформа” деп келебиз. Бирок реформа жасаш үчүн акча керек, - деди депутат. - “Азыр бул үчүн 500 млн. сом каражат каралып жатат” дейт. Милицияда чечилбеген көп маселелер бар. Мисалы, кызматкерлерге батирлер бериле элек. Милиция кызматкери 13 миң сом айлык алат, аны батирге төлөйт, үй-бүлөсүн багышы керек. “Эгер 500 млн. сом каражат бөлүнсө, айлык канча сомго көтөрүлөт?” десем “22-23 миң сом болот” дейт. Бул 13 миң сомго караганда бир топ эле көбүрөөк го деп атам. Андан сырткары техникага, жаңы формаларды алганга акча бөлүнүп, кошумча штаттар ачылат экен. Эгер айтылгандардын баары аткарылса жыйынтык жакшы эле болот.

"Реформалар жана натыйжа үчүн" жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев буга чейин күч органдарындагы ийгиликсиз реформалар үчүн бир да жетекчи жооп бербегенин эске салып, буларга токтолду:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Азыр президент баш болуп жоопкерчиликти өз мойнуна алып жатат. Эгер эртең эч кандай жыйынтык болбосо - президент өзү жооп берет. Бирок аны биз, эл унутпашыбыз керек. Себеби бир адамга жоопкерчилик жүктөлбөсө бир да реформа аягына чыкпайт, бир да өзгөрүү болбойт. Мисалы, айрымдар кызматта турганда саясий кызыкчылыгы үчүн чоң-чоң убадаларды берип, өзүнө упай топтоп алат. Эртең анын ишинен жыйынтык чыгабы-жокпу, иши да болбойт. Ал кийин башка кызматка кетип калат.

Патрулдук милицияны кайра түзүүнү сунуш кылган эксперттик топ президенттин тапшырмасы менен быйыл август айында түзүлгөн.

2017-жылы автокырсыктар көп катталып, айрымдар аны Патрулдук милициянын ишке кириши менен байланыштырышкан. Ал эми расмий маалымат боюнча быйыл 9 айдын ичинде өлкөдө 4 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан 458 киши каза болуп, 6 миңден ашык адам жабыркаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG