Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Армения Кыргызстан түшчү арабага биринчи отурат


Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине каршы Арменияда өткөн акция. Ереван, 4-сентябрь, 2013-жыл.
Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине каршы Арменияда өткөн акция. Ереван, 4-сентябрь, 2013-жыл.

Армения 10-октябрда Минск шаарындагы жыйында Евразия союзуна кошулуу боюнча келишимге кол коет деп күтүлүүдө. Ереванга Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да барары белгилүү болду.

Армения эмне максаттан Евразия союзуна кошулууда? Ага тышкы жагдай кандай таасир этти жана өлкө ичинде мамиле кандай? Бул суроолорго “Кавказ” изилдөө борборунун директорунун орун басары, политология илиминин доктору Сергей Минасян жооп берди.

“Азаттык”: Армения коңшулары Грузия жана Азербайжандан айырмаланып, Евразия союзуна интеграциялануу жолун тандады. Бул эмнеге байланыштуу? Армения Евразия экономикалык мейкиндигине кандай шартта кошулууда?

Минасян: Биринчи кезекте мындай тандоо эң алды менен экономикалык максаттан эмес, саясий коопсуздукту көздөп кабыл алынганын баса айтуу керек. Армения Евразия союзуна кирүү жөнүндө чечимди 2013-жылы сентябрда кабыл алды. Бул чечим коопсуздукту ойлоп жана негизги саясий өнөктөшү Орусиянын пикири таасир этип жасалды. Орусиянын алдында Украинада эми гана бүчүрлөй баштаган кризистик жараяндын желаргысы согуп турганда Евробиримдиктин Армения менен келишимге жетишүүсүнө жол бербөө милдети турду. Бул, экинчи жактан, кургакта чектешпеген жана жалпы бажы чек арасы жок экономикалык түзүмгө кошулгандын болочогу күмөндүү деген экономикалык жагдай менен шартталды.

Армениянын аскерлери согуштук өнөрүн көрсөтүшүүдө. Еревандын чети. 5-ноябюрь, 2013
Армениянын аскерлери согуштук өнөрүн көрсөтүшүүдө. Еревандын чети. 5-ноябюрь, 2013

Арменияга 1 миңден көп жеңилдик берет. Ага ылайык, Армения үчүн келерки 4-5 жыл бою мурдагы бажы төлөмдөрү сакталып кала берет. Ансыз Армениянын Евразия союзуна кошулуусунан эч кандай негиз жана экономикалык пайда жок эле өлкөнү күчтүү социалдык-экономикалык кризиске да алып бармак. Ошон үчүн Армениянын жетекчилиги кабыл алган бардык чечимдер өлкөнүн коопсуздугун ойлоп жасалганы талашсыз деп ойлойм. Орусия бир жактан Армениянын аскерий-саясий союздашы жана негизги аскерий-техникалык өнөктөшү. Экинчи жактан, Орусия Азербайжандын башкы аскердик-техникалык өнөктөшү. Ошол эле учурда Азербайжан-Армения ортосунда Тоолуу Карабах чатагына байланыштуу проблемалар бар. Орусия эки тарапты куралдандырууну Ереванга жана Бакуга таасир этүүчү буроо ирети пайдаланат. Ошондуктан Арменияга жаңы саясий чечимди кабыл алуу коопсуз эле.

“Азаттык”: Экс-советтик Молдова, Грузия жана Украина Евросоюз менен ассоциация түзүү келишимине кол койду. Евросоюз мындай келишимди Армения менен да түзгөнгө даяр турган. Бирок Армения андай мүдөөсүнөн кокус эле баш тартты. Буга өлкө калкынын мамилеси кандай? Евразия союзуна кошулуунун жол картасын талкуулоо кандай жүрдү?

Минасян: Армениянын Евросоюз менен ассоциация түзүү келишимине кол коюудан баш тартканын өлкөдө чычалап кабыл алышты. Себеби башкаруучу элита, президент Серж Саргсян Евросоюз менен ассоциативдик келишим түзүү боюнча сүйлөшүүгө үч-төрт жылдык жигердүү эмгегин сарпташкан эле. Атүгүл бир маалда Армения бул жараяндын локомотиви деп саналып калган. Тилекке каршы, Армениянын чечиминине геосаясий өнүгүү таасир этти. Армениянын саясый элитасынын бир бөлүгү үчүн бул жөн эле “шок” болду. Тескерисинче, коомдун бир бөлүгү, Орусия менен жеке адамдык, экономикалык байланышы бар карапайым адамдар муну оң баалашты. Анткени аларды Армения-Орусия ортосундагы тыгыз экономикалык кызматташуудан алар көрчү пайда кызыктырды. Бирок коомдун саясатташкан бөлүгү бүгүнгө дейре Армения көп параметрлер боюнча өзүнө пайдасы жок жараянга кошулууда деп, өлкө жетекчилигин сындашууда. Ошондой эле алар Армениянын чечимине коопсуздук фактору таасир эткенин, түрдүү векторлуу экономикалык интеграцияны эске албоо мүмкүн эмес экенин танышпайт.

“Азаттык”: Евразия экономикалык кызматташуусун негизинен Орусиянын кызыкчылыгын коргоо үчүн ойлоп табылган Москванын модели катары кабыл алган көз караштар да арбын. Бул союзга кошулуу менен Армения жана Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер өзүнүн айрым саясий эркиндигин жоготпойбу? Мындай көз караш канчалык деңгээлде туура?

Минасян: Бажы биримдигинеби же башка саясий-экономикалык союзга интеграциялануу жараяныбы өкмөттүн кандайдыр бир вазийпасын береги уюм менен бөлүшүүнү шарттайт. Бирок Армениянын саясий элитасы Евразия союзуна кошулууну Орусия кескин каршылык көрсөтсө мүмкүн болгон коркунучтардын эң аз зыян келтирүүчү жараян деп эсептейт. Орусия постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер анын мурдагы советтик алкактагы таасирине коркунуч жаратчу болсо, кандай реакция жасай турганын Украинадагы кризис айкын көрсөттү. Сиз жогоруда айткандай чочулоо жана көз караш Арменияда бар экенине карабастан, саясий элита Армения жасаган кадамдар мамлекеттин коопсуздугу үчүн бул жараянга кошулуудан баш тарткандан көрө тобокелчилиги аз деген ишенимде. Анын үстүнө Орусия менен Батыш ортосундагы тирешүү жана санкциялар күчөп жаткан чакта Евразия союзунун жашап кетүү мүмкүнчүлүгү күн тартибинде турат. Ал союз бир же эки жылдан соң жана андан ары кандай болорун эч ким айта албайт.

“Азаттык”: Армениянын Евробиримдик жана АКШ менен мамилеси кандай болот?

Минасян: Армения АКШ менен мурдагыдай эле баланстуу мамиледе болот жана андай мамилени сактайт. Менин оюмча, Армениянын Брюсселдеги өнөктөштөрү дагы “жумшак айтканда” Армениянын өзгөчө геосаясий абалын түшүнүшөт. Вашингтон да, Брюссель да саясий-экономикалык, ал турсун аскердик кызматташуунун азыркы деңгээлине даяр. Мисалы, НАТО баштаган күчтөрдүн Ооганстандагы тынчтык контингентинин курамында постсоветтик өлкөлөрдү алганда Грузиядан кийинки көп аскер Арменияныкы. Брюссель жана Вашингтон өз ара Ереван каалаган деңгээлде мамиле күтөт же түрдүү форматтагы кызматташууну улантканга даяр деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG