Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

Сталинизм доорунда (1920–1953-жж.) куугунтукталган алатоолук татарлар


Ала-Тоодогу репрессияланган татарлар жөнүндө китептин мукабасы. 2022.
Ала-Тоодогу репрессияланган татарлар жөнүндө китептин мукабасы. 2022.

Сталинизм доорунда Кыргызстанда байырлаган 50дөн ашуун ар кыл этностун өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын болочогу үчүн зор салым кошкон далай чыгаан инсандар репрессияга кабылышкан. Алардын арасында боордош татарлар да бар. Алардын тагдыры тарыхчыларыбыз тарабынан постсоветтик доордо гана адилет чагылдырылууда. Тарыхчынын блогу.

2-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде «Тарыхый эс-тутум: 1938-жылдагы репрессия курмандыктары жана анын кесепеттери» аттуу эл аралык илимий жыйындын алкагында сталинизм доорунун курмандыктарын изилдөөгө арналган бир катар жаңы эмгектердин бет ачары өткөрүлмөкчү. Алардын арасында Кыргызстандагы татарлардын сталиндик куугунтукка алынган өкүлдөрү жөнүндө жаңы китеп бар.

Кезектеги күндөлүк баяныбыз (блогубуз) дал ошол китеп тууралуу болмокчу.

Көп этностуу мамлекетибиздин болочогун чыңдоо үчүн биз өтмүштө да ар кыл этностор кыргыздар сыяктуу эле жумуриятыбыздын калыптанышына жана өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келишкендиктерин калыс изилдеп жана чагылдырып баяндашыбыз ылаазым. Бул – “курама жыйып журт кылган” Манас бабабыздын таберигине төп келчү иш.

XX кылымдын башында советтик Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жигердүү салым кошкон жарандарыбыздын арасында ар кыл этностордун ичинен татарлардын да өкүлдөрү бар.

Алатоолук татарлар коомдук турмуштун ар кыл тармактарында өз издерин калтырышты. Алардын агартуу тармагына кошкон салымдары жадитчилер кыймылынын тарыхын изилдөөчүлөр тарабынан жакшы чагылдырылган.

Кыргызстандык татарлардын арасында Кара Кыргыз автоном облусун негиздөөгө тикелей салым кошкон саясатчылар болгондугун өлкөбүздөгү татар диаспорасынын тарыхын жана этнографиясын изилдеп жүргөн тарыхчы жана этнограф, тарых илимдеринин доктору Аниса Риф кызы Бикбулатова дайыма белгилеп келет.

Өткөн 2022-жылдын соңунда бишкектик тарыхчылар Аниса Риф кызы Бикбулатова менен Болотбек Жумаш уулу Абдрахмановдун калемдешип жазган баалуу китеби Орусиянын Татарстан жумуриятынын борбор шаары Казанда жарык көрдү.

“Кыргызстандагы саясий репрессиялар: Татарлардын тагдыры” деп аталган бул илимий монография Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын Г.Ибрагимов атындагы Тил, адабият жана көркөм өнөр институту тарабынан жарыяланган. Демек, кыргыз тарыхчылары менен Татарстандын илимий чөйрөсүнүн кызматташуусунун негизинде бул китеп кеңири окурмандар жамаатынан жетип отурат.

Кыргызстанда репрессияланган татар тектүү жаран Абдрахман Мухамедзян уулу Валитовдун сүрөтү. Кыргызстандык тарыхчылар А.Бикбулатова менен Б.бдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 202-бети.
Кыргызстанда репрессияланган татар тектүү жаран Абдрахман Мухамедзян уулу Валитовдун сүрөтү. Кыргызстандык тарыхчылар А.Бикбулатова менен Б.бдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 202-бети.

Кыргыз тарыхнаамасында Кыргызстанда байырлаган татарлардын өкүлдөрүнүн 1920–1953-жылдар аралыгында кандайча сталинчил куугунтукка кабылгандыгы жөнүндө архивдик жана башка факттарга негизденип алгачкы жолу баяндаган бул чыгарма ар тараптуулугу менен айырмаланат.

Мында иликтөөнүн тарыхнаамасы, куугунтук ыкмаларынын жүзөгө ашыруу баскычтары жана түрлөрү чечмеленип берилген.

Репрессияга кабылган 165 татардын арасында Кыргызстандын советтик мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу саясатчылар да бар.

Тарыхчы Аниса Бикбулатова, маселен, татар тектүү кыргыз саясатчысы Мустафа Айнул уулу Янгулатов тууралуу өзүнчө эмгек даярдоодо. Дал ушул инсан 1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусун түптөөгө жеке салымын кошкон, бул облустун Революциячыл комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Ушул кызмат ордуна мезгилдеш эле Мустафа Янгулатов бул советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты болгон автоном облустун пландоо мекемесин да жетектеген.

Мустафа Янгулатов Кыргызстандын 1924-жылдагы чек арасын аныктоо, картага түшүрүү иштерине да зор салым кошкон. Ал мурдагы Түркстан АССРинин бүжөтүн бөлүштүрүүдө анын 3,5 миллион сомдук үлүшүн Кара Кыргыз автоном облусуна алып келүүгө да салым кошкондугу тарыхта маалым.

Бир ирет тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо үчүн жүрүмгө зор салым кошкон европалык тектүү саясатчылар жөнүндө “Фейсбукта” учкай маалымат бергендиги эсте (20.8.2019).

Демек, келээрки жылы, Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесин белгилеген учурубузда, этностук теги башка жарандардын дагы Кыргызстандын мамлекеттик болочогу үчүн салымдарын унутпастан калыс эскеришибиз ылаазым. Ошол саптын башында, албетте, Мустафа Янгулатов да тураары бышык.

Ал тизмеге Кыргыз ССРинин жеңил өнөр жай эл комиссары Хафиз Гайнутдин уулу Муратов, Кыргыз тил жана адабият илим изилдөө институтунун деректири болгон Абдрахман Мухаметзян уулу Валитов жана башка алатоолук татарлар да кирүүгө тийиш.

Сталинизм доорунда “эл душмандары” атыккан бул саясатчы жана айдың кишилердин көбүн, кейиштүүсү, азыркы кыргыз жарандары анчейин биле беришпейт. Анткени чекисттер (кийин КГБчылар) ойлоп таап, “Социал-Туран партиясын” түзгөнсүңөр деген кине менен абакка салган же аттырган кыргыз тектүү кишилер жөнүндө СССРде “Кайра куруулар” доорунун соңуна чейин жарытылуу жакшы сөз айтылчу эмес, алардын ишмердиги ачык айтылчу эмес. Ал эми татар сыяктуу чакан диаспоралардын өкүлдөрү жөнүндө ого бетер сөз болчу эмес.

Демек, бул китеп кайсы бир деңгээлде ошол өксүктү толтуруудагы зор саамалык болуп саналат.

Советтик Кыргызстанда жазыксыз жазалангандардын арасында мурдагы жадитчи агартуучулар, молдолор, ар кыл кесиптин ээлери, саясат менен иши жок карапайым татарлар да болгонун китептин авторлору ачык белгилешет.

Китептин тиркеме бөлүгүндөгү айрым инсандардын буга чейин архивде катылып келген жеке кагаздарынын фото көчүрмөлөрү да окурманга ошол сталиндик апаат доорду өз алдынча элестетүүгө мүмкүндүк жаратат.

Китепке алгы сөз жазган академик Абылабек Асанкановдун “репрессияга кабылган ар бир кишинин тагдыры бул инсандын коомдук, диний, этностук тегине карабастан” өзгөчө маанилүү экендиги тууралуу сөзү калетсиз деп ойлойбуз. Анткен, академик тарыхчы таасын белгилегендей, ар бир жарандык тагдыр аркылуу тоталитардык режимдин маңызын ачып берүүгө жана өлкөбүздүн болочокку эркин өнүгүүсү үчүн тарыхый акыйкаттыкты калыбына келтирүүгө мүмкүн.

Китептин авторлорунун бири, этнограф, тарых илимдеринин доктору, Татарстан ИАсынын чет өлкөлүк анык мүчөсү, учурда Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору болуп иштеп жаткан Аниса Риф кызы Бикбулатова өзүнүн доктордук диссертациясын Кыргызстандагы татарлардын этнографиясы жаатында ийгиликтүү жактаган.

Ал эми анын калемдеши Болотбек Жумаш уулу Абдрахманов – атпай журтка 1991-жылы жайында “Ата Бейит” эскерүү жайынын мурдагы ордундагы сталиндик доордогу жашыруун көрүстөндү ачуу, казуу жана андагы сөөктөрдү аныктоо иштерин жетектеген мурдагы чекист катары маалым.

1991-жыл 30-августта “Ата Бейит” эскерүү жайы расмий ачылган (бул көрүстөн да эскерүү жайынын аталышын жазуучу Чыңгыз Айтматов сунуштаган. Мында табылган жана кайра арууланып жайга коюлган 137 кишинин арасында анын өзүнүн атасы Төрөкул Жанузаковдун да сөөгү бар).

Айтмакчы, “Ата Бейитте” кайра арууланып жерге берилгендердин арасында татар тектүү үч жараныбыз бар (алардын ысымдары – Азиз Ахметжан уулу Алимов, Гариф Абдуллаев, Юсуп Каримов).

Профессор Төлөбек Абдырахманов «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары: (1920–1953-жылдар)” деген он томдуктун мукабаларын көрсөтүүдө.
Профессор Төлөбек Абдырахманов «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары: (1920–1953-жылдар)” деген он томдуктун мукабаларын көрсөтүүдө.

Тарыхчы Болотбек Абдрахманов кийин да тоталитардык режимдин курмандыктарын изилдөө иштерин улантып, 2020-жылы тарыхчы, профессор Төлөбек Абдрахманов менен бирдикте мурдагы КГБнын архивинде жашыруун сакталып келген документтердин маалыматтарына негизденген 10 томдук китеп жарыялаган.

(Караңыз: Абдрахманов Б.Дж., Абдрахманов Т.А. Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920–1953 жж.). 10 томдук. Бишкек: Бийиктик плюс, 2020).

Андан тышкары Болотбек Абдрахманов мырза куугунтуктоо системасынын тарыхына жана репрессиялангандардын тагдырына арналган дал ушул темага байланыштуу тарых илимдери боюнча доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. (Караңыз: Абдрахманов Б.Дж. Репрессивные меры карательных органов Кыргызстана в 30-е годы ХХ века. Причины и последствия: Автореферат дис... Бишкек, 2022).

Учурда Б.Ж.Абдрахманов "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин жетектеп келет.

Кыргызстанда репрессияланган татар тектүү жаран Азиз Ахметжан уулу Алимовдун сүрөтү. Кыргызстандык тарыхчылар, профессорлор А.Бикбулатова менен Б.Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 187-бети.
Кыргызстанда репрессияланган татар тектүү жаран Азиз Ахметжан уулу Алимовдун сүрөтү. Кыргызстандык тарыхчылар, профессорлор А.Бикбулатова менен Б.Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 187-бети.

Жаңы китептин калемдештери А.Бикбулатова менен Б.Абдрахманов көйгөйдүн башка өңүтүн да эскерте кетишет: 1920–1953-жылдар аралыгында репрессияланган жалпы 17 134 кишинин (бул ысымдар – он томдукка гана баткандар, андан тышкары да каттоого алына элек канчалаган тагдырлар бар!) ичинен 6 393 киши – кыргыздар (37,3 пайыз), 3 869 киши – орустар (22,5 пайыз), 1 839 киши – уйгурлар (10, 7 пайыз), 1358 киши – украиндер (7,9 пайыз), 1 138 киши – өзбектер (6,6 пайыз), 782 киши – немистер (4,5 пайыз) болгон.

Кыргызстанда репрессияланган Азиз Алимов тууралуу документтер. А.Бикбулатова менен Б.Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 198-бети.
Кыргызстанда репрессияланган Азиз Алимов тууралуу документтер. А.Бикбулатова менен Б.Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиялар (1920–1953-ж.): Татарлардын тагдыры» аттуу китебинин 198-бети.

Татарлардын бул он томдукта эскерилген 165 өкүлү жалпы сандын 1 пайызына жетпегени менен жалпы татар диаспорасы үчүн олуттуу жоготуу болгон (1939-жылы Кыргызстанда 20 017 татар байырлаган). Соттолуп, сүргүнгө айдалып же атылган татарлардын арасында бул диаспоранын каймактары да болгон эмеспи.

Демек, тарыхчылар Аниса Бикбулатова менен Болотбек Абдрахманов калемдешип жазган жана Казанда жарык көргөн илимий эмгек кыргызстандык татарлардын тарыхындагы кайгылуу барактарды илимий факттарга таянып ачып берген баалуу чыгарма болуп саналат.

Заманбап кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөөгө үлүш кошкон жана кыргыз эли менен чогуу мекенибиздеги жакшылыктарды гана эмес, жалпы тагдырлык азап-тозокту дагы бирге көргөн көп этностордун өкүлдөрү болгон жарандарыбыздын тагдырлары калыс жана адилет таразаланып иликтениши керектигин бул китеп таасын айгинелейт.

Блогдо колдонулган сүрөттөрдүн бир катары ушул жаңы китептен алынды: Бикбулатова А.Р., Абдрахманов Б.Дж. Политические репрессии в Кыргызстане (1920-1953): Судьбы татар / под ред. Т.К.Чоротегина. – Казань: Институт языка, литературы и искусства им. Г.Ибрагимова АН РТ, 2022. – 300 с. – ISBN 978-5-93091-451-1.

Авторлор бул жааттагы данакерлик изилдөөлөрдү андан ары улантышмакчы жана ар кыл муундардагы изилдөөчүлөрдү да бул жаатта үзөңгүлөш болууга чакырып келишет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG