Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:14

Бишкекте дайынсыз кеткен Арстан Алай изделип жатат


Соцтармактарга тараган сүрөт.
Соцтармактарга тараган сүрөт.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев эки күндөн бери белгисиз болуп жатканын Бишкектин Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында социалдык тармактарда Абдылдаевдин сүрөтү илинип, анын изделип жатканы тууралуу жарыянын сүрөтү тараган. Анда ал 13-декабрда эртең менен саат 8:30да үйүнөн чыгып кеткенден бери белгисиз экени жазылган. 14-декабрда анын жоголгону тууралуу маалымат милициянын каттоосуна алынып, издөө иштери башталган.

Абдылдаевдин жакындары комментарий бере элек. Ал 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон.

2020-жылы анын "мен Кудаймын" деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң милиция Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

XS
SM
MD
LG