Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

АКШ элчиси: Жаңы келишим эки тарапка тең мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтмек


Лесли Вигери.
Лесли Вигери.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери The Diplomat басылмасына берген интервьюда эки тараптуу кызматташтык келишиминин, Орусиянын Кыргызстан аркылуу санкцияларды кыйгап өтүү ыктымалдыгы, маалымат каражаттарынын абалы айланасында ойлору менен бөлүштү.

СТРАТЕГИЯЛЫК КЕЛИШИМДИН КЕЧЕҢДЕШИ

Интернет басылмасынын редактору Кэтрин Пуц адегенде эки мамлекет ортосундагы келишимдин кандай жагдайда жокко чыгарылганын эске салып, акыркы жылдары тараптар жаңы документти бекитүүгө жакындап калганын айтып келгенин жазган.

Элчи Лесли Вигери келишимдин статусу тууралуу суроого жооп берип жатып, көптөгөн чөйрөлөрдө, демократия, адам укуктары, энергетика, саламаттык сактоо жаатында кызматташтык уланып жатканын белгилеп, бирок тиешелүү стратегиялык макулдашуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтмек деп кошумчалады.

"Чынын айтканда эки тараптуу кызматташтык келишими дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, кызматташтыкты биз каалаган жана кыргыз тарап каалаганын айтып жаткандай кеңейтүүгө шарт түзмөк".

Вигери Кыргызстан документке даяр болгондо кол коёт деген АКШнын көз карашын ортого салды.

Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы кол коюлган. АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүнүн соңуна чейин камалган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго "адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн" сыйлык ыйгарганына байланыштуу кыргыз өкмөтү 2015-жылы стратегиялык документти бир тараптуу денонсация кылган.

Кийин жаңы келишим даярдалып жатканы кабарланып, бирок ошондон бери бул иш создугуп келет. Кыргыз бийлиги анын себебин техникалык маселелер менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл жыл башында бул жаатта иш жүрүп жатканын билдирген.

“Техникалык мүнөздөгү талкуулоону талап кылган бир катар маселелер болгон. Биз өзүбүздүн пикирибизди жөнөткөнбүз. Каралып жатат. Даяр болгондо, албетте, илгерилетебиз. Азырынча “бүгүн-эртең же быйыл жыл ичинде” деп так датасын айта албайм. Келишимдин биздин да, алардын да кызыкчылыктарына жооп бере турган деталдары макулдашылгандан кийин гана кол коюлат. Келишим эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп бергидей болушу зарыл. Азырынча иш жүрүүдө”.

Украинадагы уруш: Санкциялардын сабагы

Журналист Украинадагы согушка байланыштуу Борбор Азияга көп көңүл бурулуп жатканын, жакында "Азаттык" радиосу чыгарган иликтөө Кыргызстан өңдүү өлкөлөр эки максатта пайдаланчу товарларды Орусияга жөнөтүп жатканын ачыкка чыгарганын айтып, санкцияларды буйтап өтүү маселесине кызыккан.

Вигери АКШ Кыргызстанга согуштун экономикалык кесепетин жоюуда колдоо көргөзүп келатканын, азык-түлүк коопсуздугуна 1,5 миллион доллардай берилгенин айткан.

"Борбор Азиядагы экономикалык туруктуулук демилгесинин алкагында биз соода маршруттарын өзгөртүү, инвестицияларга дем берүү, Орусиядан көз карандылыкты азайтуу жолдорун караштырууга аракет көрүүдөбүз", - деген элчи АКШ кыргызстандык компаниялардын реэкспорту тууралуу кабардар экенин, маселе апрелде финансы жана соода министринин жардамчысы Бишкекке келгенде талкууланганын кошумчалады.

Дипломат Кыргызстанды жазалоо максат эмес экенин, болгону өлкө санкцияларды кыйгап өтүүчү жерге айланбашы керектигин, андай болсо, аброюна көлөкө түшөрүн түшүндүрүү зарыл деп эсептейт. Ал бул жагынан кыргыз тараптан айрым аракеттер байкалганын айта кетти.

Согуш жана санкция: Орусия Борбор Азияны кантип колдонууда?
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:29 0:00

"Азаттыктын" иши жана cөз эркиндиги

Интервьюда "Азаттык" радиосунун өкмөттүн кысымга кабылганы, жалпы эле сөз эркиндигинин абалы кеп болду.

Вигери бул маселе АКШны тынчсыздандырарын, мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лунун деңгээлинде талкууланганын айтты.

"Кыргыз өкмөтү "Азаттыкка" каршы арызынан баш тартып, алга жылат деп үмүттөнөм. Алар мындай кадамга барышабы же жокпу байкайлы", - деген Вигери.

Белгилей кетсек, элчинин бул интервьюсу жарык көргөндүн эртеси, 12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

Америкалык элчи жалпы медианын эркиндигине токтолуп, коомдук дипломатия, ЮСАИД аркылуу маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздаган түрдүү долбоорлордун алкагында иш жүргөнүн белгиледи.

Дипломат ошондой эле "чет өлкөлүк өкүл" мыйзамы да камтама жаратканын, Кыргызстандагы 18 миңдей бейөкмөт уюмдун айрымдары өзгөчө элет жеринде өкмөт кыла албаган кызматты көрсөтүп келатканын билдирди. Алардын кээ бирлерине АКШ жана башка донорлор колдоо көрсөтүүдө.

Жалпысынан Вигери эки тараптуу мамилелерде чоң көйгөйлөрдүн жоктугуна токтолду.

ЧЕК АРА CАЯСАТЫ

Кэтрин Пуц чек ара маселелерине да кызыккан. Американын өкүлү былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулар тынчсыздандырганын, Вашингтон тараптарды талаш-тартышты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырганын эске салды.

Ошол эле маалда Кыргызстан менен Тажикстан сырткы арачылардын жардамына анча дилгир болбогонун белгиледи.

Элчи Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын айрымдары үй камагына чыгарылганы оң жышаан болгонун, бийлик Кыргызстандын мыйзамдарын жана укуктук процедураларды сактап, ишти чукулунан териштирет деп үмүттөнөрүн айтты.

"Бошотууга мүмкүн болгондор, мыйзамга ылайык коё берилет, өкмөт тиешелүү укуктук жол-жоболорго, өлкөнүн мыйзамдарына жана процедураларына таянып кармалып жаткандардын иши сотто ыкчам териштирелет деп ишенебиз. Аларды сотсуз кармоо мүмкүн эмес", - деген Вигери.

Элчи ошондой эле Кытай менен Орусия Борбор Азияга АКШга караганда көбүрөөк кызыгарын, реалдуулук ушундай экенин белгилеп, Вашингтон өз кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет жумшарын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG