Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:48

Армиядагы "чоңсунуу", аскер башчынын талкуу жараткан билдирүүсү


Кыргыз армиясынын жоокерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок жана ал 2022-жылы өткөн машыгуулардын биринде тартылган.
Кыргыз армиясынын жоокерлери. Сүрөттүн макалага тиешеси жок жана ал 2022-жылы өткөн машыгуулардын биринде тартылган.

Кыргыз армиясындагы "чоңсунуу" жана зордук-зомбулукка байланыштуу кайрадан талкуу жаралды. Буга коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун парламентте "аскерлер арасында "дедовщина жок" деген билдирүүсү себеп болду. Жоокерлер кызмат өтөп жүргөн маалда өмүрү кыйылган учурлар токтой элек жана маркумдардын туугандары аскер жетекчилеринин айткандарына ишенбей, зордук-зомбулук токтобой жатканын айтып жатат.

Маркумдардын жакындарынын нааразылыгы

Маркум Элдияр Жайлообеков көзү тирүү болгондо келерки айда, апрелде аскердеги мөөнөтү аяктап, үйүнө кайтып келмек. Ал былтыр июль айында Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөт жаткан маалда мерт болгон. Коргоо министрлиги Жайлообеков күзөттө турганда өзүн өзү атып каза болгонун билдирген. Маркумдун туугандары бул маалыматка азыркыга чейин ынанбай келет. Жоокердин бир тууган агасы Эркин Жайлообаевдин айтымында, соттон жакында эле министрликтин версиясын колдогон чечим чыккан.

"Соттун чечими чыкканына бир айдай болуп калды. Ушул убакка чейин соттор, прокуратура жана Кой-Таштагы аскер бөлүгү менен күрөшүп келдик. Биз соттун чечимине канааттанган жокпуз. Прокуратуранын өкүлдөрү дагы башка жаңы жагдайлары чыкса үч жылдын ичинде карап беребиз дешти. Ал жерде эки эмес, төрт ок чыгып жатпайбы. Коргоо министрлиги "сүйлөшкөн кызына таарынып өзүн-өзү атты" деп коюптур. Биз болсо андай болгон эмес деп кат дагы жолдогонбуз, ага деле жооп болгон жок. "Дедовщина" болгон үчүн, кыйнап-кыстоо болгон үчүн атынып алып жатат да. Эгер өзүн өзү атканга жеткирсе, демек "дедовщина" бар да. Эгер мындай көрүнүш болбосо өзүн-өзү кантип атмак эле? Биздин барбаган жерибиз калган жок. Сурак бергенде башында айтылган көрсөтмөлөр өзгөрүп, башкача чечимдер чыгып жатат. Офицерлер бизге башкача, прокуратурага башкача айтып жатышты. Иним ушул жылдын апрель айында келмек. Азыр аны менен чогуу кызмат өтөгөндөрдүн армиядагы мөөнөтү бүтүшүн күтүп жатам. Балким алар аскер бөлүктөн чыккандан кийин окуянын чынында кандай болгонун айтып беришер деп үмүттөнүп отурам".

Аскер жетекчинин талкууга кабылган билдирүүсү

Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов кыргыз армиясында "чоңсунуу" тыйылды деп 28-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген. Ага депутат Руслан Жакышев армияда өз өмүрүнө кол салды деген жоокерлерге байланыштуу суроо берген жана чоңсунуу көрүнүшү токтоп-токтобогонун тактаган.

"Армияда өзүнө-өзү кол салган аскер кызматкерлерине байланыштуу териштирүү болгон. Анын жыйынтыгында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болду деген чечимдер чыгарылып, маркум жоокерлердин командирлери жана башчылары жоопкерчиликке тартылган. Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартипти бузуулар болуп жатат, тилекке каршы. Коргоо министрлигинде тарбия боюнча башкармалыктын башчысы чоң жумуштарды жүргүзүп жатат”.


Былтыр жайында коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, жоокерлер өлүмү менен аяктаган окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн жана анын мындай билдирүүсү аскер башчылардын жоопкерчилиги тууралуу талкуу жараткан. Президент Садыр Жапаров мындан көп өтпөй "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" министрге катуу сөгүш берген.

Акыйкатчы институту 2022-жылы август айында соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн. Акыйкатчынын орун басары Алберт Колоповдун "Азаттыкка" билдиришинче, иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, анын негизинде Жогорку Кеңешке сунуштар даярдалды. Ал жерде армияда "чоңсунуу" тыйыла электиги көрсөтүлгөн.

"Жумушчу топ аскер бөлүктөрүн кыдырып келген. Материалдарды даярдап, өзүбүздүн анализди чыгарганбыз. Анын жыйынтыгы менен парламентке сунуштарды беребиз. Ал жакта орун алган суициддин жолдору ар кандай экен. Бирөө сүйлөшкөн кызы карабай койсо ошого арданып, башкасы болсо техникалык коопсуздук сактабай калып ок жаңылып, ушундай учурлар бар экен. Түрмө кайтарып, кароол мунарада турган жаш жоокерлерге абакта отургандардын ар кандай басым жасаган учурлар бар экен. Жоокерлер анкета толтурганда ичиндеги нерселерин ачыкка чыгара албайт да. Ал жерде жазылбаган, айтылбаган мыйзамдары бар да. Биздин топ "дедовщина" акырындан бар деп жазган".

"Уставга жат мамилелерге көңүл бурулушу керек"

Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков армиядагы уставга жат мамилелерге өзгөчө көңүл бурулушу керектигине токтолду.

"Азыр армияда бир мөөнөткө чакырылгандар аларга чейинкилерге кошулбай кызмат өтөп жатат. Ошол жагынан караганда коргоо министринин орун басарынын "дедовщина" жок дегенинде кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Бирок азыр уставга жат мамилелер тилекке каршы бар. Бүгүнкү күнү армияда такыр көйгөй жок деп айтуу эрте. Бир чакырылышта барган жоокерлер арасында, чакырылган жоокерлер менен келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр арасында ар кандай уставга жат мамилелер бар".

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы өткөн айда бир жоокер "куралды этиятсыздык менен пайдалангандын айынан өзүнө ок жаңылык каза болгонун" билдирген.


Былтыр коомчулукка белгилүү болгон, армияда жүрүп өз жанын кыйды деген кеминде төрт учур катталган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык,2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган.

XS
SM
MD
LG