Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

Бейшеналиев: Коронавируска каршы вакцинаны күтүп жатабыз


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Дүйнөдө COVAX программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналар жеткирилүүдө.

8-мартта Борбор Азияда Тажикстан жугуштуу илдетке каршы вакцинанын алгачкы партиясын алды. Буга чейин Кыргызстан бул программанын алкагында март айында вакцинаны алып, эмдөө жараянын баштары айтылган эле.

Кыргызстанга убада кылынган препараттар качан келет жана эмдөөгө даярдык кандай? Бул суроонун тегерегинде өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алымкадыр мырза, СОVAX программасынын алкагында Кыргызстан коронавируска каршы "AstraZeneca" вакциналарын март айында алары кабарланган эле. Коңшу Тажикстандан бул вакциналардын алгачкы партиясын 8-марттан тарта ала баштаганы белгилүү болду. Кыргызстан бул вакциналарды качан алчудай? Мөөнөтү аныкталдыбы?

- COVAX программасынын алкагында вакцинаны алуу үчүн керектүү болгон документтердин баарын толтуруп, жөнөткөнбүз. Программа алкагында жакында келет деп айтып жатышат. Бирок качан келерин азырынча билбейм.

- Азырынча вакцинанын качан келери, так датасы белгисизби?

- Ооба, азырынча так мөөнөтү белгисиз болуп турат...

- Мындан сырткары Кыргызстан Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасын каттоодон өткөрүп, аны алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Ал препараттар менен качан эмдөө башталат?

- Орусия 500 миң доза "Sputnik V" вакцинасын гуманитардык жардам катары берери айтылган. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда сүйлөшүлгөн. Менин Москвага сапарымда сөз болуп, талкууланган. Гуманитардык жардам болгондуктан президенттердин деңгээлинде чечилчү маселе болчу. Бул вакцина жакын арада келет деп күтүп жатабыз. Андан сырткары Кытай менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал өлкөдө өзү өндүргөн коронавируска каршы вакцинадан 150 миң дозаны акысыз берүүгө даяр экени айтылган.

- Түшүнүктүү, ошол убада кылынган вакциналарды сактоочу жайлар, муздаткычтар даярдалдыбы?

- Бардыгы даярдалды. Эмдөөнү уюштуруу боюнча улуттук программа кабыл алынган. Анын алкагында, сактоочу жайы, эмдөөгө катышчу медперсонал даярдалды. Алар кантип ишке ашырат, кандай шартта иштеши керек үйрөтүлдү.

- Вакцина алып келинген соң эмдөө кандай жүргөнү жатат? Алгоритмдер иштелип чыктыбы? Кимден башталат жана канчага созулат?

- Алгач болуп, дарыгерлер, мугалимдер жана милиция кызматкерлерин эмдөөнү пландап жатабыз. СOVAX программасынын алкагында 1 млн. 200 миң доза вакцина алган жатабыз. Алардын баары эсептелген. Негизи 3,5-4 млн. доза вакцина келсе, биз эмдөө ишин ыкчам уюштурууга даярбыз. Эки ай ичинде эмдөөнү уюштурса болот. Анткени, ар бир райондогу ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар даярдалды. Улуттук программанын алкагында иш жүрүшү керек.

- Бул эми гуманитардык жардам жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок жетиштүү сандагы вакцинаны сатып алуу үчүн бюджеттен атайын каражат каралып жатабы?

- Биз боюнча өлкөнүн Финансы министрлигине кайрылып, акча бөлүүнү суранганбыз. Бирок каражат маселеси азырынча чечиле элек.

- Гуманитардык жардам катары "AstraZeneca" вакцина келери айтылган. Андан башка дүйнө өлкөлөрү эмдөөдө колдонуп жаткан "Pfizer", "Moderna" сыяктуу башка препараттарды алуу боюнча сүйлөшүү болгон жокпу? Мисалы, Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер аркылуу?

- Биринчи "Pfizer" сунушталган. Бирок аны -70 градус суукта сактоо керек экен. Андай муздаткычтар жок. Сатып алуу үчүн чоң каражат керек. "AstraZeneca" жана башкаларды болсо -20 градус суукта сактаса болот экен. Андай муздаткычтар менен камсыздалганбыз.

- Сиз министр катары өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды кандай баалайсыз? Учурда эрежелер сакталбай калгандай.

- Санитардык эрежелери сактоо жагы начарыраак болуп жатат. Бирок дарыгерлер колунан келишинче аракет көрүп, дарылап, буюрса күндөн-күнгө ооругандар азайып бара жатат.

- Кыргызстанда январь, февраль айларында пневмония, сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйгөнү айтылды эле. Атүгүл биринчи вице-премьер-министр балдардын саламаттыгын көзөмөлгө алууну тапшырган. Бул жааттагы абал кандай болуп жатат?

- Ал негизинен сезондук эле сасык тумоо болду. Ал жылына катталып келген. Ал эми Кавасаки синдромуна окшош 28 бала ооруп калды деп шек саналып, тилекке жараша аныкталган жок. Ошол сыяктуу ооруган 15 бала толугу менен айыгып чыкты. Ал Кавасаки синдрому эмес, ошого окшош дарттар экенин айтканбыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG