Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:10

Арстан Алайдын өмүр жолу: ишкерлик, саясат, "Кыш болбойт"


Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл орган "№31 мекеменин жооптуу кызматкерлери шектүүнүн коопсуздугу боюнча мыйзам талаптарын аткарбаганы аныкталды" деп билдирүүдө. Расмий органдар “Абдылдаев өз жанын кыйган” деген алдын ала версияны айтып жатышат. Маркумдун жакындары абактагы өлүмдү тыкыр иликтөөнү талап кылышты.

Арстан Алай ким болгон?

1990-жылдары ишкерлик менен алектенип, 2010-жылдардан кийин саясатка аралашкан Абдылдаевдин билдирүүлөрү, жашоо образы дайыма талкуу жаратып келген. Ал эл арасында шакабага айланган сөздөрүнөн сырткары бийликти ачык сындаганы менен дагы белгилүү болчу.

"Кыш болбойт. Азыр күлгөнүңөр менен, кийин мунун баары ырасталат"("Зима не будет. Сейчас будете смеяться, потом все это будет подверждаться")

2011-жылдын аягында дал ушундай билдирүүлөрдү жасаган Арстанбек Абдылдаев соңку 13 жылдан бери маалымат майданындагы негизги каармандардын бирине айланган. Анын бул сөздөрү ар бир кыш келген сайын социалдык тармактарда талкууга түшүп, көпчүлүктүн оозунда болуп келди.

Интернетте шакабага айланып, далай мемдер жасалды. Арстанбек Абдылдаев да коомдук-саясий турмушка батыл аралашып, утур-утур маалымат жыйындарын өткөрүп, өзү ишенген идеяларды чечмелөөгө аракет кылды. Саясатка аралашууну көздөп, "Эл үчүн" деген партия түздү, үч жолу президенттикке ат салышты. Өзүнө Арстан Алай деген ылакап ат ыйгарып, "жаңы Кудаймын" деп жар салууга жетишти. Бул билдирүүсү менен диний ишенимдеги айрым адамдардын ачуусуна дагы тийди.

Кыргызстанда соңку 13 жылдан бери Арстан Алай деген ысым менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин абактагы өлүмүнөн соң анын басып өткөн жолу, ишмердигине кызыгуу күчөдү. Ал ким эле жана талаштуу фигурага айланышына эмне себеп болгон?

Кыскача өмүр баяны

55 жашында дүйнө салган Абдылдаев Ат-Башы районунун Дыйкан айылында төрөлүп, чоңойгон. Мектепти аяктаган соң атайын кесиптик-техникалык орто окуу жайда окуп, кийин Кыргыз улуттук университетинде экономика факультетин аяктаган. Советтик армияда кызмат өтөгөн.

Арстанбек Абдылдаев (оң жакта)
Арстанбек Абдылдаев (оң жакта)

Абдылдаев совет доорунун акыркы жылдары Ат-Башы райондук керектөөчүлөр биримдигинде сатуучу болсо, 1994-жылдан 2000-жылдарга чейин Бишкектеги жаңы түзүлгөн кыргыз-кытай ишканасын жетектеген. 2000-жылдары өз алдынча бизнес түптөп, күйүүчү май сатуу менен алектенген “Аурдин" ишканасын түзгөн. Анын ар кайсы аймактарда май куюучу жайлары болгон. Ошондой эле курулуш тармагында да ишкерлик кылган.

Абдылдаевдин кызы Аксана Абдылдаева атасын турмушта эрте кагылып-согулуп, өз киндигин өзү кескен адам катары мүнөздөдү.

Аксана Абдылдаева.
Аксана Абдылдаева.

“Атам тууралуу айта турган болсом, өжөр, эмгекчил, кыраакы, баарына бирдей караган адам болгон. Тынбай, талыкпай, күн-түн дебей эмгектенген, өз киндигин өзү кескен. Атамды төрт жашында таежеси багып алган, бирок атам кийин тууган жана баккан тарап менен карым-катышты бирдей алып кетти. Зээндүү болгон, айылына 30 жашында мечит салган, чоң атамды ажылыкка жөнөткөн, чоң атама жана таятама үй куруп берген", - деди кызы.

Ийгиликтүү ишкерлиги

Абдылдаевдин ишкерлик жолу өлкө базар экономикасына өткөн доорго туш келген. Аны жакындан билгендер такси айдап, тамак саткандан баштаган ишкерлиги менен бизнестин көзүп таап, ири ишкана түзгөнгө чейин жеткенин белгилешет.

Ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшеналы Нурдинов эгемендиктин алгачкы жылдары Абдылдаев ишкерликти тез өздөштүргөнүн айтты:

Бейшеналы Нурдинов.
Бейшеналы Нурдинов.

“Башында элден тери чогултуп, кайра сатып иштеген. Торугартта такси айдап дагы иштеди. Ошону менен өжөрлөнүп жүрүп Торугартка вагон коюп, тамак жасап сатты. Шыпылдаган, сөзгө кыйын, ийкемдүү жигит болчу. Темир, алюминий, тери ташыды. Мен көп эле бизнесмендерди билем, бирок жанын аябай иштеди дегендердин сап башында турчу. Эч нерсеси жок болчу. Иштеп жүрүп ушунун баарына жетти. Анын үйүнө ууру кирип, алар менен атышкан окуялары дагы болгон. Биз дагы Торугартта такси айдап иштегенбиз. Капотун жапса, багажы ачылып, багажын жапса, эшиги ачылып кеткен сары "Москвичин" тынбай айдады. Ошо менен жанталашып жүрүп ушул даражага жеткен”, - деди ишкер жердеши.

“Кайрымдуулукту эстен чыгарган эмес”

Ишкерлиги ийгиликтүү болгон Абдылдаев дайыма кайрымдуулук дагы кылып келгенин жакындары айтып беришти. Тээ токсонунчу жылдары айылына мечит салып, көрүстөндөрдү тосуп, мектеп, бала бакчаларды оңдоого көмөк көрсөткөн.

Арстанбек Абдылдаев. Жеке архивиндеги сүрөт.
Арстанбек Абдылдаев. Жеке архивиндеги сүрөт.

Арстанбек Абдылдаевдин кичүү уулу Төрөбай Арстанбековдун айтымында, атасы акыркы күндөргө чейин ишкерлик менен алектенген. Баласы ишкерлерге арзан насыя, мамлекеттик кызматкерлерге узак мөөнөткө ипотекага акча сыяктуу жардамдарынан сырткары дайыма кайрымдуулук кылып келгенин белгиледи. Ал кайрымдуулук иштерин элге жарыялаганды жакшы көрчү эмес. Уулу атасынын убагында жаны тынбай иштегенин, кайрымдуулук кылгандарын эскерип отурду.

Төрөбай Арстанбеков.
Төрөбай Арстанбеков.

“Баарынан эле сурасаңар болот. Көп машинасы бар болчу, ошолор менен күнү-түнү темир, жүн, алюминий ташыды. Жумалап үйгө келбей, жолдо эле жүрчү экен. Өтө иштерман эле. Эч кимдин колдоосу жок ийгиликке жетти. Атам кеңеш берген эч ким жок, бизнесте көп адаштым деп айтып калчу. Кайрымдуулук иштери жөнүндө айтчу эмес, элден укчубуз. Бизди кара жумушка көндүргөн”, - деди баласы.

Ал эми атбашылык ишкер Бейшеналы Нурдинов Арстан Алайдын кыйын кезде кол сунуп, ажат ачкан сыпатын айтып өттү:

“Аябай ийгиликтүү болгон. Анан кийин жанагындай жолго түшүп көп иштерин токтотуп койду. Элге берген жардамын айтып жатышпайбы, ал чындык. Чынында ажат ачканга жакшы болчу. Элге деле зыяны жок, өзүнчө дүйнөсү бар бала болчу. Саясатчылардын аркасынан чуркаган жок. Бардык президенттердин бетине айтып сүйлөчү. Жакшы бала болчу, эмне болуп кеткенин билбей калдык…”.

Сасий ишмердиги, президенттерге кескин сыны

Арстанбек Абдылдаевдин саясий жолун дагы өзүнчө кеп кылууга татыйт. Ал 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Андан сырткары президенттерди кескин сындаганы элдин эсинде. Убагында Сооронбай Жээнбековдун бийлигин сындаса, соңку президенттик шайлоодогу дебаттардын биринде ошол маалдагы талапкер Садыр Жапаровго кескин сын айткан.

"Садыр Жапаров, сен доордун талабын билбейсиң, бул бир. Ошондуктан сен башчы боло албайсың. Экинчиден, сен кыргызга эмгек кылган эмесиң. Мейли Акаевдин, мейли Бакиевдин убагында болгондурсуң. Бакиевдин убагында коррупциянын комиссары болупсуң. Тескерисинче, ошол убакта коррупция өнүгүп кетиптир", - деген Абдылдаев.

Абдылдаев “Эл үчүн” деген партия түзгөнү бегилүү. Ал саясаттагы, коомчулуктагы ар кандай талкуу жараткан маселелерге дагы пикирин бөлүшүп, өз түшүнүгүнө салып, видео кайрылууларды жарыялап турчу.

Маселен, акыркы видео кайрылууларынын биринде ККМ, желектин өзгөртүлүшү, атайын кызмат фотосун жарыялап салган секс кызматын көрсөткөн кыздар тууралуу кеп кылып, бийликтин саясаты тууралуу айткан.

Туу боюнча "элдин кыжырына тийип жатышат" десе, сойкулар жөнүндө айтып жатып, өлкөдөгү саясатчыларды сындаган.

"Ал сойку аталган кыздар саясатка коркунуч келтирген жок. Ал кыз балдар мамлекетке коркунуч алып келген жок. Алар жаштык-мастык кылды дегендей. Ал эми эң башкысы, саясий сойкулук кылган саясатчылар коомго зыян алып келип жатат. Бүгүн бирди сүйлөп, эртең жолунан кайтып башканы сүйлөп жатат. Булар мамлекет үчүн коркунучтуу", - деген акыркы видеосунда.

“Кыш болбойт”, “Мен Кудаймын”. Талаш жараткан билдирүүлөрү

Кеп башында айткандай, 2011-жылы “Зима не будет” деген сөзү Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлүк айрым медиаларга дагы тарап, ошентип Арстан Алай деген ат көпчүлүккө белгилүү болуп калган.

Анын “Жер үстүндө "кыргыз жашоосу" башталат, Батышты "топон суу каптайт", Орусиянын президенти Владимир Путинди "татаал биоробот" деген сөздөрү эл ичинде далай талкууланды.

Ал ошол жылдардан тартып, гезит, теле-радиолордон кийин социалдык тармактардан эфир сатып алып өзүнүн жашоо түшүнүгүн, баалуулуктарын жеткирүүгө аракет кылып келди.

Анын абстрактуу ойлору, табият мыйзамдарын өз алдынча чечмелөөсү көпчүлүккө түшүнүксүз болду. Бирок аны ээрчигендер, жолун жолдойбуз дегендер дагы жок эмес. Анын пикирлештеринин бири Мирлан Атакозу-теги Арстан Алай деген ат кантип пайда болгонун, кандай баалуулуктарды жеткиргиси келгенин мындай түшүндүрдү:

Мирлан Атакозу-теги
Мирлан Атакозу-теги

"Алайда кыргызчылык илимин изилдеп жүргөндөр бар. Ошолордон таалим алгандан кийин ысымын Арстан Алай деп өзгөрткөн. Бул 2008-жылдары болгон окуялар. Ал кыргыз элин таанытууга аракет кылып келген. Кыргыздын дин таануусу, өзүбүздүн илимибиз, философиябыз бар дегенди жеткиргиси келген".

Анткен менен “Мен Кудаймын” деген сыяктуу динге байланыштуу билдирүүлөрү талкууга түшүп, коомдо айрым түшүнбөстүктөрдү пайда кылганын айта кетели. Буга байланыштуу кылмыш иштери дагы козголгон.

Арстанбек Абдылдаевдин жакындары ал кыргыздын улуттук өзөгүн табуу, баалуулуктарды коргоо боюнча аракет кылганын белгилешет.

"Атамдын “Мен Кудаймын” деген сөзү да тарап, талкуу жаратты. Видеону толук көрбөй эле ошол сөзүнө асылгандар көп. "Кудай - кечиримдүү, боорукер, мээримдуу, ырайымдуу, сабырдуу, көтөрүмдүү, калыс, баарына бирдей караган күч. Ошондой эле ар бир инсан ошол сапаттарга ээ болушу шарт, улутуна, жынысына, көз карашына карабастан, баарына текши, бирдей мамиле кылышы зарыл. Ар бир пендени Кудай жараткан. Ошондой эле ар бир адам өз тагдырынын, жашоосунун жаратуучусу” деген мааниде айткан ал сөздү. Бул сөздүн терең философиясын түшүнгөн киши түшүнөт”, - деди кызы Аксана.

Диний серепчи Канатбек Мурзахалилов Абдылдаевди сындаган диний ишмерлерди дагы түшүнсө болорун белгиледи:

"Анын билдирүүлөрүнүн ичинен "мен Кудаймын" дегени динзарларга такыр жакпады. Себеби, ислам дининде Кудай жалгыз деген принцип бар. Ошондуктан динге ишенген адамдардын жек көрүүсүн дагы түшүнүү керек".

Арстанбек Алайдын ар кандай сөздөрүн чечмелөө үчүн журналисттер аны дайыма маекке чакырып, алар менен талашып-тартышкан видеолор интернетте арбын.

"Күйүмдүү ата болгон".

55 жаштагы Арстанбек Абдылдаевдин аркасында жубайы, эки кыз, эки уулу калды. Балдары "атам баарыбызды эмгекке тарбиялап, үйдө күйүмдүү болчу" деп эскеришет.

"Менин арманым калды. 24 жашка чыктым. Азыркы күнгө чейин 4-5 жаштагыдай эркелетчү эле. Мен атам менен ишкерлик жөнүндө гана сүйлөшчүмүн. "Ата, мен сизди жакшы көрөм, сиз менен сыймыктанам" деп айтпай калганыма арман кылам. Атам иштеп тапкан акчасын өзүнө эмес, балдарына эмес кыргыз элине жумшады. Атам карапайым үй-бүлөдө өскөн. Кедейчилик кээрин тартканы үчүн башкаларга жардамын аячу эмес. Кеңеш берген, колдоо кылган адам жок, өзү баарына ак эмгеги, маңдай тери менен жеткен. Мамлекеттик жумушта эч качан иштеген эмес, элдин акысын жеген эмес. Бизди кара жумушка көндүргөн" - деди уулу Төрөбай Арстанбеков.

Абдылдаевге козголгон кылмыш иштер

Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрү боюнча иш козголгон учурлар болгон.

2019-жылы Жогорку Кеңеште Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрүнө чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлөт. Анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилип, диндер аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш ишин козголот. Ал өзү эч кандай диндер аралык кастыкты козутпаганын айткан болчу. Кийин кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу иш кыскарган.

Абдылдаев Бишкекте дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат ушул жылы 14-декабрында белгилүү болгон. Анын алдында социалдык тармактарда ал 13-декабрдан бери изделип жатканы тууралуу жарыя тараган. Милиция аны издөө иштери башталганын ырастаган.

15-декабрда Арстан Алай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатканы маалым болгон.
Бишкектин Октябрь райондук соту 16-декабрда аны 15-январга чейин №1 тергөө абагына камакка алган.

Маркумдун адвокаты Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганы тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып койгон. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Арстан Алайдын абактагы өлүмү

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген.

5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган. Абдылдаевдин абактагы өлүмүнө байланыштуу тергөө жүрүп жатат.

11-январда Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органдын текшерүүсүндө Жаза аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызматкерлери “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарбаганы аныкталган.

“Айыпкер Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктөн 2024-жылдын 5-январында 31-мекемеде Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Жооптуу абак кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (“Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун”) менен кылмыш иши козголду. Учурда ишти Аскер прокуратурасы тергеп баштады.

Анткен менен Аксана Абдылдаева атасынын өз жанын кыйды деген маалыматка ишенбейт.

“Акыркы абактагы 20 күн кандай кыйынчылык менен өттү? Башынан кандай окуяларды өткөрдү? Ошол дагы аябай жүрөктү оорутат. Акыркы мүнөттөрүндө биз жанында болгон жокпуз, керээзин уккан жокпуз. Кандай күн болгондо дагы өзү андай нерсеге эч качан барбайт эле. Атам күчтүү адам эле. Жашоону жакшы көрчү, дагы көп жыл жашайм дечү. Кыргыздын улуулугун айтып журүп, элге оюн жеткире албай кете берди. Атам тарыхта аты калат, эмгеги акталат деген ишеничтемин”, - деп сөзүн аяктады кызы.

Арстанбек Абдылдаевдин өлүмүнөн кийин бийликке сын айткандар да арбын болду. Учурда "Кемпир-Абад иши" боюнча абакта жаткан оппозиция өкүлдөрү бул каргашага байланыштуу билдирүү таратышты

"Арстанбек мырза, башкалардан айырмаланган дүйнө таануусу бар, эч кимге жамандыгы жок, кыргыздын кыялкеч уулу эле. А.Абдылдаевди, буйрутма, жасалма кылмыш ишин ачып, зарылчылык жок болсо дагы түрмөгө камап, ушул каргашалуу абалга жеткирген УКМКнын тергөөчүсү, прокурор жана сотту күнөөлүү деп эсептейбиз. Себеби, А.Абдылдаевге ачылган буйрутма “диний кастыкты козутуу” беренеси боюнча дагы түрмөгө камоого негиз жок болчу. Анткени ал берене “анча оор эмес” беренелердин катарына кирет. Жашаган жери, үй-бүлөсү бар, коомго таанымал. Азыркы авторитардык бийлик “диний кастыкты козутуу”, “башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу” беренелерин бийликке сын айткан активдүү жарандарга, саясий оппоненттерине каршы пайдаланып, жасалма кылмыш иштерин ачып, камакка алууда", - деп айтылат билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG