Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Арстанбек Абдылдаев


"Эл үчүн" саясий партиясынын лидери, 49 жашта.

Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майларды ташыган ишкер Арстанбек Абдылдаев ушуну менен экинчи ирет президенттикке талапкерлигин коюуда. 2011-жылы өткөн шайлоодо 0,4% добуш алган. Өзүн Арстан Алай деп атап, президенттик шайлоо алдында козголуп калчу саясий дымагынан тышкары башка иш-аракеттери менен да элге таанылган.

Маселен, 2011-жылы саясатчы атайын маалымат жыйын чакырып, 2012-жылы «алтын доор» башталарын жар салган. Жер үстүндө "кыргыз жашоосу" башталат, Батышты "топон суу каптайт" деп коркуткан. Арстан Алайдын "Зима не будет" ("Кыш болбойт") дегени орус тилдүү интернет колдонуучулардын эң өтүмдүү сөзүнө айланган.

​Ал ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинди «татаал биоробот», адамзатты "алааматтан сактоочу адам" деп атаган.

Абдылдаевдин кесиби экономист, жогорку билимдүү адис. Аскерден келгенден кийин Ат-Башы райондук керек-жарак коомунда сатуучу болуп иштеген. 1994-2000-жылдары кыргыз-кытай ишканасын жетектеген, 2000-жылы күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу "Ауирдин" компаниясын негиздеген. Ишкердин бир катар май куюучу жайлары бар, ишканасын өзү жетектейт.

Абдылдаев "Элдик академияны" жана "Эл үчүн" саясий партиясын жетектейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG