Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Атазовдун мандаты: Муртазалиев менен БШКнын талашы


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдурахманхажи Муртазалиев тууралуу Бишкек административдик сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

Бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан талапкер Муртазалиев Шайлообек Атазовдун мандаты ага тийиши керек экенин айтып, соттошуп жатат жана соттун анын пайдасына чыгарылган чечимдери бар экенин билдирип келет.

БШК болсо Муртазалиевдин талапкер катары каттоосу 2022-жылы эле Жогорку Соттун чечими менен жокко чыкканын, мындан улам ага мандат берилбесин, бул округда кайра шайлоо дайындалганын билдирүүдө.

Абдурахманхажи Муртазалиев анын пайдасына Жогорку Соттун жана Бишкек административдик сотунун өкүмдөрү чыкканын айтып келет. Анын негизинде ага мандат берүүнү талап кылып БШК менен соттошууда.

"Кечээ, 30-майда соттук угуу өтүшү керек эле. БШК адаттагыдай эле жаңы юристти чакырыптыр. Ал юрист кечээ материалдар менен таанышып үлгүрбөй калган имиш. Кечээги дата менен гана ишеним кат жазып берип, таанышууга убакыт сурашты. Мен бүгүн БШК сот чечимдерин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылганын жаңылыктардан окудум. Ушул жерде Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылса болобу деген суроо туулат. Ошондой эле мен тууралуу Бишкек административдик сотунун аныктамасы бар. Мен азыр БШКнын аракеттерин түшүнө албай турам. Алар мага мандатты өз эрки менен берүү тууралуу сот чечимин аткарбай жатат. Ошондуктан мен кийинки аптада тиешелүү органга кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен кайрылганга аргасыз болом. Анткени бул жерде менин укугум бузулуп жатат".


Ушул айдын башында Муртазалиев өз жагдайына байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылган. Анда Бишкек шаардык административдик сотунун 1-марттагы чечимин негиз кылып, БШК аны депутат деп таанышы керектигин билдирген. Талапкер аталган сот чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын, мыйзамдарга ылайык, апелляциялык өтүнүч берилген учурда сот чечими күчүндө калтырган кезден тарта иштей баштарын белгилеген.

Куду ушундай эле бүтүм Жогорку Соттун 30-апрелдеги токтомунда да сакталганын, БШК мандатынан ажыратылган депутат Шайлообек Атазовдун ордуна аны шайланган депутат деп таанууга милдеттүү экенин айткан.

Муртазалиев 30-майда БШКнын бир мандаттуу Свердлов округунда кайра шайлоо дайындоо жөнүндөгү БШКнын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек административдик сотуна кайра кайрылган. Ал БШКнын 15-майдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

Президент Садыр Жапаров аталган чечимдин негизинде 16-майда аталган бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындаган.

БШК Бишкек административдик сотунун Муртазалиеди шайланган талапкер деп таануу чечимин жана ал чечимди аткаруу актысын жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылганы 31-майда белгилүү болду.


Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-май күнү БШКга Свердлов райондук сот аткаруу кызматы Бишкек административдик сотунун 16-майдагы аткаруу актысы жиберилген. Анда Боршайкомду 10 күндүк мөөнөт ичинде сот чечимин өз эрки менен аткаруу сунушу жазылган.

"Бирок БШК мурдараак Бишкек административдик сотуна кайрылып, аткаруу актысын жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Сот Боршайкомго аткаруу актысын жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылууга укугу бардыгын билдирген. БШК 28-майда Бишкек шаардык сотуна кайрылуу чечимин кабыл алды", - деп жазылган маалыматта.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Жогорку Соттун Муртазалиев тууралуу биринчи чечими - анын талапкер катары каттоосун жокко чыгарган 2022-жылдагы чечими күчүндө экенин, ошондуктан ал мандат ала албай турганын айтты:

Узарбек Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаев.

"Бүгүнкү күндө Жогорку Соттун эки чечими болуп жатат. Муну туура түшүнүү керек. Кээ бир кызыкдар тараптар соттун быйылкы гана чечимин айтып, 2022-жылдын 22-мартында Жогорку Сот чечим чыгарган. Анда БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин туура деп тапкан. Аны эч ким жокко чыгара элек. Эң негизгиси бул жерде мөөнөттөрү мурда эле өтүп кеткен да. Шайлоо тууралуу атайын конституциялык мыйзам бар. Ошол жерде так көрсөтүлгөн. Шайлоо өткөндөн кийин беш күн ичинде арыздар берилиши керек. Анан ал арызын эки жыл өткөндөн кийин бергени үчүн карабай койгонбуз, четке какканбыз. Анан ошону негиз кылып эле чубап кетип баратат. Экинчиси - Бишкек административдик жана Бишкек шаардык соттору Муртазалиевге мандат берүү жагын БШКга милдеттендирип койгон. Биз аны дагы мыйзамсыз чечим деп тапканбыз. Эмне үчүн дегенде шайлоого байланыштуу чечимдерди биз, БШК кабыл алабыз. Сот антип милдеттендире албайт. Бул кийлигишүү болуп эсептелет. Жогорку Сот муну туура көргөн, ошондуктан Бишкек административдик жана Бишкек шаардык сотторунун чечиминдеги ушул жобону алып салган. Мыйзам бузуу болсо деле ошону аныктап, БШКга бериши керек. Биз андан кийинки иш-аракеттерди жасадык, президентке кайрылдык. Атазовдун мандатын алуу тууралуу сот чечимине макул болдук. Муртазалиев тууралуу соттун чечими болгондуктан биз аны дагы алып салдык. Президентке материалдарды жөнөткөндөн кийин ал карап чыгып, бул округда кайра шайлоо дайындады. Биз Муртазалиевге "биринчи шайлоодо жеңип алдым деп атсаң, анда кайра шайлоого барып утуп келип мандат ал" дегенбиз. Бирок ал андай жолду тандаган жок, башка жол менен кетип баратат".

БШК бул округдан шайланып депутат болгон Шайлообек Атазовду Жогорку Соттун чечиминин негизинде 7-майда мандатынан ажыраткан. Буга анын ошол кездеги атаандашы Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон.

Талдоочу Бакыт Жумагуловдун пикиринде, кайра-кайра шайлоо дайындалган учурлар, соттошуулар жарандардын шайлоо жараяндарына катышуусун, ишенмин дагы азайтышы мүмкүн.

Бакыт Жумагулов.
Бакыт Жумагулов.

"Албетте, мунун баары ойлондурган маселелер. Соттошуулар, шайлоочулар жана болочокто депутат болом деген талапкердин өз ара мамилеси дагы көйгөй болуп жатат. Себиби, азыр канча мандат мөөнөтүнөн мурда алынып жатат. Бирок бул боюнча шайлоочулардын пикири, позициясы эске алынган жок. Мындан улам элдик депутаттардын келиши дагы чоң маселе болууда. Ал жерде добуш сатып алуу деген дагы көйгөй жатат. Эгер Свердлов окуругундагы соттошуу маселесине келсек, сот чечими менен тигил же бул депутаттын мандатын алып, башкага берүү бул өтө начар прецедент. Шайлоонун активдүү жана пассивдүү укуктарын ишке ашыруу, коргоо мыйзамга ылайык толугу менен БШКга жүктөлгөн жана ушул норма сакталышы керек".

30-майда бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунун сырткары №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл округдарынан дагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

БШКнын маалымдашынча, анда жалпы 44 жаран арыз берген. Ноокат округунда 12, анын ичинде бирөө аял, Ысык-Көл округунда 20 талапкер, ал эми Свердлов округунда 12 талапкер, анын ичинен эки аял арыз берген.

Талапкерлер 2-июнда кечке чейин документтерин тапшырышы керек. БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 10-июнга чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзөт. 10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, 29-июнь, таңкы саат 8:00дө аяктайт. Шайлоо 30-июнда өтөт.


2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде добуш сатып алууга сот чечиминин негизинде жокко чыгарылган.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы 2021-жылдын аягында ишин баштаган жана ошондон бери ар кандай себептер улам жыйырмадай депутат мандатынан ажырады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG